Бишкек: таштандыда жаткан уу заттар жана миллиондор

  • Абдыбек Казиев
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
таштанды

Сүрөттүн булагы, Влад Ушаков

Бишкектин экологиясы менен тазалыгы шаардык кеңештин шайлоосуна аттанган партиялардын эң башкы убадасына айланды. Ыш көйгөйү кышкысын катуу талкууланганы менен күн жылыгандан тарта унутта калгандай. Шаардын абасын булгаган өтө кооптуу булактардын бири жыл бою түтүнү өчпөгөн таштанды полигону.

Кеминде 40 гектар жерде үйүлүп, чирип, улам бир тарабы өрттөнүп шаардын таштандысы жатат. Анда темир-тезектен баштап, ит-мышыктын өлүгү, уу бөлүп чыгара турган зыяндуу калдыктардан бери бар экенин экологдор айтып эле келүүдө. Акыр-чикирге толгон бул жайда карга-кузгундун көптүгүнөн улам, айрымдар ал жерди "карга жайлоо" деп атап койгон.

Күнүнө Бишкектен кеминде миң тонна таштанды чыгарылып, дал ошол жерге төгүлөт. Жооптуу мекеме тоодой үйүлгөн таштандыны иштетүү колдон келбегендиктен Бишкектин казынасы жылына миллиондогон доллар кирешеден куру калып жатканын билдирди.

"Өнүккөн өлкөлөрдө мындай таштанды "алтын кениндей" эле саналат. Абдан көп киреше табышат. Биз ал үчүн таштанды иштетүүчү заводду курушубуз керек. Мен эсептеп көрдүм, Бишкек ушул эле таштандыдан жылына 8 миллион доллар киреше тапса болот. Бирок, менеджмент жок. Мен болгону полигондун директорумун. Мэр же шаардык кеңештин депутаты эмесмин. Ошондуктан бул маселе качан чечилет деген суроого жооп берүү мен үчүн абдан оор. Полигонго күнүнө 1000 тонна таштанды келет. Анын канчасы темир, канчасы айнек, кагаз, жыгач же желими деп эсептөөнү эми гана баштаганы жатабыз. Мындай талдоону 2012-жылы чехтердин компаниясы жүргүзгөн экен. Ошол бойдон калган. Мен бул кызматка келгениме эки айдай эле болду",- дейт санитардык полигондун жетекчиси Адиль Назаров.

Сүрөттүн булагы, Влад Ушаков

Бишкектин эски полигону аянты 40 гектардан ашуун жерди ээлеп жатат. Таштанды тоодой болуп кеткен соң шаар бийлиги ошол эле полигондон бир километрдей аралыкка экинчи полигонду уюштурууда. Анын аянты 28 гектар.

Таштанды жайын ирээтке келтирүү, андан киреше табуу идеясы азыр эле айтылып жаткан жок. Мындан бир нече жыл мурун көйгөйдү чечүү үчүн таштандыны ылгай турган завод курулаарын мэрия убада кылган. Ал тургай миллиондогон сомдук тендер да өтүп иш башталганы сөз болгон. Бирок ал жерге завод деп курулган курулуш кенедей эле бирдеме экенин, чыгымдар эселеп кымбат көрсөтүлгөнүн мурдагы шаар башчы Балбак Түлөбаев өзү да айткан жайы бар. Ал бир топ кемчиликтерден улам бул ишти текшертүү үчүн прокуратурага дагы кайрылган экен.

Балбак Түлөбаев дал ошол таштанды ылгай турган завод курулуп бүткөн күндө деле көйгөй толук чечилбейт, ал үчүн таштандынын өрттөп жок кыла турган "мешти" кошо куруу керек деп жатат. Ал андай ыкма менен ондогон жылдар бою топтолуп, ондогон гектар жерди ээлеп жаткан таштандыдан бир-эки жылда эле арылса болоорун айтууда.

"Муну чечүүнүн эч кандай баш оорусу деле жок. Ошол жерге таштандыны өрттөп жок кыла турган жайды куруш керек. Бир заматта көйгөй чечилет. Додо болгон таштандыдан эч нерсе калбай. Өрттөп, күйгүзүп салыш керек. Бүттү, көйгөй чечилет. Азыр ушундай технологиялар бар, ошол тоодой таштандынын түтүн чыгарбай туруп өрттөп салууга болот. Аны курууга кызыкдар тараптар, керек болсо өз каражатыбызга куруп салалы дегендер да бар. Буга болгону эрк керек",- дейт мурдагы калаа башчы Балбак Түлөбаев.

Бирок, ошол заводду курууга Түлөбаевге эмне тоскоол болду дегендер четтен чыгат. Экологдор Бишкектин таштанды жайы 364 күн бою уулу түтүн, каңырсыган жыт менен абаны, зыяндуу калдыктары менен жер кыртышын, аккан саркындысы менен жер алдындагы сууларды булгап жатканын айтып, коңгуроо кагып эле келе жатат.

Бишкектин таштанды жайы азырынча өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй айына алтын, күнүнө күмүш тапмак турсун шаардын экологиясын дагы далай булгай берчүдөй.