Коронавируска эмделген дүйнө лидерлери: Борбор Азиядагы кырдаал

Путин

Сүрөттүн булагы, Alexei Druzhinin/TASS

Кремль Орусия президенти Владимир Путин коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн кабарлады. Бирок анын кандай вакцина менен эмделгени айтылган жок.

"Путин коронавируска эмделди. Өзүн жакшы сезип жатат. Ал үчүн эртең кадимкидей эле толук жумушчу күнү болот",-деди басма сөз катчысы Дмитрий Песков жергиликтүү басылмаларга.

Орус лидеринин эмдөөдөн өткөн учурун сүрөт же видео аркылуу көрсөтүшкөн эмес. Дүйнөнүн башка лидерлери мындай кырдаалда өздөрүн кандай алып жүрдү?

Көптөгөн дүйнө лидерлери камера алдында тартынбай эле эмдөөдөн өтүшкөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Британ премьери Борис Жонсон AstraZeneca вакцинасы менен эмделген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

АКШ президенти Жо Байден түз эфирде Pfizer компаниясы иштеп чыккан вакцина менен эмделди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

АКШнын вице-президенти Камала Харрис Moderna компаниясынын вакцинасын алууну туура көрдү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили AstraZeneca иштеп чыккан вакцина менен эмделгени белгилүү болгон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Ин дагы AstraZeneca британ-швед компаниясы иштеп чыккан вакцинаны алды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

ТАР президенти Сирил Рамафоса Johnson & Johnson компаниясынын вакцинасын алды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Венесуэла президенти Николас Мадуро орусиялык "Спутник V" вакцинасы менен эмделди

Борбор Азия президенттери качан эмделет?

Январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө өзүнүн вакцинасын иштеп чыккандан кийин эмдөөдөн өтөөрүн айткан. Казакстан региондогу өз вакцинасынын үстүнөн иштеп жаткан жалгыз өлкө. QazCovid азыркы маалда ДССУ уруксаты менен үчүнчү баскычтагы сыноодон өтүүдө.

Казакстанда февралдан тарта коронавируска каршы жапырт эмдөө башталганы айтылган эле. Калкты эмдөөдө орусиялык Sputnik V вакцинасы колдонулууда.

Акыркы аптада Борбор Азия өлкөлөрүндө коронавируска байланышкан кырдаал оорлошуп жатат дейт адистер. Кечээ Казакстанда бир сутка ичинде 1101 жаңы учур катталып, он эки киши каза тапкан.

Тажикстанда коронавируска каршы массалык эмдөө башталаары белгилүү болду. Бул тууралуу президент Эмомали Рахмон 22-мартта билдирүү жасады. Өлкөгө БУУнун COVAX программасынын негизинде 192 миң доза Oxford-AstraZeneca вакцинасы келген.

Тажикстан аталган программа аркылуу калкынын 20 пайызын эмдөө ниетин билдирген. Президент өзү эмдөөдөн өткөн өтпөгөнү белгисиз. Бул тууралуу расмий кабарланган жок. Бирок "Азия+" интернет басылмасы өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары эмдөөдөн биринчилерден болуп өткөнүн жазды.

Тажикстан расмий түрдө орусиялык Sputnik V жана кытайлык CoronaVac вакцинасын каттаган. Эл кайсыл вакцинаны кааласа, ошону ала турганы айтылып жатат.

Өзбекстан болсо 1-апрелден тарта элди жапырт эмдөөгө киришерин билдирген. 17-мартта Ташкентке Oxford-AstraZeneca (660 000 доза) вакцинасынын биринчи бөлүгү жеткирилди. Шавкат Мирзиёев эл алдында ачык эле тартынбай эмдөөдөн өтөбү же жокпу, анысы белгисиз. Расмий эч кандай маалыматтар айтыла элек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө ушул аптада башталганы жатат. Соңку күндөрү вирус жуктуругандар көбөйүп жатканына тынчсыздануулар күчөдү. Акыркы суткада 115 жаңы учур белгилүү болуп, эки киши каза тапкан.

Коронавирустун бир дагы учуру катталбаганын айткан Түркмөнстан январда орусиялык эки вакцинаны жактырган эле.