Кыргызстанды чуу түшүргөн окумуштуунун Москвадагы көргөзмөсү: Тергөө комитети текшерет

body world

Сүрөттүн булагы, Sergei Savostyanov

Орусиянын Тергөө комитети Москвадагы кишинин дене түзүлүшү коюлган Body Worlds көргөзмөсүнүн уюштуруучуларын текшерүүнү буйруду.

"Бир катар басылмаларга коммерциялык көргөзмө тууралуу коомдук ишмерлер адеп-аклакка туура келбеген, коомду ачыктан-ачык сыйлабаган, диний сезимдерин кемсинтүү катары баалаган тескери пикирлерин айтышты. Ошондой эле коомдук сайттарда экспозицияны жабууну талап кылган петицияга кол чогултулууда",-деп айтылат мекеменин расмий сайтында.

Ошондуктан Тергөө комитети көргөзмө мыйзамдарга туура келеби же жокпу деп текшермек болду.

Body Worlds - дүйнөдөгү белгилүү көргөзмөлөрдүн бири. Анын түзүүчүсү немис анатому Гюнтер фон Хагенс. Биринчи жолу көргөзмө 1995-жылы Токиодо өткөн. Андан бери дүйнөнүн 50дөй жерине коюлду.

Убактылуу көргөзмөдөн тышкары Body Worlds туруктуу экспозициялары Лондон, Берлин, Амстердам сыяктуу бир нече шаарда бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Москвага болсо биринчи жолу ушул жылы келип, 12-мартта ачылган эле. Ошондон бери кезекте тургандар көп болууда

Москвага болсо биринчи жолу ушул жылы келип, 12-мартта ачылган эле. Ошондон бери кезекте тургандар көп болууда.

Ушундай пластинация болгон сөөктөрдүн көргөзмөсү аркылуу фон Хагенстин аты чыгып, байыды. Бирок чуулгандуу иштерде аты аталып калган учурлары жок эмес. Хагенс сөөгүн пластинация кылууну каалагандар өз ыктыяры менен көзү тирүүсүндө келишим түзөөрүн айтат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Фон Хагенс

Аны адамдын сөөгүн мыйзамсыз алат деп бир нече жолу айыпташкан. Маселен, 2004-жылы пластинация болгон сөөктөрдүн айрымдарында октон алган жаракаты бар деп Der Spiegel жазып чыккан. Кытай өлүм жазасы аткарылгандан кийин абактагылардын сөөгүн берет экен деген кептер тарап, ага далил таба алышкан эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Дин ишмерлери анатом дарыгерди маркумдарга урмат менен мамиле кылбайт деп айыптап, сөөктүн көргөзмөгө коюлушуна каршы жүрүштөрдү өткөрүшкөн.

2003-жылы өлүктөрдү пластинациялоо ыкмасын негиздеген Гюнтер фон Хагенс "адамдын денесинин көргөзмөсүнө Кыргызстандын атуулдарынын сөөктөрүн колдонгон" деген катуу чуу болгон. Ал өзү муну четке каккан эле.