Кыргызстан: коронавируска биринчи болуп министр эмделди

биринчилерден болуп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Биринчилерден болуп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделди

Кыргызстанда дүйшөмбүдөн тарта коронавируска каршы эмдөө башталды. Расмий маалыматтарга караганда биринчилерден болуп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкекте беш, ал эми Ошто эки эмдөөчү пункт ачыларын билдирди. Аймактар ичинен Чүй облусунун тургундары биринчи эмделет. Ысык-Ата жана Сокулук райондорунда эки эмдөө жайы ачылат.

Бекер вакцина менен алгач медиктер, андан кийин аба майдан, санитардык-көзөмөл бекет кызматкерлери, чек арачылар жана мугалимдер эмделет. Вакцина ошондой эле өнөкөт оорулары бар жана улгайган жарандарга сайылат.

Өткөн аптада Кыргызстанга COVID-19 вирусуна каршы Кытайдан 150 миң дозалык Sinopharm вакцинасы келди. Ал 75 миң адамды эмдөөгө жетет. Мындан тышкары Орусиядан "Спутник V" вакцинасынын 500 миң дозасы, ошол эле өлчөмдө AstraZeneca вакцинасы COVAX аркылуу алынып келинери күтүлүп жатат.

Жамиля Насирова пенсионер, эмдөөгө муктаж экени билет, бирок ал Кытайдан келген вакцинага анча ишенбей турат:

"Маселен, мен Кытайдан келген вакцинаны албайм. Анткени ага ишенбей турам. Кытай жабык мамлекет да, вакцина кандай максатта чыкты, ал канча сыноодон өттү, биз үчүн бул табышмак болуп атпайбы. Эгерде орустардын "Спутниги" же АКШ, Европанын вакциналары келсе, ишенимдүү түрдө алат элем. "

Бирок коранавируска каршы эмдөөдөн өткөн адамда кандайдыр бир реакциялар болсо, өкмөт менен Саламаттык сактоо министрлиги жоопкер болоору айтылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бишкек жана Чүй облустарында кайрадан вирус күчөп, Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүнчү толкун жана карантиндик чектөөлөр тууралуу эскерте баштады.

"Бишкек шаарында вирусту жуктурган жаңы учурлардын көбөйүшүн байкап жатабыз. Оорунун алдын алуу үчүн беткап кийүү, социалдык аралыкты сактоо, калк көп чогулган жерге барбоого чакырабыз", -деди Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова басма сөз жыйынында.

Ал тапта Кыргызстан калктын канча пайызында коронавируска каршы "жамааттык иммунитет" бар деген суроонун үстүндө эпидемиологиялык изилдөөнүн экинчи этабы жүрүүдө. Сурамжылоо март айында аяктап, апрелде жыйынтыгы чыгат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Былтыр июль-октябрь айларында жургүзүлгөн иликтөөнүн биринчи этабында элдин 30,8% коронавируска каршы антитулкусу бар экени аныкталган.

"Эгерде азыр элдин 50-60% коронавируска иммунитет пайда болуп калса, анда биз ошончо адамды азыраак эмдейбиз. 70% делген "жамааттык иммунитетке" жеткирип алууга оңой болот. Бул илимий изилдөө өтө маанилүү",- дейт Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө илимий борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов.

Бул иликтөөнүн жыйынтыгы өлкөдөгү жапырт эмдөө стратегиясына түзөтүү киргизүүсү да мүмкүн. (EKa)