Ишкер: Өзүбүз өндүрмөйүн арзанды күтпөгүлө

базар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы соңку үч-төрт айдан бери өсүп жатат. Айрым азыктарга баалар эки эсе кошулду. Covid-19 пандемиясынын кесепетинен колу жукарып турган элге бул оор сокку болду. Балдарынын кийилбей калган жарамдуу кийимдерин май, чайга айырбаштайт элем деген жарнамалар чыгууда.

"Кумшекер 30-мартта 64 сомдон ашты, 2020-жылдын мартында 43 сом эле. Азыр күн карама майы 162 сом болсо 2020-жылдын мартында 96 сом болгон. Картошка быйыл 34 сом болсо былтыр ушул убакта 24 сом болгон",- дейт Баалар статистикасы бөлүмүнүн башчысы Айнура Хакимова.

"Мунун эң негизги себеби биздин импортко болгон көз карандылыгыбыз. Болоор-болбос эле үлүшүн өзүбүз өндүрбөсөк калганын бүт сырттан ташып келип жейт экенбиз. Анан кантип кымбатчылык каптабасын? Малга байбыз дейбиз, бирок, эт менен да өзүбүздү камсыз кыла албайбыз. Этти кой, жумуртканын эң негизги бөлүгү бизге чет жактан келет экен. Башкасын айтпай эле койсом. Биз эмне тоок бага албайбызбы? Жок, маселе башкада. Бирөө тоок багып каражатын жумшап, убарасын тартып жатса, дагы бири чет жактан аныкынан эселеп көп жумуртканы аткезчилик менен арзан алып келип базарды ээлеп алат. Чыгымы менен убарасы араң-араң дегенде өзүн актаса ким иштейт? Сырттан азык-түлүктү аткезчилик менен ташыганды кан буугандай токтотуп, ички өндүрүшкө стимул бергенде биздин өндүрүшчүлөр анан ишке кирет. Ошондо жей турган тамак-ашыбыздын көп бөлүгүн өзүбүз даярдаганга үлгүрсөк сырттан коюлган баага, доллардын кунуна анчейин көз каранды болбой калабыз. Доллар жаман же импорт токтосун деген жерим жок. Доллар эң туруктуу валюта. Импорт мыйзамду болсун, аткезчилик токтосун дегенди айтып жатам. Мына ушул базар деп атабай эле турайын, борбордогу базарлардын бирине барсаңыз эки түрдүү азык турат. Бири мыйзамдуу келген, экинчиси аткезчилик. Ачык эле турат. Анан кантип ишкерге, өндүрүшчүгө оңой болсун?",-дейт Бишкекте азык-түлүк дүкөндөрүнүн бирин иштеткен жеке ишкер Аман Сейдакматов.

Өткөн жылы Covid-19 пандемиясынан улам чектөөлөр кирип, дээрлик кирешелүү тармактардын көбү иштебей турду. Өзгөчө кыргызстандыктардын басымдуу көпчүлүгү жан баккан тейлөө тармагы, курулуш, соода тармагы кирешеден кол жууду.

Дүйнөлүк банктын 2019-жылга карата маалыматы боюнча, ички дүң өндүрүмдүн киши башына көрсөткүчү боюнча рейтингде Кыргызстан 181 өлкөнүн ичинен 151-орунда аталган. Мунун өзү дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн 9 эсе артта экенин көрсөтөт. Өткөн бир жылда өлкөнүн ички дүң өндүрүмү 8,1% төмөндөгөн. Былтыр кызмат көрсөтүүлөр, курулуш, импорт төмөндөп, соода менен алектенгендердин (реэкспорт) кирешеси азайган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ички дүң өндүрүмгө карап экономиканын көлөмүн, өсүп же төмөндөгөнүн билүүгө болот. Анткени бул калктын жашоо деңгээлинин көрсөткүчү. Кымбаттоолорго карата өкмөттүк чаралар кандай болору белгисиз. Кечээ күнү парламент комитетинде ушул маселе талкууланары айтылып, бирок депутаттардын көпчүлүгү келбей койгондон улам өтпөй калды.

"Өкмөт казынадан акча бөлүп, чет жактан азык-түлүк ташып келип, арзан сатабыз деп жатат. Бул айла кеткендеги иш деп түшүнөм. Алар да таразалап көрүп ушундай чечим кабыл алгандыр. Бирок бул маселени чечүүнүн мыкты жолу эмес. Өкмөт эми өзү ташып келип, өзү сатабы, бизнес кылабы? Анда жеке сектор эмне болот?",-деп суроо салды ишкер Аман Сейдакматов.