Кош нике: кыз-келиндер эмне себептен экинчи аял болууга макулдук берет?

  • Наргиза Рыскулова
  • Би-Би-Cи, Бишкек
нике шакеги

Сүрөттүн булагы, Magerram Zeynalov

Кыргызстанда акыркы жыйырма жыл ичинде көп аялдуулукка ураксат берүү маселеси көтөрүлүп келүүдө. Мындай демилгеге кыргызстандыктардын көпчүлүгү каршы. Бирок ошентсе дагы өлкөдө кош никенин саны өстү. Сүйлөшө келгенде кайсыл бир таанышы ушундай никеде жашап жатканы тууралуу кеп кылгандарды арбын жолуктурабыз.

Белгилүү зер дүкөндөрдүн биринин жарнамасында каарман келин улуттук кийим кийген аялдардын арасында туруп: "Күйөөм мени баарыңардан артык сүйөт",-дейт. Алар бири-бирине күйөөсү белек кылган кооз зер буюмдарын мактанып, канааттануу менен белек берген кишинин мыкты табитине ыраазы болушууда. Үчөө күндөш - бир кишинин жубайы экенин дароо аңдоого болот.

Элүү жаштагы Зуля* бул жарнаманы көрүп мурдун чүйрүп жактырбай, бирок заматта көзүнө келген жашын аарчыды. Анын чачы кыска, жынсы шым жана эркектердикине окшогон ак көйнөк кийген. Кооз зер буюмдардан болгону колунда нике шакеги бар. Ал жарнамадагы кыз-келиндерден кескин айырымаланып турганы менен ортодо бир жалпылык бар - экинчи аял болуп жашап жатканына 15 жыл болду.

Экөө баш кошконго чейин болочок күйөөсү анын орун басары болуп иштечү. Зуля жолдошу үй-бүлөлүү экенине карабай бири-бирин жактырып калышканын айтат.

"Андан кийин балээнин баары башталды. Башында аялы менен ажыраша турганын убада кылып, кийин оорусуна байланыштуу деп чоюп жүрдү, анан балдарына шылтады, акырында ажырашууга башынан эле көңүлсүнбөгөнү белгилүү болду. Ал мезгилде менин боюма бүтүп калган эле",-дейт Зуля.

Ушундан көп өтпөй алардын никелешип алганы тууралуу жолдошунун биринчи аялы, эки тараптын тең туугандары билет. Тогуз ай жаңжал, териштирүү, каргыш менен коштолду.

"Бул тантыраган жарнамадагыдай төгөргү төп келген абал болоруна ишенбейм. Бул аялдардын экөөнө тең, балдарына дагы оор кесепетин тийгизет. Кимибизге өзгөчө жаман болорун айта да албайм",-деди Зуля.

Зулянын балдары атасын аптасына эки ирет көрөт. Калган мезгилде жолдошу биринчи үй-бүлөсү менен болот. Зуля болсо атасы кайдан экенин сураган эки баласына ар кайсыл ойдон чыгарылган шылтоолорду айтып келерин кеп кылды.

Сүрөттүн булагы, Magerram Zeynalov

Эки аялы тең бири-бирин жакшы тааныйт, бирок мурдагыдай эле бири-бирин жек көргөн бойдон кала беришти. Өзүнүн жашоодогу ийгиликсиз, бактысыз абалына Зуля никесин жана күндөшүн айыптайт.

"Эртең балдарым атасынын башка бүлөсү, балдары бар экенин бөтөндөрдүн оозунан угуп билсе эмне болот деген санаа мени тынчсыздандырат",-деди Зуля.

Юридикалык жактан Зуля күйөөсү үчүн эч ким эмес. Кыргызстанда көп аялдуулук мыйзамсыз. Теориялык жактан ага атайын жаза дагы каралган. Бирок алар үй-бүлө болуп ачык эле жашап жүрөт. Мүлктөрү, батир, автоунаа, Ысык-Көл жээгиндеги коттедждери жолдошунун атына катталган. Зулянын туугандарынын той-топурунда, жамандык-жакшылыгына чогуу барышат. Күйөөсүнүн туугандары Зуляны кабыл алган жок, албетте. Ошондуктан алар менен карым-катнаштары жок.

Кош нике - аялдардын укугу үчүн күрөш

Сүрөттүн булагы, Magerram Zeynalov

Мындай никелер диний жол менен гана бекитилет. Адатта ЗАГСтан баш кошкону тууралуу күбөлүк болгондо гана молдолор нике кыйат деп айтылган. Бул эрежеге көз жумуп койгон учурлар арбын. Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы буга комментарий берүүдөн баш тартты.

Никелешүү тууралуу күбөлүктүн жоктугу мүлктү каттоодо, балдарга жалпы документ кылууда көйгөй жаратат. Эгер ажырашып кетсе, аялы балдары үчүн алимент алуу укугуна ээ боло албай калат. Мына ушул аргументти айрым коомдук жана диний ишмерлер колко кылып, көп аялдуулукту мыйзамдаштырууга аракет кылууда.

Бул маселе 2002-жылы парламентте талкууланган. 2007-жылы көп аялдуулукка уруксат берүүнү ошол кездеги юстиция министри көтөрдү. 2016-жылы кайрадан парламентте талкуууланып, бирок аягына чыккан жок.

Демилгенин авторлору коомчулук алдында ачык эле билдирүү жасап, өздөрүн мисал тарткан учурлар болду. Айталы, маркум мурдагы муфтий, өлкөдө өтө кадыр-барктуу, таасирдүү динаятчы Чубак ажы Жалиловдун бул тууралуу айткандары YouTube-каналына жүктөлгөн.

"Экинчи аялым Түркияда бала багып иштеп жүргөн, күйөөсү өтүп кетип жесир калган 30 жаштагы келин. Мен кыздарды Кытайга, Түркияга, Орусияга жибербегиле деп айтып келем. Үйлөнгөнгө ниетим жок эле, бирок мен өзүм элге үлгү болуп берейин дедим. Мен баштабасам, анда ким баштап берет? Колунан келген эркектерге үйлөнсүн деп айтам. Кээ бир учурда биринчи аялдар капа болуп, мени бага албай жатасың дешет. Ырыскы эки адамга да жетет. Биздин кыздарыбыз талаалап жүрөт, ошолорду көргөндө намыстанабыз. Кыздарыбыз кор болбогон жер калган жок. Ошондуктан күйөөңөр экинчи аял алганга жарай турган болуп колунан келсе, бир аз кызгангыла, ыйлагыла, бирок көчөгө чыгып жиндилик кылбагыла. Бардыгы ордуна келет, бул биздин элибиздин салтында бар",-деген маркум Чубак ажы Жалилов жергиликтүү басылмаларга берген маектеринин биринде.

Ушул сыяктуу чуулу окуя үч жыл мурун мурдагы муфтий Рахматулла Эгембердиевге байланыштуу болду. Ал интим видеосу тарап кеткенден кийин муфтийликтен кетүүгө аргасыз болгон. Өз дарегине айтылган айыптоолорго жооп кылып муфтий ал келин менен төрт жылдан бери никеде экенин билдирген эле.

Адатта мындай моюнга алган учурларда коомчулук сын-пикирлерди жаадырат. Бирок жактап сүйлөгөндөр да табылат. Көп аялдуулукка уруксат берүү керек дегендердин бири коомдук ишмер, мурда журналистка тармагында эмгектенген Назира Бегим. Ал ушундай петиция аркылуу президентке кайрылып, пикирлештерин чогултуп төгөрөк үстөлдөрдү уюштурган.

Бегимдин пикиринде ушундай жол аркылуу үй-бүлө зомбулугун (анын логикасы боюнча чыныгы мусулман эркек аялына кол көтөрбөйт - агресивдүү алкоголиктин биринчи жубайы болгончо кудайга ишенген кишинин экинчи аялы болгон артык), сойкулукту жок кылууга болот.

Назиранын негизиги аргументи - улутту сактап калуу. Бегим чет жерликтерге эмес, кыргыздарга турмушка чыгууну жана аялдын негизги ролу - эне болуу экенин пропаганда кылат.

"Жеке керт башынынын кызыкчылыгы жана жөндөн жөн эле кызгануу" кыргыздар үчүн жарамсыз сапат дейт ал. Анын YouTube эфирлеринин алдына колдоп пикир жазгандардын көбү негизинен эркек кишилер.

Көп аялдуулук кимдерге мүнөздүү

Сүрөттүн булагы, Magerram Zeynalov

Кыргызстанда кош никелердин статистикасы жок. Анткени мындай никелер эч бир жерде катталбайт. Акыркы жылдары ишенимдүү көз карандысыз иликтөө болгон эмес. Бир гана БУУНун Балдар фонду 2014-жылдан берки абалга баяндамасы бар. Анда 15-49 жаштагы кыргызстандык кыз келиндердин 0,9% ушундай никеде турганы көрсөтүлгөн.

Би-Би-Си кабарчысы макалага каармандарды издеп, тааныштарынан сураштырып жүргөндө алардын бири таякеси экинчи аял алганын укканда жеңеси нервтен ооруп калганын айтып берген. Дагы бир жакын тууганы эки аял менен жашаганын айткан. Үчүнчүсү, 27 жаштагы кыз өкүл атасынын эки аялы бар экенин укканда таң калганын кеп кылган. Бирок каармандардын өздөрү менен жолуктурууга эч кимиси макул болгон жок.

2017-жылы көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу демилгеси көтөрүлүп жатканда эки сурамжылоо өткөрүлгөн. Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын жана БУУнун фонду жүргүзгөн сурамжылоодо кыргызстандыктардын 20% дан ашыгы кош никени колдошоорун айтса, респонденттердин дээрлик 27% туугандары менен тааныштарынын арасында көп аял алгандар бар экендигин айтышкан.

Бул боюнча иликтөө жүргүзгөндөр, анын ичинде БУУ көп аялдуулук кыргыз коомунда барган сайын кеңири жайылып баратканын белгилейт. Анын себептери бир топ жана диндин ролу да бар.

"Советтер союзунун ыдырашы, тагыраагы андан кийинки экономикалык кризис жана коммунисттик идеология жана адеп-аклактын бузулушу сыяктуу көрүнүштөр башкалар менен катары эле кыргыз коомчулугундагы көп аялдуулукту нормалдаштырууга алып келди",-дейт бул маселени маселени 2013-жылдан бери изилдеп жүргөн Вермонт университетинин профессору Мишель Коммерсио.

Коммерсионун байкоосунда кош нике айылда дагы, шаарда да кезедешет. Экиден аялды байлар жана орточо жашангандар деле алган учурлар бар.

"Аялдар көп учурда күйөөлөрүнөн экономикалык жактан көз каранды болгон үчүн, же болбосо кандайдыр бир мүлккө ээ болуу максатында, үй-бүлөө күтүү, бала-чакалуу болуу үмүтү менен дагы экинчи аял болууга макул болушат,-дейт изилдөөчү. - Адатта, экинчи аял үчүн өзүнчө турак-жай сунушташат. Эки аял бир үйдө жашабайт".

Көп аялдуулук ар кайсыл деңгээлде Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө - Таджикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстанга дагы тараган.

Кылмыш иши жана шариат

2019-жылы катуу талаш-талкуудан соң Кыргызстандын кодексине өзгөртүү киргизилип, кош нике үчүн эркинен ажыратуу жазасы алып салынып, акчалай айып пул (30 миң сомдон башталат) же коомдук иштерге чегерүү жазасы киргизилген.

Сүрөттүн булагы, Magerram Zeynalov

Эки жылга эркинен ажыратуу беренеси менен мурда-кийин эч ким соттолгон эмес эле. Бул берене менен жоопко тартуу аракеттери мурдагы президент Курманбек Бакиевге байланыштуу болгон. 2010-жылдагы Апрель окуяларынан кийин экинчи аялы менен өлкөдөн качып чыгып кеткен мурдакы президент Беларуста баш калкалап келет.

2018-жылы өкмөт соңку беш жылда кош нике боюнча беш гана кылмыш иши козголгонун айтканы бар.

32 жаштагы Айдай* экинчи жолу турмушка чыкканда үй-бүлөлүү киши менен никеге турганын айтып берди. Биринчи жолдошу ичкиликке жакын болгон үчүн ажырашып кеткенин, кийинкиси динди бекем карманган киши экенин кеп салды.

Алар диний жол аркылуу эле никелешип алышкан. Эки үй-бүлөсүн тең бага алам деп айтып, дин жолунда көрсөтүлгөн эрежелерди карманарын убада кылган. Бирок баары башкача болду дейт Айдай. Күйөөсү аны кызганып, баскан-турганын көзөмөлдөп, туугандары жана биринчи аялы болсо аны коркута баштаган.

Сүрөттүн булагы, Magerram Zeynalov

"Күйөөм каралашпай, бизди таштап Орусияга кетип калганын түшүнгөндө, милицияга арыздандым. Аны "көп аялдуулук" үчүн айыптап, жазага тартууну өтүндүм. Бирок алар мындан баш тартып, буга далил керек дешти. Албетте, менде эч кандай далил жок эле, нике тууралуу күбөлүк, же биринчи жубайы тарабынан түшкөн арыз жок".

Айдай башынан өткөндөрү тууралуу жергиликтүү телеканлдардын бириндеги ток-шоудо айтып берген. Жүзүн таанып калбаш үчүн беткап тагынып чыгып, интервью берген. Көрсөтүү ободон чыккандан кийин анын дарегине коркутуулар, маказактоо, айыптоо, басынтуу болду.

Шариат эгерде эркек баарына бирдей акыйкат, тең мамиле кылып, аларды камсыздай алса, төрт аял алууга чейин жол берет дейт Айдайды экинчи аялдыкка алган Таалай.

Сүрөттүн булагы, Magerram Zeynalov

"Чынында менде кайра үйлөнүү тууралуу ниетим болгон эмес. Бул Кудайдын буйругу менен болду. Айдай менен капыстан таанышып калдык. Анын биринчи никесинен балдары бар экен. Аларга жардам берейин дедим. Андан кийин колун сурадым, анткени исламда дин жолуна ээрчиткен абдан жакшы нерсе. Айдай менен балдарын ушунтип куткарайын дегем".

Эмне үчүн биринчи аялыңызга бул тууралуу айтпадыңыз деген сурообузга Таалай тарыхтан мисал тартып жооп кылды.

"Биз, кыргыздар Советтер союзунун учурунда динден тышкары өтө узак жашадык. Буга чейин бул кантип ишке ашарын билбей калдык. Кош нике түшүнбөгөн караңгы адамдарда текскери пикирди жана талаш-тартышты жаратат. Ошондуктан ар нерсенин өз убактысы бар деп чечтим. Акырындык менен аялымды психологиялык жактан даярдап, анан билдиргим келди",-дейт ал.

Таалай экинчи аялы Айдай "интриганка жана аферист" болуп чыкканын, кызганычка алдырып, биринчи аялынын номерин таап туруп, баарын жазып салганын кеп салды. Биринчи аялы балдарын алып үйүнөн кетип калган.

Бирок ошого карабастан Таалай кош никени туура деп эсептейт. Анын айтымында кош никеде бактылуу жашап жүргөн тааныштары көп эле. Аялдары бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылып, камыр-жумур эле жашап жатышат дейт ал. Бирок анын айткандары менен аялдар менен иш алып барган кайрымдуулук уюмдары макул эмес.

"Бизге алданып калган жаш кыз-келиндер көп кайрылат. Алар көчөдө калып, документи жок, зомбулукка кабылгандар. Барар жери жок болгон үчүн бизге кайрылат. Мамлекеттик органдарга күйөөсү таштап кеткенин, алимент төлөшү керектигин далилдей алышпайт",-дейт "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова.

Сүрөттүн булагы, Magerram Zeynalov

Айдай дагы "Сезимге" кайрылып, бирок төрт баласы менен ага орун табылган эмес. Ага психологдордун жардамын алып берүүгө убада кылышкан.

Кош никеге алып келген жагадайлардын бирин миграциянын агымынан дагы көргөндөр бар.

"Ажырашкандан көрө жакшыраак"

30 жаштагы Динаранын* жолдошу пандемия маалында дагы миграциядан үйүнө кайтып келген эмес. Күйөөсү Мирбек* менен түтүн булатканына 12 жыл толду, аны үч жылдан бери көрө элек. Динаранын айтымында, алар эки жылга жетпеген убакыт гана чогуу жашаган. Алардын ортосунда эки бала бар. Жолдошу чет жерде эмгек миграциясында жүрөт. Мындан үч жыл мурун Динара Москвада Мирбектин башка үй-бүлөсү бар деп уккан.

Күйөөсү муну моюнуна алып, бирок экөө менен тең эле жашай берерин айткан. Муну Динарага түшүндүрүүгө аракет кылган.

Сүрөттүн булагы, Magerram Zeynalov

"Баары бир үй-бүлөсүнө кайрылып келет деп үмүттөндүм. Кайын журтум дагы чыдап тур, силерге кайрылып келет дешти. Балдарымды кайын энем тарбиялап жатат. Неберелерине үйрүлүп түшүп жакшы көрөт жана менин таламымымды талашат. Күйөөң кайтып келет сага дейт ал дагы".

"Бирок анын келишине көзүм деле жетей калды. Ошентсе дагы үй-бүлөлүү аял ажырашып кеткенден көрө жакшы",-деп кошумчалады Динара.

Консервативдүу кыргыз коомунда ажырашууга азырга чейин сын көз менен карашат. Ошондуктан көпчүлүк аялдар кандай болгондо дагы үй-бүлөнү сактап калууга аракет кылышат. Айрымдар кош никеге дагы аргасыз макул болушат.

*Каармандардын өтүнүчү менен ысымдары өзгөртүлдү