Шайлоодо талапкер көп: жергиликтүү кеңеш эмнеси менен маанилүү?

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен референдум 11-апрелде өтөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен референдум 11-апрелде өтөт

Бишкек шаардык кеңешине бир мандат үчүн 40 киши ат салашууда. Активдүүлүк быйылкы шайлоодо өзгөчө жогору. Бир орунга 5-6 киши күрөшүп жаткан райондор бар. Жергиликтүү кеңештердин олуттуу чечимдердин кабыл алынышында салмагы кандай?

Жергиликтүү шайлоого ат салышуу жараянын жигердүүлүк деп оң баалагандар менен катар талапкерлердин көптүгү алардын сапатын көрсөтпөйт деп сындагандар бар.

Мисалы, Бишкекте жаш, буга чейин аты таанымал эмес саясий партиялар "ат майданга" чыга келди.

"Бишкек шаардык кеңешине ат салышып жаткандардын арасынан 3-4 эски партия бар. Көбү жаңы, анын ичиндеги талапкерлер жаңы жүздөр жана жаштар. Талапкерлердин 50 пайыздан ашыгы 40 жашка чейинкилер десем болот. Шайлоого жигердүү катышып жатышканы абдан жакшы. Анткени, биринчиден, бул жоопкерчилик. Экинчиден, эл өз бийлигин колдонуп жатат. Баш мыйзамда бийлик элдики деп жазылган", - деген пикирин айтты Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова.

Боршайком билдиргендей, шайлоолорго кете турган чыгым 425 млн сом деп саналган.

Республика боюнча алганда бир мандатка орточо 2,5 талапкер ат салышууда. Бирок активдүүлүк райондордо, айрым айылдарда да байкалат. Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон шайлоо округунда 10 мандатка 54 киши күрөшүп жатат, 12си аял.

Жергиликтүү кеңештерге аялдарга 30% квота берген мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Кыргызстанда мындай мыйзамдын өтүшү айрым топтор тарабынан кубатталып, жалаң эркектер кабыл алган чечимдерге караганда аялдар башка, айрыкча социалдык маселелерди сүрөйт деген пикирлер айтылган. Андан бери биринчи жолу көп кеңеш жаңы шайланганы жатат.

БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы шайлоолорго көмөктөшүү долбоорунун эксперти Догдургүл Кендирбаева эмне үчүн аялдардын жергиликтүү кеңешке келиши маанилүү экенин мисал менен түшүндүрдү.

"Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директору Максат Курманалиевдин келинчегинин тажрыйбасын анализдедим. Келинчеги өзү минтип айтып жатат: күйөөм облустук адинистрацияда бөлүм башчысы болуп иштеп жатып уй саап берсе, кокуй, эл эмне деп айтат деп уялчумун. Келин өзү да өнүгүү багытындагы тренингдерден өтүптүр. Үй-бүлө болууга бирге умтулуп, маселени бирге чечүү, баланы бирге тарбиялоо боюнча программадан өтүшкөн. Эми жолдошу "сен шайлоого бар, мандатыбыз болбосо айыл жериндеги билим берүү маселелерин чече албай жатабыз" дептир", - деди Кендирбаева Би-Би-Сиге.

Бишкек жана Ош сыяктуу ири шаарлардын депутаттары калаа башчысын шайлайт, чоң шаардын бюджетин бекитет жана башка. Ал эми жергиликтүү кеңеш эмне үчүн маанилүү, мисалы, депутаттар айлык албай акысыз иштейт.

Өзгөн районундагы Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы Бактыбек Тургунбаев айылда да талапкерлер быйыл жигердүү экенин айтууда. Ал айыл жеринде депутаттар жергиликтүү көйгөйдү ичтен билген кишилер болоорун, өз айылына чын дилден кызмат кылаарын белгиледи.

"Биздин айылдын сегиз мандатына 17 киши ат салышып жатат, - деди Тургунбаев. - Талапкерлер өзү жашаган жердеги жашоонун жакшырышына аз да болсо салым кошкусу келет. Мандатың болсо катардагы тургундарга караганда мүмкүнчүлүгүн көбүрөөк болот. Өкмөттүн жылдык бюджетин бекитет, анын жумушун көзөмөлдөйт, уюштуруу иштеринде, кайсы бир маселе боюнча элге түшүндүрүүдө көмөктөшөт. Айылдык депутаттар жергиликтү бийлик менен элдин ортосундагы байланышты бекемдеп турат".

Өлкө боюнча 420 айылдык жана 28 шаардык кеңеш куралганы турат. Айылдык кеңештердеги 7560 мандатка 18772 киши катталган, 5300ү аялдар.

Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандатка 25 партиядан 1820 киши талапкер.

Көпчүлүк кеңештердин мөөнөтү бүтсө, айрымдары пандемияга байланыштуу убактысынан ашып иштеп жаткан. Алар төрт жылга шайланат. 11-апрелде өтчү шайлоодо Баш мыйзам референдумуна кошо добуш берилет.