И.Исаков кыргыз-өзбек чек ара сүйлөшүүлөрү боюнча билдирүү таратты

карта

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Мурдакы коргоо министри жана коопсуздук кеңешинин мурдакы катчысы генерал-лейтенант Исмаил Исаков чек ара тактоо маселеси боюнча Ташкент протоколун улуттук кызыкчылыкка жооп бербейт деп билдирүү таратты. Би-Би-Си генерал менен байланышты. Бирок И.Исаков чек ара боюнча пикиринин баары билдирүүдө айтылганын жүйөө кармап, маектешүүгө макул болгон жок.

"Ташкент 2001-жылдан бери ишке ашыра албаган суу ресурстарыбызды толук көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүн алды",-деп белгилейт Исаков кайрылуусунда.

"Кемпир-Абад суу сактагычы курулгандагы келишим боюнча Бүргөндү массивине чейин 149 км канал куруп, анын негизинде бизде 20 миң гектардан көп сугат жерибиз пайда болмок. Ал жерди сугаруу үчүн канал аркылуу 227 млн куб.м сууну суу сактагычтан алып турмакбыз. Эгерде 20 миң га жерге биз буудай эккенде, жогорудагыдай эсеп менен жылына наркы 12,5 млн долларлык, 50 миң т, 42 жылда 525м лн долларлык, 2,1 млн тонна буудай өндүрмөкбүз. Андан башка, Өзгөн, Кара-Суу райондорунун кээ бир айылдарында жер астынан суу чыкпас үчүн, коллектордук-дренаждык системаларды курмак. Тилеке каршы, өзбек тарап, алардын бирин дагы бүгүнкү күнгө чейин аткарышкан жок. Болгону, кара топурактуу, эгин эккенге эң ыңгайлуу 5,731 га биздин жердин ордуна, алар 4,127 га таштак, суу чыкпаган, эгинге пайдасыз Бонитеттик сапаты боюнча 43-61 баллдуу жерлерден бөлүп-бөлүп ар кандай участкалардан "беришиптир" (комиссия түзүп, качан, кайсы участокторду бергенин текшерүү зарыл), 1,604 га жер компенсацияланбай, бизге берилбей калган экен. Андан башка, плотинанын проекти боюнча 906,5 м бийиктигин, 1984-жылы биздин уруксатсыз, өз алдынча 908,5 м көтөрүшүп (плотинанын бийиктиги 2 м көтөрүлгөндө), кошумча биздин 269,5га эгиндик жана 7,5 га көп жылдык өсүмдүктүү жерибиз суу алдында басылып калган. Компенсацияланбаган жана суу астында калган жерлер 2,518 га түзүп, коллектордук-дренаждык системаны салбагандыгынын кесепетинен Өзгөн, Кара-Суу райондорунун (Кароол, Куршаб, Баш-Дөбө, Төрт-Көл, Жылалды, Жаңы-Арык жана Савай) айылдык аймактарында жалпысынан 5,028,4га жер сазга айланып, жерден туз чыгып, айыл чарбалык ишке жарабай, жылына жогоруда "буудай эквиваленти" менен эсептелгенде биз 4,7 млн доллар, акыркы отуз эле жылдын ичинде 141,5 млн доллар зыянга учурадык. 800гө жакын турак үй бүгүн авариялык акыбалда, канчалаган жарандар оорулуу болуп, кээ бирлери үйлөрүн таштап кетишти, орто эсеп менен турак үйлөр боюнча эле биздин өкмөттүн адистеринин 2018-жылдагы эсебинде, 210 млн долларлык зыян тарттык",-деп белгилеген.

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мурдакы коргоо министри жана коопсуздук кеңешинин мурдакы катчысы генерал-лейтенант, Исмаил Исаков

Ошондой эле "союз мезгилиндеги республикалардын ээлешкен аймактарын тааныйбыз, чек араларын бузбоого кепилдик беребиз" деген эл аралык декларацияларга (Алма-Ата, Минск, Москва) жана "Достук", "Түбөлүк достук" келишимдерине (14.03 1991-ж, 24.12 1996-ж, 10.01.1997-ж) карабай, өзбек тарап 90-жылдардын аяктарына чейин делимитациялоо иштеринен мурда, биздин кээ бир участокторду кошуп алуу менен "демаркациялык" (тикенек зым менен тосуу, траншеяларды казуу) иш-чараларды зордук-зомбулук жолу менен биздин суранычка, ыйга, көз жашка, азап тартканыбызга карабай бир тараптуу жүргүзүшкөндүктөн, биз бул жактан дагы миллиарддаган сомдук, орду толгус зыян тарттык" деп айтылат Исаковдун билдирүүсүндө.

Ушундан улам кыргыз бийлиги сырттан алынган насыяларга бир катар айланма жолдорду салганын мисал тарткан. Соңку чек араны аныктап тактоо иштериндеги мүчүлүштүктөр тууралуу айткан генерал Исаков "улуттун кызыкчылыгына жооп бербеген комиссиянын Ташкенттеги протоколун жокко чыгаруу зарыл" деп белгилейт.

"Туура, мурункуларга караганда активдүү иш башталды, "күпүлдөгөн" сүйлөшүүлөр жүрдү, бул чындык. Мурункулардын жетишкендиктери суу сактагычтарды (Орто-Токой) жана жерлерди (Үнкүр-Тоо, Гава-Сай) бербей кайрадан өзбүзгө ала баштагандыгы. Эми азыркынын жыйынтыгын салыштырып көрбөйлүбү? Кыргыз эли адилетүүлүкө жеттиби?",-деп суроо салат И.Исаков. "Катаны кетирдик, азыр дагы кеч эмес аны оңдоо жолдору бар" деп бир катар сунуштарды берген.

24-25-мартта Ташкентке Кыргызстандын УКМК төрагасы К.Ташиев баштаган делегация чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөттүк делегациянын соңку сүйлөшүүлөрүнөн кийин "чек ара маселеси 100%" чечилгени кабарланды. Бирок сүйлөшүү тыянактары кыргыз коомунда курч талкууларга жем таштаган. Ошондон улам өкмөт жер-жерлерге барып, өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинини жыйынтыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

К.Ташиев сүйлөшүүлөрдүн жалпы жыйынтыгы боюнча айтып жатып, 13 миң гектар талаштуу делген жер Кыргызстандын пайдасына чечилгенин белгилеген.

"Союз учурунда көп жерлерди бере беришкен экен биздин айрым жетекчилер. Ошентип олтуруп Гавасайдан 19 миң 200 гектар өтө чоң жерди берип салган экен. Ал жерде азыркы күнгө чейин кыргыздар жашаган беш айыл бар. Алар билбейт, бул жерлер өтүп кеткенин. Ошолорго биз 8 миң гектар жерди алып бердик. Эми алар үйлөрүнөн көчпөйт. Эсиңерде болсо ошол жерлерде ок атылып, чек ара чатактары чыккан. Кемпир-Абад суу сактагычынын эсебинен 8 миң гектар жерди алып бердик",-деп айткан эле К.Ташиев.

Азырынча өкмөт И.Исаковдун кайырлуусуна комментарий бере элек.