Дыйкандарды убайымга салган күйүүчү майдын баасы

трактор

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда апрелде күйүүчү майдын баасы дагы 6-9% кымбатташы күтүлүүдө. Бул биринчи кезекте жазгы талаа иштери менен алек фермер-дыйкандарга оорчулук жаратты.

Кыргызстанда апрелде бензин баасы кеминде элүү, ал эми дизелдин наркы кырк беш сомго чыгат делип жатат. Бул маселе биринчи кезекте фермерлерди түйшөлтүүдө.

Чүй облусундагы жер иштетип, пайда тапкан ишкерлердин бири Манас Саматов Би-Би-Сиге буларды айтып берди.

"Дыйкандардын негизги көйгөйү күчүүчү май, үрөн жана импорт болуп жатат. Мисалы, кызылчаны алалы. Күйүүчү май, дизмай отуз сом болгондо деле бир килограммы үч сом он тыйын эле. Күйүүчү май кымбаттаган менен анын баасы азыр деле ошондой калууда. Биздин кирешебиз өзгөрүүсүз калды, бирок чыгашабыз өсүп жатат. Эки түрлүү тракторубуз бар. Германиядан алынып келинген тракторлор бир гектар жерди айдоо үчүн 11 литр дизмай колдонот, ал эми Беларустан алып келген трактор 22 литрге чейин сарптайт. Мурда биз аларды отуз сомдон алсак, азыр кырк үч сом болуп кетти".

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын дээрлик 90% Орусиядан келет, андыктан дыйкандар бир эле булакка көз каранды болбой, аны башка жактан ташып келүүнүн альтернативдик жолдорун табуу керек дешет.

Монополияны жөнгө салуу агенттиги чийки мунайдын кымбатташы биринчи кезекте дүйнөлүк рынокко, андан кийин барып Орусиядагы базардагы акыбалга байланыштуу деп түшүндүргөн.

Учурда күйүүчү майдын баасы түштүк облустарында кымбатыраак болуп, литри кырк беш сомго чыгып кетип атат, ал эми Ысык-Көл, Нарында арзаныраак болуп жатат.

Өткөн жумада Жогорку Кеңеште депутат Эмил Токтошев, дыйкандардын бул көйгөйүн көтөрүп, өкмөткө деген сунуш киргизди:

" Дыйкандардын негизи көйгөйү эле күйүүчү май. Өкмөт дыйкандарга чындап жардам берем десе, атайын бир квоталап, баасын түшүрүп бериңиздер. Өкмөт өз программасында күйүүчү майдын баасын жок дегенде эки айга дыйкандарга квоталап берип, сырттан мунай ташыган монополисттер менен сүйлөшүшү керек".

Сүрөттүн булагы, Gov kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Быйыл жазгы талаа иштери жылдагыдан эрте башталды

Нефтрейдерлер ассоциациясы жыл сайын Айыл чарба министрлиги менен меморандумга кол коет. Ага ылайык, аталган бирикме дыйкандарды арзаныраак күйүүчү май менен камсыздоого милдеттенме алат.

"Айыл-чарбада иштеген ишкерлерге айтып атабыз. Биз быйыл деле дүң баалардан кырк тыйынга арзаныраак күйүүчү май менен камсыздап беребиз. Өлкөгө жылына болгону 115 миң тонна керек экен, анын жарымы жазгы талаа иштерине, калганы күзгү жыйын иштерине керектелет. Биз аларды толугу менен камсыздап беребиз деп кепилдик алганбыз. Өзүбүздүн базалардын адрестерин жазып, губернатор, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бергенбиз. Алар дыйкандарга бул маалыматты жеткириши керек. Алар келип чийки майдын литрин дүң баадан крк тыйынга арзан ала алышат",- деген эле буга чейин Нефтрейдерлер ассоциациясы аткаруучу директору Канат Эшатов.

Премьер-министр Улукбек Марипов буга чейин өзүнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу майларга болгон баанын өсүшү боюнча түшүндүрмө берген.

Ал дүйнөлүк масштабда чийки мунайга баа 31% өскөнүн, Орусиянын өзүндө да күйүүчу май кымбаттап жатканын жүйөө кылган. Ошондой эле мунай продуктуларын ЕАЭБ аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салган эле.

Бирок бул чара жетиштүүбү? Рыскүл Акимжанова жергиликтүү ишкерлерден. Ал негизинен айыл-чарба азыктарын консервалап дүңүнөн соодалайт:

" Бир гектардын жерди иштетиштин өзү эле күйүүчу майдын азыркы баасы менен беш миң тогуз жүз сом болуп калат экен. Бул жазгы эле иштерге кеткен чыгым. Башка чыгымдарын айтпай эле коеюн. Анан ошончо чыгымдан кийин дыйкан күзүндө ошончи кире ала алабы? Эми арзан сатабыз деп атышат, ал бир миң сомдон 150 сом жеңилдик болгондой эле болот".

Өлкөдө калктын 70% элетте жашагандыктан, көпчүлүк дыйканчылык жана мал чарбачылык менен алектенишет. Күйүүчү майдын кымбаттыгы же тартыштык маселеси жыл сайын дыйкандарды убайым салган маселелерден. (EKA)