Күндүн трагедиясы сүрөттө: "Айзада, Бурулай жана башка миңдеген кыздар..."

кыздын сүрөтү

Сүрөттүн булагы, Татьяна Зеленская

Кыргызстандык сүрөтчү Татьяна Зеленская 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланышкан иллюстрациялык сүрөт тартып, коомдук сайттагы баракчасына жайгаштырды.

"Айзада, Бурулай жана миңдеген кыздар кыйкырбагыла, суранбагыла, милицияны чакырбагыла. Силерге жардам бербейт. Силерди куткара алышкан жок, анткени ага аракет дагы кылышкан эмес",-деп жазды Татьяна Зеленская.

Сүрөттүн булагы, Татьяна Зеленская

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сүрөтчү Татьяна Зеленскаянын буга чейин дагы аялдарга карата зомбулук окуяларына арналган сүрөттөрү менен белгилүү

Ала качууга кабылып, киши колдуу каза тапкан 27 жаштагы кыздын өлүмү коомчулуктун үрөйүн учуруп, милициянын дарегине ачуу сындарды жаадырды. Коомдук сайттарда кызды уурдап кетишкенден кийин ыкчам чара көрө албады деп милицияны аракетин айыптап, ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышты. Бүгүн буга байланыштуу Бишкекте жана Ошто нааразылык жүрүштөрү өттү. Президент Садыр Жапаров кайрылуу жасады.

Айзаданы 5-апрелде болжолу саат 07:30 чамасында Бишкекте уурдап кетишкен. Айзаданы үч жигит көчөдөн күч менен машинеге салып кеткени тартылган видео интернетке тараган эле. 6-апрелде кыздын жакындары ЖМКлардан жардам сурап кайрылды.

7-апрелде Айзада Канатбекованын сөөгү Бишкектин четиндеги талаада унаадан табылды. Аны жергиликтүү чабан көрүп калып, милицияга кабар берген. ИИМ маалыматына караганда кызды уурдоого шек саналган 36 жаштагы жигит кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да бычак сайган.

Маркумдун сөөгү бүгүн Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында жерге берилди. Айзада Канатбекова Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган экен.