Сооронбай Жээнбеков: "Унчукпай турганым өлкө үчүн чоң пайда"

Сооронбай Жээнбеков

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сооронбай Жээнбеков өткөн жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктардан улам отставкага кеткен

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы № 1327 шайлоо участогунда добушун берди.

"Бүгүн шайлоо күнү. Бул күнү үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган. Буга кошумча ар бир жаран кимге добуш бергенин купуя сыр катары сактоого укуктуу. Негизгиси бүгүнкү жарандык милдетимди аткардым",-деген Сооронбай Жээнбеков.

Экс-президент катары ага коомчулуктун, журналисттердин суроосу көп экенин айтып, азырынча унчукпай турганым өлкө үчүн чоң пайда деген ал.

"Жеке менин дарегиме да ар кыл ойлор, калп-чыны аралаш пикирлер айтылып келет. Мен мунун баарын угуп, көрүп, анализдеп жатам. Албетте, менде айтылчү сөздөр көп. Бирок, азыркы кырдаалда менин сүйлөп, саясатчылар менен талашып-тартышып, диалогго аралашканыма караганда, унчукпай турганым - өлкө үчүн чоң пайда. Анткени, саясий туруктуулук жаңыдан бекемделип келатат. Менин айтканым, дегеним, кырдаалга таасир этпей койбойт. Саясий чайкоочулук кылчулар да жок эмес. Мен ошого жол бергим келбейт. Жеке мен тууралуу эмне дешсе да көтөрөм, чыдайм. Өлкөдөгү саясий туруктуулук, эл биримдиги мен үчүн баарынан кымбат. Дүйнөдө, биздин мамлекетте коронавируска байланыштуу экономикалык абал жеңил эмес. Дагы башка маселелер көп. Мамлекет жетекчилиги колунан келишинче иштеп жатат. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Ошондуктан, баарыбыз тең азыр саясатты азайтып, жаратмандыкка басым жасашыбыз керек. Менин унчукпай келаткандыгымдын негизги себеби ушул. Буюруса, сүйлөшүүгө дагы мүмкүнчүлүктөр болот",-деген - деген Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков өткөн жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктардан улам отставкага кеткен эле.

Жээнбеков 10-январдагы мөөнөтүнөн мурун өткөн президенттик шайлоо жана референдумга дагы келип добушун бергенин эске сала кетели. Журналисттердин суроолорун жооп берип жатып, президенттик башкаруу формасы үчүн добуш бергенин айткан. Ал башка суроолорго жооп берүүдөн баш тартып, добушун бергенден кийин шайлоо участогунан чыгып кеткен. (AbA)