Ата-энелер бүтүрүүчү кыздарын кайтарууда

  • Назгүл Коңурбаева
  • Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
Окуучу кыздар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Окуучу кыздар

Адатта айыл жеринде мектепти бүтүп жаткан кыздар үчүн окуу сынактары аяктаганда опурталдуу убак келет.

Анткени сынактарды тапшырып бүткөн кыздарды жигиттер аңдып туруп ала качып кетишет. Ошондуктан кыздар тузакка түшүп калбас үчүн алдын ала план түзүп коргонууга даярданышат. Ата-энелер да бул убакта кыздарын күн-түндөп сыртынан кайтарууга алышат.

Айдай бул жылы мектепти аяктамак. Бирок ал азыр мамлекеттик сынактарга даярданып, мектепти бүткөн соң кайсыл окууга тапшырам деп баш катыруунун ордуна төрт айлык кызын багып, бир үй-бүлөнүн түйшүгүн тартууда. Айдайды 10-класс окуп жүргөн кезинде эле ала качып кетишкен.

“Жакшы эле ызы-чуу кылып, олтурбаганга аракет кылдым. Бирок ата-энем келип, бара турган жериң күйөө деп болбой олтургузуп коюшту. Аябай эрте күйөөгө тийдим деп, элдерден дагы уялдым”.

Анткен менен Айдай азыркы турмушуна ыраазы. Бирок окууну бүтпөй калганына ичи ачышат:

"Окууну бүтпөй калганыма өкүнөм. Окууну бүтүп, өз кезегиң келгенде эле турмушка чыккан жакшы болсо керек, эрте тийген аябай жаман экен”.

Айдайдын теңтуштары мектепти аяктап жаткан кезде жигиттер ала качып кетпейби деп кооптонуп турушат. Айрыкча бүтүрүүчү кыздарды ала качуу соңку сынактар аяктап, бүтүрүү кечеси өтүп жаткан маалда күч алаарын айтышат.

Айрым ата-энелер сынактар аяктап жаткан учурда кыздарды күн-түн дебей, кайтарып, мектепке коштоп келген дагы учурлар болот. Кыздар өздөрү кечкурун үйгө жалгыз кайтуудан сактанышат.

Айперинин эжесин соңку экзаменден кийин ала качып кетишкен. Чочуп калган бүтүрүүчү кыз аны ала качып кете турган аракеттерге каршы атайын план түзүп койгон:

"Эгер мени ала качып кете турган болсо, унчукпай барып, жоолугун салынам. Анан эртеси милицияга барып арыз жазам. Себеби, алар мени эркиме каршы никеге тургузуп, укугумду бузуп атат да”.

Адам укуктарын коргогон эл аралык жана жергиликтүү уюмдар Кыргызстанда кыз ала качуу олуттуу көйгөй экенин айтып келишет. Кайсы бир иликтөөлөр көрсөткөндөй Кыргызстанда 60 пайыздан ашуун үй-бүлө ала качуу жолу менен курулат.

Коомдук уюмдар жүздөгөн кыздар ала качуунун курмандыгы болгонун айтып коңгуроо кагып келишет. Алардын айтымында, кыска мөөнөттүн ичинде эле Ысык-Көл облусунда эки жаш кыз зордук менен никеге турганы үчүн өз жанын кыйган.

Кыргыз мыйзамдары боюнча кыз ала качкандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бирок көпчүлүк фактылар сотко жетпейт, жеткен күндө дагы күнөлүүлөр жеңил-желпи жаза менен кутулуп кетишет.

Парламентте расмий каттоосу жок түгөйлөргө нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоору талкууланууда.