Мугалимдер эмгек акынын көбөйгөн көлөмүнө нааразы

Былтыр эмгек акынын аздыгына нааразы болгон мугалимдер  митинге чыккан Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Былтыр эмгек акынын аздыгына нааразы болгон мугалимдер митинге чыккан

Кыргызстанда мугалимдер эмгек акы жетиштүү өлчөмдө көбөйгөн жок деп нааразы болууда. Алар өкмөт айлыкты убада кылгандай эки-үч эсе эмес, болгону 75 пайызга көбөйтүп койгонун айтууда.

Мугалимдердин нааразылык акциялары Ат-Башы районунда, Нарын шаарында болуп өттү.

Нарын шаарындагы мектептердин бириндеги кыргыз тил мугалими Айша Сопиева көбөйтүлгөндөн кийинки айлыгын биринчи жолу колуна алды. Бирок Айша кубана тургандай акча алган жок, ошондуктан өкмөт убадасына турган жок деп нааразы болууда.

“31 жылдык тажрыйбам менен буга чейин төрт миң сом айлык алчумун. Көбөйтүлгөндөн кийин болгону алты миң сом алдым колума. А мен өкмөттүн убадаларына ишенип, жок дегенде он миң сом алам го деп аткам да”,-дейт Айша.

Нарындык мугалимдери кесиптик категорияларды кайра кайтарып, сааттарды кыскартып туруп, анан кийин айлыктарды көбөйтүү жөнүндө талаптарды коюп жатышат.

Мындай талаптарды башка райондогу мугалимдер дагы колдоого алып жатышканын мугалимдердин республикалык штабынын өкүлү Карыпбек Чакибашев Би-Би-Сиге билдирди. Анын айтымында, эгер өкмөт мугалимдердин айлык маселесин кайра карап чыкпаса, жаңы нааразылык тутанышы мүмкүн.

“Мына азыр мага жер-жерлерден чалып атышат, өкмөт айлыкты убада кылгандай көбөйткөн эмес турбайбы деп. Мугалимдердин нааразычылыгы күч. Анткени өкмөт айлыкты айткандай эки-үч эсе көбөйтпөстөн, болоор-болбос эле акча кошуп койду да”.

Эмгек акынын аздыгы жөнүндө болуп жаткан нааразылык акцияларына массалык мүнөз берүүгө болбойт. Мисалы, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү Гүлмира Борбиева бул жактагы мугалимдердин алды 18-20 миң сомдон, арты он миң сомдон айлык алып жатканын, нааразылык жок экенин айтат:

“Биздин райондогу мугалимдердин баары тең жаңы эсептер менен алган айлыктарына ыраазы. Болгону эки мектепте категория, анан мектеп директорлорунун эмгек акысы боюнча маселе чыгып атат. Аны Каржы министрлиги менен такташыбыз керек”.

Өткөн жылдын соңунда эмгек акынын аздыгына нааразы болгон мугалимдер бардык региондордо митинге чыгып, талаптар аткарылбаса иш таштоого чейин барарын билдиришкен. Алар эмгек акыны кеминде он-он беш миң сомго жеткирүүнү талап кылышкан.

Коалициялык өкмөт мугалимдердин эмгек акысын көбөйтүүгө убада кылган. Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы моделин иштеп чыгып, май айынан тартып ишке киргизген эле.