Мигрант кыз-келиндердин жашоосу оор

Кыргызстандын жетекчилиги мигрант кыз-келиндердин укугун коргоо маселелерине эл аралык уюмдардын көңүлүн бурууда. Президент Роза Отунбаева ЕККнун гендер жана миграция маселелери боюнча өкүлдөрү менен жолугушууда бөтөн эл, бөтөн жакта иштеп жүргөн алатоолук мигранттардын басымдуу бөлүгү аялдар экенин баса белгиледи.

Чет жактагы кыргыз атуулдарынын укугун коргогон бейөкмөт уюмдар миграцияга көбүн эсе жаш кыргыз кыздар туштугуп жатканын жана алар көптөгөн оорчулуктарга кириптер болуп жатканын айтышат. Кыздар көп учурда жыныстык кыйноолорго туш болуп, ден-соолугу бузулуп, моралдык жагынан чүнчүп жатышат.

Мигранттар менен иш алып барган бейөкмөт уюмдар санагында боюнан алдырып же төрөгөн балдарын таштап кеткен кыргыз кыздары жүздөп саналат.

Орусиядагы кыргыз аялдардын укугун коргон “Кыргызстан аялдары” фондунун төрайымы Бурулча Төрөбекованын айтымында, соңку жылдары жан багуу үчүн сыртка чыгып кеткен кыргыз кыздардын саны өстү. Алар жаштыгына алдырып, жеңил жолго түшүп, алданып калган учурлары көп болууда.

Ар кыл булактардын маалыматы боюнча жарым миллиондон ашуун кыргызстандыктар чет өлкөгө иш издеп кеткен. Булардын жарымынан көбү аялдар.

Чек арадан өтүү, чет жакта соода кылып, иш табуу эркектерге караганда аялдарга жеңилирээк болгон үчүн көпчүлүк бүлөлөрдө аялдар сыртка көп чыгып жатышат.