Лорд Уэйверли: “Биз үчүн барыңар кыргызсыңар”

Лорд Жей-Ди Уэйверли
Image caption Лорд Жей-Ди Уэйверли

Британдык-Кыргызстандык парламенттик топтун төрагасы Лорд Жей-Ди Уэйверли ушу күндөрү иш сапары менен Бишкекте. Лорд Уэйверли Британ парламентинде Кыргызстан боюнча өткөн угуулардын демилгечиси болгон.

Бул жолу эмне максатты коздөп келдиниз деген суроо менен продюсер Акчолпон Койчиева аны маекке тартты:

Лорд Уэйверли: Мен бул жакка Британдык-Кыргызстандык парламенттик топтун төрагасы катары өз ара кызматташтык жөнүндө 18 ай мурун Бишкекте кол коюлган макулдашуунун шартына ылайык келгемин.

Бери дегенде 12 маселе боюнча кызматташуу зарылдыгын аныктадык. Бул иш сапарым учурунда Кыргызстан тууралуу маалыматты сыртка чыгаруу зарылдыгын ачып көрсөтүү, Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн сырткы дүйнөгө таанытуу максатын көздөп келдим.

Акчолпон Койчиева : Соңку жылдагы окуяларга чейин Британиянын өзүнүн Кыргызстанга болгон кызыгуусу чоң болгон эмес. Эмне себептен андай болгон?

Лорд Уэйверли: Британ бийликтери Бишкекте элчилик ачып жатканын кубануу менен айтып кетким келет. Андыктан, кызыгуу жок деп айтууга болбос. Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын менин өлкөм үчүн стратегиялык мааниси бар. Бишкектеги кесиптештерибиз менен парламенттик кызматташуунун жүргүзгөнүбүз анын бир бөлүгү.

Мисалы “Вестминстер кандай иштейт?” - деген маселени чагылдырган долбоорду баштап жатабыз. Интернетте чыга турган бул долбоор араб, орус, кытай тили менен бирге кыргыз тилинде да чыксын деп чечтик.

Кыргызстандагы мүмкүнчүлүктөрдү чет элдик интвесторлорго таанытууну көздөгөн “Трейд-Кыргызстан-дот.ком” деп аталган интернет сайтын түзүүдөн тышкары Лондондо ушул багытта Кыргызстан боюнча офис ачууну көздөп жатабыз. Биздин аракеттер башка мамлекеттерден айырмаланып турат, бирок биз үчүн Кыргызстан маанилүү, анын стратегиялык салмагын түшүнөбүз, келе жаткан президенттик шайлоого тыгыз көз салабыз.

Бул саясий процесс акыйкат жана эркин деген баа алып тынч өтсүн деп тилейбиз.

Акчолпон Койчиева : Кыргызстандын түштүгүндө былтыр болгон улуттар аралык кагылышуулар боюнча Эл аралык комиссиянын жыйынтыктары Британ саясий чөйрөсүндө кандай талкууларды жаратты?

Лорд Уэйверли: Биз үчүн бул окуялар боюнча өлкөнүн өзү жүргүзгөн тергөө жыйынтыктары менен эл аралык иликтөөнүн жыйынтыктарын бирге кароо маселеси маанилүү болду. Бирок мен муну айткым келет. Бул иликтөөнүн натыйжасында Кыргызстандын кадырына катуу шек келди деген туура эмес, тетирисинче, Британия, Эл аралык коомчулук Кыргызстандагы жагдайга, Ош менен Жалал-Абаддагы окуяларга кайдыгер карабайт.

Ар кандай улуттар бар экенин билебиз, бирок биз үчүн барыңар кыргызсыңар. Ушул интеграция Кыргызстанга туруктуулук апкеле турган болсо биз аны бекемдөөгө салым кошкубуз келет.

Акчолпон Койчиева : Кыргызстанда соңку жылдары 2 революция болду, өлкө парламенттик башкаруу системасына өттү, улуттар аралык кагылышууну баштан кечирди. Ушуларды эске алганда, Кыргызстандын Борбор Азиядагы орду кандай деп ойлойсуз?

Лорд Уэйверли: Кайсы мамлекет кандай башкаруу системасын тандашы керек экенин өзү чечет, албетте, Кыргызстандагы парламенттик процесске баа берип, туура же туура эмес деп айтуу менин ишим эмес, бирок туура аткарылган парламенттик башкаруу - саясий жетекчиликтин мыкты формаларынын бири.

Андыктан негизги маселе бийликтин эл алдында жоопкер болушун камсыздоого, ачыктыкты камсыздоого такалат. Британ парламенти кандай иштеп жатканын түшүндүргөн интернет долбоору бул багытта жардам болот деп үмүттөнөм. Мен жогоруда айткандай ал кыргыз тилинде да даярдалат.

Акчолпон Койчиева : Айрым аналитиктер утур эле Кыргызстан жоголгону калды, мамлекет катары жашай албайт деген идеяны жаза беришет. Сизде ушундай таасир пайда болдубу?

Лорд Уэйверли: Кыргызстан Чыгыш менен Батыш ортосундагы көпүрөөнүн орчундуу бөлүгү, андыктан эл аралык коомчулук мындай абалдын түзүлүшүнө эч качан жол бербейт. 2014- жылы Эл аралык коалиция Афганистандан чыгууну көздөп жатат. Эл аралык коомчулуктун көңүлү бул аймактагы мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга кадалып турмакчы.

Экономикалык өнүгүү, керектүү инфраструктураны орнотуу аркылуу бул аймактагы элдердин жашоосун оңдоо мүдөөлөрү болоору шексиз.