Тамак-аш бааларын өкмөт тескеши мүмкүн

Image caption Базар баалары күн санап өсүүдө

Баалары өкмөт тарабынан көзөмөлдөнүшү мүмкүн деген тамак-аш түрлөрү онго чукул. Булар негизги керектөөдөгү ун, эт, май, чай, күрүч баштаган азыктар.

Эгер базар бааларына мамлекеттик көзөмөл орнотуу жөнүндөгү өкмөттүк токтом өтүп кете турган болсо, тамак-аштын бул түрлөрүнө болгон бааларды экономикалык тескөө жана айыл-чарба министрлиги тескейт.

Өкмөттүк өкүлдөр алды менен азык-түлүктөрдүн чыгарылган баасын каттап, анан базар бааларына көз салып, чайкоочулук кылган соодагерлерге чара көрөөрү токтом долбоорунда жазылган.

Өкмөт мындай чаранын муктаждыгын чайкоочулар бааны ыксыз көтөрүп, калактын калың катмарына оорчулук келип жатканы менен түшүндүрүүдө.

Тамак-аш бааларына мамалекеттик көзөмөл орнотуу демилгеси жаз айларында эле көтөрүлгөн. Бирок көптөр эркин базар шартында мындай аракеттен майнап чыгаарынан күмөн санашууда.

Тамак-аштын кымбаттоосу Кыргызстан өткөн жылы күз айларында күч алып, ушул күнгө чейин турукташпай келет. Бааларды ооздуктоо боюнча өкмөттүн чаралары азырынча майнап бергени байкалбайт.

Соңку кымбаттолоор айрыкча жакырчылыкта жашаган карапайым адамдардын турмушун ого бетер оорлотууда. Дүйнөлук банктын маалыматына караганда, баалардын өсүүсү дагы он пайзыдан ашуун кыргызстандыктарды жакырчылыкка түрткөн.

Жакыр бүлөлөр тапкан-ташканыны көбүн күнүмдүк тамак-ашка гана жумшаары айтылат. Көптөр чыгымдарын кыскартып, эт-сүт өңдүү кымбат азыктардан баш тартууга аргасыз болууда.