«Биз дагы кайдыгер эмеспиз, силер да кайдыгер болбогула»

Кыргызстандын Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар көчө жүрүшүн уюштуруп, «Бир добуш да дүйнөнү өзгөртөт» деген чакырыктар алдында, коляскалары менен жүрүш жасашты.

«Биз дагы кайдыгер эмеспиз, силер да кайдыгер болбогула» деп коомчулукка кайрылып, шайлоо учурунда майып адамдар ар дайым унутта калып келатканына, добуш берүү учурунда аларга атайын шарттар каралбаганына көңүл бурушту. Маалыматтарга карганда Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген кишилер саны 100 миңден ашуун деп айтылат. Алар дагы жаран катары добуш берүүгө укуктуу экенин эскертүү менен, коомчулукту алдыдагы Президенттик шайлоого активдүү катышууга чакырууда.

Ош шаар көчөлөрүндө колдоруна желекчелерди көтөрүп коляскалары менен жүрүшкө чыккан бул адамдар ар кандай жагдайлардан улам майыптыкка кабылып, мүмкүнчүлүгү чектелеген адамдар катмарына кошулуп калышкан.

Алар бул акция аркылуу шайлоого кайдыгер эмес экенин, башкаларды да шайлоого активдүү катышууга үндөп, «Биз баарыбыз биргебиз жана келечегибиз үчүн добуш беребиз» деген ураандар менен жүрүштөрүн баштады.

Акцияны уюштурууга көмөкчү болгон жарандык уюмдун өкүлү Лариса Кузнецова:

-Көпчүлүк учурда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар шайлоо укуктарынан ажырап жатышканын айтып жатышат. Аларга келип, тизме тактаганда, чакыруу жөнөткөндө эч ким кайрылбайт экен. Бул акция аркылуу алар өздөрүнүн да толук укуктуу жаран экенин эске салып, керек болсо башкаларды да шайлоого үндөөгө кудуретүү экенин көрсөтүп жатышат. Жөө жүрүш аркылуу биз жаштарды, шаардыктарды өз келечеги үчүн добуш берүүгө активдүү катышууга чакырып жатабыз-деп айтып берди.

Акция катышуучуларынын бири Болуш Саиев Кыргызстанда майыптар саны миңдеп саналаарына карабастан алар үчүн шайлоого катышуу, добуш берүү жараяндарында бир да шарттар каралбаганына көңүл бурууда:

-20 жылдын ичинде канча деген шайлоолор болуп жатат. Кыргызстан боюнча шайлоо бөлүмдөрүндө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн эч кандай шарттар каралган эмес. Коляска менен жүргөн майыптар үчүн мүкүнчүлүктөр бир да жерде жок. Ошол эле учурда саясатчылар деле, Жогорку Кеңешке шайлоо болобу, же Президенттикпи талапкерлер канчалаган программалар менен чыгып сүйлөп жатышат. Бирок биз бир да жолу майыптар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жөнүндө ооз ачышпайт. Бул катмардагы адамдар коомчулуктун санынан чыгып калгандай сезишет.

Маалыматтарга карганда Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген кишилер саны 100 миңден ашуун деп айтылат. Алардын канчасы 18 жаштан өтүп, шайлоого катышуу укукугуна ээ экендиги туралуу маалыматтар жок. Шайлоо жараяндары учурунда унутта калганыбыз менен биз дагы өз добушубузду, өлкө келечеги, өзүбүздүн эртеңибиз үчүн беребиз дейт алар.