Кыргызстанда илимпоздордун катары картайууда

Кыргызстанда 10-ноябрда илим күнү белгиленди. Бул күндү кесиптик майрамы катары белгилеп жаткан илим ишмерлеринин арасында жаштар аз, көбүнчө орто жаштан жогорку курактагы адамдар.

Эгемендик жылдары Кыргызстанда илим тармагы жогорку кесиптик даярдыктагы көп кадрлардан кол жууду, алардын ордун толуктай турган жаңы муундагы интеллектуалдар жетишпейт.

Жыл сайын мамлекет казынасынан илим тармагына бөлүнүп жаткан каражат ички дүн кирешенин бир пайызына да жетпейт, андан он эсе аз. Мамлекеттик каржылоо Улуттук илимдер академиясында, илим-изилдөө институттарында кызматкерлердин эмгек кысына гана кетет, ал эми илим изилдөөлөр сырттан келген гранттык каражаттардын күчү менен жүргүзүлүүдө.

Илим тармагына мамлекеттик колдоонун азайышы бул тармактан көп тажрыйбалуу адистердин кетишине алып келди. Алардын ордун толуктоочу жаңы формациядагы адистердин агымы аябай эле суюк.

Ошол себептүү өлкөдөгү илимпоз кадрлардын катары барган сайын картайып баратат. Азыркы күндө илимдин кандидаттары менен докторлорунун орточо жаш курагы элүү-алтымыштан жогору болууда.

Бул көрүнүш өлкөнүн илим тармагынын келечеги үчүн тынчсыздануу жаратууда. Бул тармакка жаштардын аз келип жатышы окумуштуулардын ортосундагы муундар аралык байланыштын үзүлүп калуу коркунучун реалдуу кылып, интеллектуалдык казынанын бөксөрүп жоголушуна алып барышы мүмкүн.

Ошондуктан бул проблемага кайдыгер эмес илимий коомчулуктун өкүлдөрү илим тармагына таланттуу жаш окумуштууларды жетиштүү санда тартууну, илим изилдөөлөр үчүн мамлекеттен жеткиликтүү каражат кароону мамлекеттик жана эл аралык программалар менен колдоого алуу зарыл жана кечиктирилгис маселе деп белгилешүүдө.