"Кыргыз Лас-Вегасы" пайда болобу?

Сүрөттүн автордук укугу RIA Novosti
Image caption Кыргызстанда 1-январдан тарта баардык казинолор жабылсын деген мыйзам күчүнө кирген

Кыргыз өкмөтү жабык казино аймагын түзүүгө ниеттенүүдө. Өкмөт башчы Бабановдун айтымында кумар жайларды Ысык-Көл районуна жайгаштырып, ал жакка кыргыз атуулары киргизилбейт. Бирок кумар жайларды жабуу боюнча мыйзамдын авторлору өкмөттүн бул сунушу парламенттен өтпөйт деп ынандырууда.

Өткөн апта соңунда кумар жай ээлери өкмөткө кызыктыруучу сунуштарын жолдоп, эгер казинолорду кайра ачууга уруксаат берилсе алар эки эсе көп салык төлөөгө даяр экенин жар салышкан.

Өкмөт өз жообунун көп кечиктирген жок. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов оюн-зоок бизнеси боюнча өкмөттүн так позициясын иштеп чыгууну экономика жана монополияга каршы министрликке тапшырды. Бабановдун айтымында кумар жайларды жабуу боюнча парламент кабыл алган кескин чечим бул бизнесттин көмүскөгө кетишин шарттап жатат.

“Өкмөт кумар жайлардан салык түрүндө эмес, акционер катары киреше алышы керек. Бул өтө чоң сумма. А бүгүн болсо биз бул тармак көмүскөгө кетип жатканын көрүп жатабыз. Биз Жогорку Кеңешке Ысык-Көлдүн Тамчы айылында кумар жай борборун ачуу сунушун даярдап жатабыз. Бул жабык зона болот жана ал жакка кыргыз атуулдары киргизилбейт. Демек өңчөй чет элдиктер үчүн жана бул турзимди өнүктүрүүгө дагы чоң салым болот”,-деди Бабанов.

Бирок кумар жайларды жабуу боюнча мыйзамдын автору Бакыт Жетинегов Кыргызстандагы казинолордун негизги оюнчулары жергиликтүүлөр дейт:

“Мен атайын анализ жүргүзүп, оюнчулар менен сүйлөшкөм. Алардын айтымында оюнчулардын көпчүлүгү кыргызстандыктар. Анча-мынча гана кытайлар, корейлер келет экен. Казактар болсо дээрлик келбейт, анткени алардын өздөрүнүн Капчыгайы бар. Анын үстүнө мыйзамга кыргыз атуулу киргизилбесин деп жазып койгон менен бул кагаз жүзүндө гана калаарын билип эле турабыз”.

Ошондой эле депутат казино маселесине келгенде өкмөт мамлекеттик казынага түшө турган салыктарды бетке кармап, казиночулардын кызыкчылыгын коргоодо деген шектенүүсүн айтууда.

“Мына мисалга 2012-жылдын бюджетине казинодон түшө турган салыктар киргизилген жок. Бирок ошондо деле өкмөтү бюджетти аткарабыз деп жатпайбы. Чын-чынын айтканда казинолордо миллиондогон каржаттар айланат. Бул каржаттар болсо кызыктар тараптардын ортосунда бөлүнөт. Болгону кимдир-бирөө мына ушундан кол жууп калгысы келбей жатат”,-дейт депутат Жетигенов.

Өткөн жылдын сонунуда кыргыз парламенти кумар жайлардын жабуу боюнча мыйзам кабыл алып, ага экс-президент Роза Отунбаева кол койгон эле. Бул мыйзам ошол кездеги өкмоттун каршылыгы алдында кабыл алынган белгилүү. Өкмөттук өкүлдөр казинолорду жаап салуу бюждеттик кирешелерди кыскаратат, анын устуно кумар жайлар көмүскө иштеп кетүу коркунучу бар деген чоочуулоолорун айткан эле.