И. Кубатбеков: Оштогу шайлоо түндүк-түштүк тиреши эмес

Оштогу шайлоодо үч участканын добуштары жараксыз болуп калганын жергиликтүү эл борбордук бийликтин шайлоодо алдыга чыккан “Улуттар Биримдиги” партиясына каршы атайылап жасаган иши катары кабыл алып, митингге чыгып, нааразылык билдирүүдө. Бул жөнүндө Би-Би-Сиге Оштогу “Укук жана демократия” борборунун лидери Идирис Кубатбеков билдирди.

- Ош шаарындагы шайлоонун жалпы мамлекеттеги саясий кырдаалга тийгизген таасири кандай деп ойлойсуз?

- Албетте, шайлоо башталгандан жыйынтыгы чыкканга чейин эле Кыргызстандын көңүл борборунда турган окуя. Ош шаарындагы шайлоонун жана туруктуулуктун жалпы Кыргызстандагы саясий туруктуулукка тийгизген таасир өтө жогору болот деп эсептейм. Мына митинг болуп, андан кийин шайлоо тынч өткөндөн кийин элдин санаркоосу азайып, кырдаал туруктуу болот экен деген ойго келип калды эле. Ошондуктан Ошто кайрадан митинг болуп, нааразылык чыгып жатышы, албетте, кайрадан адамдарды тынчсыздануусун пайда кылып жатат.

- Айрым адамдар бул шайлоодо жеңишке жетишкен “Улуттар биримдиги” партиясынын ичинде деле борбордук бийликти жактаган адамдар бар деп айтууда. Ушундан маселе жаратыш туурабы?

- Ар бир адамга сыртынан баа бериш туура эмес деп ойлойм. Андайлар “Улуттар Биримдиги” партиясынын ичинде деле болушу мүмкүн. Ошол эле учурда СДПК, “Ата Мекен”, “Республика” партияларынын ичинде деле “Улуттар Биримдиги” партиясын жана анын лидерин колдогон адамдар болушу мүмкүн.

-Талдоочулар саясий партиялар Ош шаардык кеңешиндеги орундарды талашууда дегендин ордуна кеп Ош менен Бишкектин тирешүүсү жөнүндө болуп жатат деп белгилеп жатышат. Бул канчалык туура?

- Менин оюмча бул шайлоонун өлкөнүн түндүгү менен түштүгүнүн тирешүүсү катары кабыл албаш керек. Шайлоодо, албетте, талаш-тартышсыз болбойт. Бул мамлекеттик бийлик үчүн күрөш. Бардык талаш-тартыштар укуктун негизинде, мыйзамдын негизинде чечилиш керек. Муну түндүк-түштүк деген өңүткө буруп жиберүү, менин оюмча, эч бир саясатчыга аброй алып келбейт.

-“Улуттар Биримдиги” партиясынын бүгүнкү митинги Ошто митинг акцияларынын жаңы толкуну чыгышы мүмкүн экенин билдирүүдө. Ушул жагын эске алганда, Оштогу улуттар аралык мамиленин сезимтал экенин эске алганда, кандай саясий чечим туруктуулукка алып келет деп ойлойсуз?

- Алгачкы жыйынтыктар боюнча “Улуттар Биримдиги” канча добуш алса, ошону өзгөртпөй эле калтырганда эч кандай талаш-тартыш болбойт эле. Муну жергиликтүү шайлоочулар борбордук бийликтин атайылап жасаган иши катарында кабыл алып жатышат. Башында туура чыгарыш керек эле, ал эми убакыт өткөндөн кийин участкалардагы шайлоо бузулуп, добуштардын азайып кетишин эл туура эмес кабыл алууда.