Жон Маклеод: Россия Борбордук Азияны колдон чыгаргысы келбейт

Россия Борбордук Азиядагы өзүнүн саясий таасирин экономикалык жолдор менен бекемдөөнү максат кылууда, дейт "Согуш жана тынчтыкты изилдөө институтунун” Борбор Азия боюнча директору Жон Маклеод.

Би-Би-Си: Кыргызстандын энергетика тармагындагы долбоорлорго Россиянын катышуусу экономикалык жактан абдан маанилүү. Россиянын экономикалык кызыкчылыгынын саясий өңүтү кандай? Энергетика маселеси эмитеден эле чыңалуу жана атандашуу менен коштолуп турган аймакта Россия саясий таасирге ээ болуп алса, анын натыйжасы кандай болот?

Жон Маклеод: Эми, муну региондогу саясий таасирин күчөтүүдө колдончу каражаты караса болот. Кааласаңыз, муну колониализмдин жаңы формасы десе болот. Жада калса, Россиянын биринчи пост-советтик президенти Борис Ельциндин тушунда эле, Россия өзүнүн саясий таасирин ар кандай структуралар аркылуу калыбына келтирүүгө аракет кылышы ыктымал экени сезилген. Азыркы учурда Кремль өзүнүн таасирин экономикалык жолдор менен Борбор Азияда эле эмес, мурунку Советтер союзунун башка бөлүктөрүндө да күчөтүүнү көздөп турат.

Бул иш өкмөткө ыктаган ири конгломераттар аркылуу жазалганы менен, алар чынында көз каранды эмес коммерциялык оюнчулар болот. Гидроэлектр станциялары жана энергияны бөлүштүрүү системасы сыяктуу энергетикалык ишканалар аркылуу Россия энергия иштеп чыгарган Тажикстан жана Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөрдө өзүнүн такай болуп туруусун камсыздап алат. Деген менен, негизги соода шериги жана болушкан тарабы катары Россиянын бул эки өлкөдө тең саясий жана экономикалык таасири эмитеден эле күчтүү.

Би-Би-Си: Эгерде Россия ошол көз каранды эмес энергетикалык компаниялар аркылуу ири гидроэлектр долбоорунда негизги роль ойноп калса, анын суу ылдый жайгашкан мамлекеттерге болгон таасири дагы күчөйт десе болобу?

Жон Маклеод: Менимче, орус өкмөтү жана ошол компаниялар буга байланыштуу абдан кылдат болушат. Себеби, алар саясий жана экономикалык таасирге жетүүнү, колунан келсе, көбүрөөк киреше табууну каалашат. Бирок алар учурдакы ансыз деле болуп турган чыңалууну күчөткүлөрү келбейт. Тажикстан менен Кыргызстандын гидроэнергетикалык пландарына каршы болуп турган Өзбекстандын нааразылыгын Кремль ого бетер ырбаткысы келбейт. Себеби, тажиктер менен кыргыздар ал пландарын орундатса, биринчи кезекте Өзбекстан суусуз калмакчы.

Андыктан орустар, аймактагы илберинки тең салмактуулукту бузуудан оолак турууга аракет кылат. Ошондуктан, менимче, орустар суу маселесин саясий кысым катары колдонушпайт. Учурда Россия менен Кытай бул аймакка салып жаткан ири инвестициялары аркылуу деле таасирин көргөзө алышат. Ошенткен күнү да, Росиянын саясий таасирине баары бир чектөөлөр бар. Алар, мисалы Кыргызстанда саясий таасирге ээ болуп, кыргыз өкмөтү аларга достук маанайда туруусун каалайт. Бирок алар кыргыздардын ички араздашуусун тейлегиси келбейт жана аны каалабайт.