Кыргызстанда балдар өлүмүнө байланыштуу кырдаал кандай?

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда ымыркайлардын, балдардын өлүмү 2007-жылдан бери кыскаруунун үстүндө. Бул үчүн бир катар программалар, стратегиялар ишке салынып, жыйынтыгын бере баштаганын айтат министрликтин башкы адиси Элнура Боромбаева.

Адистердин айтымында, Кыргызстанда жаш балдардын өлүмүнө алып келген башкы себептердин бири эненин ден соолугу. Саламаттыгы начар энеден саламаттыгы начар балдар төрөлүүдө. Дем алуу органдарынын илдеттеринен, тубаса ооруулардан да чарчап калган балдар көп.

Жетишсиз тамактануу балдардын өлүмүнө алып келген негизги факторлордун бири экени да айтылып жүрөт. Өткөн жылы Дүйнөлүк Банк атайын иликтөө жүргүзүп, Кыргызстанда беш жашка чейинки балдардын өлүмүнүн 22 пайызы жакшы тамактанбагандыктан болуп жатканын жарыялаган.

Көпчүлүк ата-энелер туура тамактанууга көп маани беришпейт дейт адистер. Ал эми кош бойлуу эненин, өсүп келе жаткан баланын жетиштүү, толук кандуу тамактануусу чоң мааниге ээ. Бир жагынан калктын социалдык абалы да таасир берүүдө. Анткени, балдарына витаминдүү тамак-аш алып берүү бардык эле ата-эненин колунан келе бербейт.

Кыргызстанда балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү 90-жылдардан кийин абдан өскөн. Анткени, миграциянын кескин агымы чоң таасир берген эле. Учурда бул жагынан да абал турукташып калганын айтат миграция агымына көп кабылган аймак болгон Ош облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Валентина Акимова.

Кыргызстанда жылына 150-160 миң бала төрөлөт. 2011-жылдын жыйынтыгына караганда, бир жашка чейинки балдардын өлүмү беш миңге чамалайт. Салыштырмалуу алганда, 90-жылдары бул көрсөткүч он миңге жеткен.