Лондонго жетинчи жолдомо

Кыргызстандык эркин күрөш чебери Магомед Мусаев Кытайда өткөн Лондон Олимпиадасына жолдомо ойнотулган мелдеште ийгиликке жетти. 94 кг салмакта күрөшкөн балбан лицензия берүүчү бетешүүлөрдө экинчи орунду камсыз кылып, Лондонго жолдомо алды.

М.Мусаев Астана шаарында өткөн Азиялык мелдеште жолдомо уталбай калган эле. Экинчи жолу берилген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган жок. Балбан февраль айында Азия чемпиондугун утуп алган. Спорт адистери ХХХ Олимпиада оюндарында да чоң ийгиликтерди жаратат деп ишеним артууда. Буга чейин кыргызстандык балбандар Данияр Көбөнов жана Айсулуу Тыныбекова Лондонго жолдомо утуп алышкан.

Кыргызстан үчүн Лондон Олимпиадасына алгачкы жолдомону жеңил атлетчи Юлия Архипова утуп берген. Андан кийин Дзюдо күрөшүнүн чебери Чынгыз Мамедов ийгилик жаратты, 2000-жылдан тарта Олимпиада оюндарынын катарына кирген Таэквондо спортунун өкүлү Расул Абдураим Таиландда өткөн мелдеште экинчи орунду камсыз кылып Лондон олимиадасына катышуу укугун алган. Мылтыктан ок атуу боюнча кыргызстандык спортчу Руслан Исмаилов өткөн Азия чемпионатында ийгилик жаратып Лондонго Кыргызстан үчүн 4-жолдомо алган эле. Алдыда дагы жолдомо утуп алуу мүмкүнчүлгү балбандарга жүктөлүп турат.