Эсенбай Нурушев: Жайсаңчылардын келечеги жок

Байыртан бери эл оозунда көчүп айтылып келаткан “Манасты” Бүбү Мариям аркылуу тараган жайсаңчылардын жомогу менен алмаштыруу аракеттеринин келечеги жок, дейт белгилүү журналист Эсенбай Нурушев.

Image caption Эсенбай Нурушев

Би-Би-Си: Кыргыздын «Манасынын» башка варианттары чыгып, сюжеттик чечилишиндеги айырмачылыктар элди ойго салып, акыры ушундай беттешүү болору күтүлгөн көрүнүш эле. Манасты ким биринчи айткан дегенден баштап андагы каармандардын келип чыгышына чейин талаш жараткан маселеге айланууда. Сиздин оюңузча бул жерде талашып жаткан маселе канчалык принципиалдуу?

Эсенбай Нурушев: Менимче өтө принципиалдуу маселе. Себеби бизде айтып жүрүшпөйбү Саякбайдын Манасы, Сагынбайдын Манасы, Тоголок Молдонуку деп. А чын-чынында бул эпос элдики. Саякбай, Сагынбай аксакалдар дагы элдик жомокту өзүнчө кошумчалар менен айтышкан. 1952-жылы эле Мухтар Ауезов бул жерде кимдир бирөөнүн авторлугу жок деп бул маселеге чекит койгон. Себеби “Манастын” уюткусу, башаты биздин заманга чейинки доорлордо башталган. Негизинен бүгүн чыгып сүйлөгөндөр да айтып өттү бул жөнүндө. Мен өзгөчө тарыхчы Тынчтыкбек Чороевдин пикирин колдойт элем. Биздин Манастын башаты миң жылдан бери эмес, андан ары жакта жатат.

Эми бизде элдики болуп калганы кайсы, кийинки чыкканы кайсы? Элдики деп биз уюткусу эки миң жыл мурда жаралган “Манасты” айтабыз. Ал эми азыркылар, булардын баары туура эмес, таза “Манасты” биздин Жайсаң атабыз айткан деп айтып жатышат. Ошондуктан бул жерде маселе “Манас” элдикпи же ар ким чыгып эле өзүнүн оюна келгенин “Манас” кылып жазып таңуулай береби деген маселе чыгууда.

Би-Би-Си: Сагынбай, Саякбайлардын түшүнө Манас аян болуп кирип, ошондон аларга өзгөчө шык келип айтып калышкан деген сөз айтылып келатат. Бүбү Мариям менен Сагынбай жана Саякбайга келген аяндын айырмасы барбы?

Эсенбай Нурушев: Айырмасы асман менен жердей. Сагынбай жана Саякбай аксакал дагы “Манасты” кантип айтканы жөнүндө изилдөөлөр бар. Аларга бир жолу түшүнө кирет, Манас айтасың деген белги берилет. Экинчиден, булардын өзүндө ырчылык таланты болгон. Бир жолу кызыгып ошондон кийин улантып айтып кетишкен. Асмандан такай алынып турган текст түрүндө сан түрүндөгү “Манастын” варианты болгон эмес биздин манасчыларда. Манасчылардын аяны менен азыркылардын аяны таптакыр эки башка, такыр окшошпогон нерсе.

Би-Би-Си: Эмне үчүн Бүбү Мариямдын чыгармасын “Манастын” бир варианты катары кабыл алып коюуга болбойт эле?

Эсенбай Нурушев: Негизинен башында Шакин Эсенгулов жазган экен Жайсаң деген аталыш менен. Бул автордук чыгарма бойдон калып калса эч кимдин дооматы болбойт эле. Маселенин баары ошол Шакин Эсенгуловдун тексти өзгөртүлүп, “Айкөл Манас” деп атап, анын биринчи айтуучусу Жайсаң деп атап жазып алышканда болуп жатат. Жайсаңда Сагынбай аксакалды баш болгон манасчылар баарын апыртып көбүртүп айтышат, ошол жомоктордон тазалап чыныгы Манас ким экенин Жайсаң аркылуу билдиргибиз келет деп жатышпайбы. Ошол апыртып-жапыртып атат деген эпизоддорду алып салганда “Манастан” эчтеме калбайт. Жөн эле өөдүк-сөөдүк жомок болуп калышы мүмкүн.

Би-Би-Си: Бул канчалык деңгээлде келишпес идеологиялык маселеге айланып кетиши мүмкүн?

Эсенбай Нурушев: Менимче жайсаңчылардын келечеги жок. Жайсаңды эл кабыл албайт. “Манаска” окшогон эч бир жери жок. Сагынбай, Саякбай айткан “Манас” элде баары бир сакталып калат.

Би-Би-Си: Жыйырма биринчи кылымда көзү ачыктар көбөйүп, арбактар чыгарма жазууга чейин барууда. Бул көрүнүштү массалык психоз дегендер да бар. Бул диагноз коюуну талап кылган жагдайбы же түшүндүрмөнү талап кылган маселеби?

Эсенбай Нурушев: Менимче диагноз коюну талап кылган жагдай. Бул Батышта мурда болгон, элдин башынан өткөн процесс. Мурда бизде коом жабык болгон. Чек аралар ачылганда сырттан киргенди “кокуй бул жаңы илим турбайбы” деп, баарын Тибетке, Шамбалага шылтап, ортосуна исламдан алып кошуп, жаңы бирдеме жаратууга аракет кылгандар. Мунун баары социалдык оору, азыркы коомдун кыйынчылыгынан келип чыккан оору. Муну илим далилдеген. Оккультисттер өздөрү деле далилдеп жатышат, бул туура эмес, бул жин-шайтандардын достору, тигил жак менен сүйлөшкөндөрдөн жаа бою качкыла деп.