Кайда калбаган кыргыз паспорту...

Соңку ирет Кыргызстанда 2005-жылы паспорттордун жаңы үлгүсү киргизилип, коргонуу белгилери өтө жогору экени айтылган. Адистердин айтымында, бул жаңы үлгүдөгү паспортту колго жасоо мүмкүн эмес, бирок, бул тармакта эмгектенген кызматкерлердин жардамы менен мыйзамсыз паспорт алуу мүмкүнчүлүгү дагы деле бар.

Кыргызстан атуулдары паспорт ала албай кыйналып жүргөн чакта башка өлкөнүн атуулдары кыргыз паспорттору менен кармалган учурлар арбын. Анын соңкусу 18-майда Астанада орун алды алты ооган атуулдары кыргыз паспорту менен Германияга кетип бараткан жеринен кармалган. Алар кандай үлгүдөгү кыргыз паспорту менен кармалганы жана аларды кайдан алганы азырынча белгисиз. Бирок кыргыз паспортторун керек болсо террористтерден да тапкан учурлар бар экенин айтат паспортторду басып чыгарган “Интел Линкс” уюмунун жетекчиси Таалайбек Жумадылов.

“Бүгүнкү күндө чет өлкөлүк жарандар, террористтер, диний экстремисттик уюмдарга тиешелүү адамдар акчасы болсо жалган документтер менен паспорт алууга толугу менен мүмкүнчүлүк бар. Биздин паспорттор буга чейин да ИДУ, Аль-Каида сыяктуу уюмдун мүчөлөрүнөн табылган”, - дейт Таалайбек Жумадылов.

Анын айтымында, өткөн жылы өкмөт жарандардын паспорт алуусун жеңилдетүү максатында паспорт алып жаткан жарандын ички иштер министрлигинен текшерүүдөн өткөрүү процессин алып таштаган. Бул коопсуздукка коркунуч келтирип жатканын айтат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиевдин айтымында, ички иштер министрлигинин милдеттүү текшерүүсүн алып салуу менен каалаган адам эле келип кыргыз паспортун ала берет деп айтууга болбойт.

Сатыбалдиевдин айтымында, 2005-жылы кабыл алынган жаңы үлгүдөгү паспортторду колго жасоо мүмкүн эмес. Анткени андагы коргоо белгилери эл аралык стандарттарга толугу менен жооп берет. Демек, паспортторду колго жасоо мүмкүн эмес болсо, анда кыргыз паспортторунун шектүү адамдардын колуна мыйзамсыз жол менен түшүп калышына адамдык фактор себеп болушу мүмкүн. Мындай бүтүмгө калкты каттоо департаментинин башчысы да макул.

Чет өлкөлүк жарандар үчүн кыргыз паспортун алуу үчүн кеминде алты жыл керек. Анткени беш жыл Кыргызстанда жашашы зарыл. Мындан тышкары бир катар шарттары бар. Бирок айрым адамдардын бул шарттарды аткарбай туруп паспорт алуу муктаждыгы аталган тармакта коррупцияны пайда кылууда. Мамлекет паспорттун коргоо белгилерин күчөтүп, жасалмалуулуктан сактай алганы менен, колу таза эмес айрым кызматкерлерден сактануу жолун таба албай келет.