Ошто «Ынтымак китеби» кол топтоодо

Сүрөттүн автордук укугу b
Image caption Акыркы учурларда элди удургуткан маалыматтар, реп ыры деп айталы ушундай кырдаал жаралып турган учурда бул акция ушунун баарына жооп болуптур. Мага абдан жакты, азыр өз каалоо, тилегимди калтырып кетип жатам.

Кыргызстандын Ош шаарында студенттердин демилгеси менен «Ынтымак китеби» деген аталыштагы акция жүрүүдө. Иш-чаранын уюштуруучулары атайын даярдалган китептерге шаар тургундарынын каалоо тилектерин чогулутуп, музейге өткөрүүнү көздөп жатат. Бул акция мындан эки жыл мурун коогалаңдуу күндөрдү башынан кечирген Ош шаарына тынчытык, ынтымак орнотууга тургундардын өздөрү жоопкер экенин эске салуу деп айтылууда.

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков окуу жайдын активдүү студенттеринин демилгеси менен өтүп жаткан «Ынтымак китеби» акциясын туралуу айтып берүүдө:

Image caption Ынтымакка, тынчтыкка салым кошуу, аны орнотуу тургундардын өздөрүнүн жоопкерчилигинде экенин билдиригибиз келди.

-Студенттердин демилгеси менен бул атуулдук акция башталды. 10 китеп даярдап, шаардын ар кайсыл бөлүгүндө акция өтүп жатат. 100 миңден ашуун кол чогултабыз деп жатабыз. Туруктуулуктун, ынтымактын баа-баркын Оштун тургундарынан артык эч ким билбейт. Себеби болуп өткөн окуялар чоң сабак болду деп ойлойм. Ар ким алына жараша дейт, кимдир бирөө бузуп-жаргысы келип, сайттар аркылуу ой-пикирлерин айтып жаткан болсо студенттер сөздүн, ниетин магиялык күчү бар дейт го, ошол ниетте бул иш чараны өткөрүп жатышат. Шаардын тургундары «Ынтымак китебине» кол тамагаларын калтырып, жакшы ниеттерин жыйындысы болууда. Эми ынтымакка, тынчтыкка салым кошуу, аны орнотуу тургундардын өздөрүнүн жоопкерчилигинде экенин билдиригибиз келди. Биз бул китептерди музейге өткөрүп беребиз. Арадан бир топ жыл өткөндөн кийин кийинки муундар менин атам, апам же агам мынтип тынчтык үчүн добуш берген экен дегидей болуш керек. Тынчтык үчүн ар бир атуулдун моралдык жоопкерчилиги болуш керек да.

Ынтымак китеби койулган жайларга өз каалоо тилектерин калтыруу ниети менен жүздөгөн кишилер келип жатышат. Алардын бири Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Оштогу өкүлү Пулат Сабиров:

-Биздин жаштардын бул иш аракетин шаар тургундарынын баары колдойт. Биз кайсы гана улуттан экенибизге карабай ынтымакта болбосок эмне болоорун баштан өткөрдүк. Бул акциянын июнь коогалаңдарынын эки жылдыгынын алдында болуп жатканы да максатуу болуп жатат. Жаштардын ынтымакка үндөгөнү абдан жакшы жөрөлгө.

Шаар тугундарынын бири Рахат Золканова кечиримдүүлүктү жана ынтымакты башка жактан бирөө алып келип бербейт. Ал ар бирибиздин өзүбзгө байланыштуу деп айтып берүүдө.

-Мен өзгөчө энелерге кайрылат элем, балдардын келечеги үчүн биз кечиримдүү болуп, тынчтыкка үндөшүбүз керек. Азыр шаарда абал жакшы коомдук жайларда кыргыз-өзбеги аралашып эле жүрөбүз. Башка эмне кылат элек, бир шаарда жашагандан кийин ынтымак болуу баарыбыз үчүн табылгыс байлык.

«Ынтымак китебине» кол тамага калтырып жаткан Оштун тургуну коогалаңдуу окуялардын эки жылыдыгы алдындагы тургундар арасындагы тынчсызданууларга бул акция жооп болсун деп айтууда:

-Акыркы учурларда элди удургуткан маалыматтар, реп ыры деп айталы ушундай кырдаал жаралып турган учурда бул акция ушунун баарына жооп болуптур. Мага абдан жакты, азыр өз каалоо, тилегимди калтырып кетип жатам.

Ош шаары апта соңунда кандуу июнь окуяларынын эки жылыдыгын эскерет. Коогалаң учурунда төрт жүздөн ашуун киши набыт болуп, турак-жайлар өрттөлүп, жүздөгөн кишилер жаракат алышкан. Дайынсыз жоголгондордун өздүгү алигүнчө такталбай жаткандары бар. Бул каргашалуу окуялардан кийин Ошто араздашкан тараптарды жарашытыруу, кечиримдүүлүк, ынтымак, бүлүнгөн турак-жайларды калыбына келтирүү аракеттери көрүлүп келүүдө.