Убактылуу өкмөттү жоопко тартуу талабы көтөрүлдү

Бишкекте Ала-Тоо аянтында болгон эки жыл мурдакы кайгылуу окуяларды эскерүү митингисинде июнь окуяларын уюштурган сепаратисттерге кошуп Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн да кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты.

Борбордук Ала-Тоо-аянты туш тарабынан милиция менен курчалып, аянтка Киев көчөсү жагындагы жол менен гана киргизилип жатты. Аянттын ар жак-бер жагында элдик кошуундун топтору кыймылга көз салып, даяр турду.

Сүрөттүн автордук укугу b
Image caption Борбордук Ала-Тоо аянтын туш-тараптан милиция жана элдик кошуундар тосуп, адамдар аянтка Киев көчөсүндөгү бир гана жылчык менен өтүп жатышты.

Митингге эки жүздөн ашык адам келди. Алардын арасында Улуттук элдик фронттун, Элдик революциялык комитеттин, Элдик курултай кыймылынын, Кыргызстанды сактоо комитетинин активисттери жүрдү.

Кайгылуу окуялардын курмандыктарына куран окулгандан кийин бир топ адам чыгып сүйлөдү. Сүйлөгөндөрдүн эң башкы талабы июнь окуяларын уюштурган сепаратисттерге кошуп Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн да кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө болду.

“2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрү түздөн түз себепкер болуп, сепаратисттерге жол ачып берип койгон. Корооңдон кой жоголсо да бүлүк түшөсүң. А бүгүн Башкы прокуратура бул кандуу окуядан эч кимдин күнөөсү жок деп жатат,”-деди митингди уюштуруу комитетинин төрагасы Казыбек Шайымбетов.

Сүрөттүн автордук укугу b

Эгерде талаптар аткарылбаса, 19-июнга чейинки мөөнөттө өкмөттүн толук курамында отставкага кетирүү, 21-июнга чейин Жогорку Кеңешти таркатуу талап кылынды.

Борбордук аянтка чогулгандардын арасында бул талаптар менен иши жок, кайгылуу окуялардын курмандыктарын эскерип коюу гана максаты менен келгендер да болду. Алардын бири Турмамбетов Бузубек Москва районунан тогуз адам бирге келишкенин айтты:

“Биздин саясат менен эч ишибиз жок. Элге тынчтык болсун деп тилейбиз. Жанагы каза болгондор биздин кандашыбыз да, ошолорго куран окуганга катышалы деп эле келдик”.

Ош жана Жалал-Абад областтарында болгон кайгылуу окуяларда Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракция тарабынан көп эле жолу козголгон. Соңку жолу баш прокурор Аида Салянова парламентте отчет бергенде Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн иш-аракетинде кылмыш белгилери жок деген жоопту айткан.

Кыргызстандын укук коргоо органдары кайгылуу окуяларды качып кеткен президент К. Бакиевдин реваншисттери жана жикчил күчтөрдүн лидерлери, кылмыштуу топтор, маңзат соодагерлери жана тышкы күчтөр уюштурган деп билишет.

Сүрөттүн автордук укугу b
Image caption Эскерүү митингисине эки жүздөн ашык адам келди.

2010-жылкы июнь окуяларында төрт жүздөн ашык киши курман болгон. Тополоңдо катталган беш миңден ашык кылмыштын көбүнүн бети ачыла элек. Ондогон адамдарга издөө жарыяланган, ондогон айыпкерлер качып жүргөндүктөн, кылмыш иштери токтоп турат. 94 адам мамлекет аралык издөөдө, он үчү эл аралык издөөдө.

Кандуу тополоңду уюштурду деп айыпталып жаткан өзбек тектүү лидерлер Кадыржан Батыров, Жалалидин Салахуддинов, Иномжан Абдрасулов ж.б Кыргызстандан качып сыртта жүрүшөт. Оппозициялык күчтөр Убактылуу өкмөт мүчөлөрү аларды атайы өздөрү качырып жиберди, ошондуктан кармап келүү ниети жок деп сындап келатышат.