Жаңы муфтий келди, жаатташуу эми токтойбу?

Кыргызстанда Рахматулла Эгембердиев муфтийдин милдетин аткаруучу болуп шайланды. Декабрда боло турган мусулмандар курултайында муфтий бекитилет. Мурдакы муфтий чубак ажы Жалилов катуу кысымга алынгандыктан кызматынан кетүүгө мажбур болду. Жаңы муфтий шайланган менен мусулмандар жетекчилигиндеги карама-каршылыктардын себептери калды. Чубак ажы түзгөн Ажылык жана умма борбору менен “Вакф” фондусунун ажылык башталардын алдында жоюлушу жаңы нааразылык тутандырышы ыктымал болуп турат.

Сүрөттүн автордук укугу b
Image caption Жаңы муфтийди шайлоо маселесин Уламалар Кеңешинин эски курамы карады

Мурдакы муфтий чубак ажынын арызын кабыл алып, жаңы муфтийди шайлардан мурда Уламалар Кеңешинин эки курамы чогулуп алып, кимиси легитимдүү деген маселени далайга талашты. Көрсө, Уламалар Кеңешинин май айында жаңы кошулган мүчөлөрүнүн мыйзамдуулугунда шек бар экен, ошол себептүү эски курам мыйзамдуу деп табылды.

Муфтийдин милдетин аткаруу курултайга чейин муфтийдин биринчи орун басарына жүктөлүшү керек болчу, бирок муфтийдин биринчи орун басары Абдышүкүр ажы баш тартты. Атаандаш муфтият түзүп алып Чубак ажыга каршы чыгып жаткандардын талапкери дагы колдоого алынган жок. Акыры Уламалар Кеңеши Рахматулла Эгембердиевдин талапкерлигине токтолду.

Рахматулла ажы буга чейин муфтиятта тышкы байланыштар бөлүмүн жетектеп иштеп келген, ал кыргыз мусулмандарынын башын кошкон лидер боло алабы жокпу, ал башка сөз. А бирок мусулмандар жетекчилигинде болуп жаткан карама-каршылыктардын себептери калууда. Бул жерде акчага, идеологияга жана мамлекеттик бийлик менен байланышкан себептер айтылууда.

Эң негизги нааразылык азыр ажылык сапарды уюштуруудан келип чыгышы ыктымал. Анткени Уламалар Кеңеши жаңы муфтийди бекитүү менен бирге мурдакы муфтий түзүп кеткен Ажылык жана умма борборун жоюп салды. Ажылык башталарына бир айдан аз убакыт калганда ажылыкты уюштуруп жаткан борбордун жоюлуп кетиши көп талаш-тартышка, чырга алып келиши мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу b
Image caption Мусулмандар башкармасынын жетекчилигинде идеологиялык жиктелүү бар экени байкалууда

“Төрт жарым миң тизмеге кирип ажылыкка барууга даярданууда, Жүз пайыз акчасын төлөдү. Эми келген киши квотаны, системаны бузса, чыр-чатак ошондо башталат. Эл көтөрүлөт ошондо”,-дейт Мусулмандар Конгрессинин президенти Бакыт Нурдинов.

Мусулмандар жетекчилигиндеги башкаруу бийлиги үчүн күрөштүн себептери жалаң эле акчага байланыштуу эмес окшойт. Бул жерде мусулман лидерлердин ортосунда идеологиялык дагы жиктелүү бар экени байкалууда. Атаандаш муфтият түзүп жүгүрүп жүргөндөр мурдакы муфтийдин айланасына экстремисттик маанайдагы адамдар толуп алган деп сынга алып келатат.

“Ушул эки жылдагыдай сакалчандар менен көйнөкчөндөр көп болсо, кыргызстандын алы жетпей калат. Азыр айылда мечиттерде сакалчан менен көйнөкчөндөр көбөйүп кетти. Сакалчан болсоң Афанистанга бар, көнөкчөн болсоң Пакистанга бар. Бизге кыргыздын калпагы гана керек. Кыргыздын каада-салты керек. Биздин максат ушул”,-деди атаандаш муфтият уюштурган топтун өкүлү Сейиткулов Дөнөнбай.

Ырас, муфтияттагы бийлик үчүн күрөштө мамлекеттик органдар да четте калган жок. Диний башкармалыктын ички иштерине кийлигишүүгө акысы жок болсо дагы дин иштери боюнча комиссия Чубак ажыны кетирүүнү талап кылган топтун таламын талашып жатканы ачык эле көрүнүп турду деп байкоочулар дагы айтууда

“Бул конфликтте бийлик бутактары, анын ичинде дин комиссиясы конфликттин бир тарабынан колдоо көрсөтүп, ошолордун колу менен муфтийди алып салууга кылган аракети ачык эле көрүнүп калды. Бул кооптуу көрүнүш”,-дейт дин иштери боюнча эксперт Уран Ботобеков.

Мусулмандар башкармасындагы бийлик талашка байкоо салган мамлекет жана коомчулук өкүлдөрү өз кезегинде Уламалар Кеңешинин Уставын кайра жазып чыгып, чыр-чатакка алып келген себептерди жоюп, туруктуу жетекчиликти камсыз кылуу зарылдыгын белгилешүүдө. Бул иштердин баары кылдат даярдалып, декабрда боло турган мусулмандар курултайында каралып бекитилиши керек.