Оор атлетчи Бекзат Осмоналиев олимпиадалык таймаштан жеңилди

Image caption Кыргызстандын атынан Олимпиада оюндарын биринчи болуп ачкан оор атлетчи Осмоналиев ийгилик жарата алган жок

Кыргызстандын оор атлетчиси Бекзат Осмоналиев Кыргызстандын курама командасынан биринчи болуп олимпиадалык таймашка чыгып, бирок ийгиликсиз болду. Осмоналиев штанганы силкип көтөрүү боюнча алдыңкы бештикке илинген. Ал эми түртүп көтөрүүдө артта калды.

56 кг салмактагы оор атлетчилердин категориясы боюнча таймаш Лондон сааты боюнча 19:00дө башталган (Бишкек саатынан беш сааттык айырма менен артта). Осмоналиев күчтүүлөр кирген “А” тобунда чыкты.

Алгач силип көтөрүүдө 120 кг, анан 125 кг, андан соң 127 кг салмактагы оордукту эч кандай мүчүлүштүксүз алып, алдыңкы бештикке илинген.

Андан соң түртүп көтөрүүгө келгенде кыргыз балбаны 147 кг салмактан өтө алган жок.

Бул таймашта Түндүк Кореянын спортчусу Ом Юн-Чол алтын, Кытайдан Ву Жинбао күмүш, Азербайжандан Валентин Христов коло алды.

Күйөрмандар

Бекзат Осмоналиев Лондон Олимпиадасындагы оюндарга чыккан алгачкы кыргыз атлети болгондуктан, ага күйөрмандык кылгандар абдан көп болду. Бекзаттын ар бир жолку чыгуусунда залда олтургандардын кыйкырык-бакырык сүрөөнү угулуп турду.

Андан тышкары Осмоналиевди Фейсбук жана Твиттер сыяктуу социалдык сайттардан колдоп турушту. Таймашты КТРК түз көрсөтүүсү күтүлүп жаткан, бирок спутниктик сигналдар келбей калганына байланыштуу көрсөтүлбөй калганы айтылды.

Ошондой болсо дагы Кыргызстандагы күйөрмандар интернеттен, спутниктик каналдардан жана уюлдук телефондор аркылуу оюнга кызыгуу менен көз салып турушканын айтышты.

Фейсубктагы күйөрмандардын бири Нурмухаммед “Бекзат силкип көтөрүүдөн айырмаланды, эми түртмөйдөн алдыга чыкса экен”, - деп жазды. Нуржан Ташболот кызы “Бекзаттын жеңишин Кудайдан тилеп олтуралы”, - деди.

Оюндун жыйнтыгы кыргыз спортчусу үчүн ийгиликсиз болуп калганда, күйөрмандардын дагы кабагы салаңдады. Өмүралы деген жигит “Бул ырыбыз бүттү. Жакшы маанай менен ооз бекитейин дедим эле”, - деп кейиди.

Үмүттөр дагы алдыда

Анткени менен Кыргызстан спортчуларынан үмүттүү күндөр дагы алдыда. 30-июлда ок атуу боюнча Руслан Исмаилов, жел кайыктан 20 жаштагы спортчу Илья Игнатьев чыгат.

31-июлда сууда сүзүүдөн Дмитрий Александров,

1-августта дзюдо боюнча Чыңгыз Мамедов, сууда сүзүүдөн Дарья Таланова,

3-августта, дзюдодон Юрий Краковецкий,

5-августта грек-рим күрөшүнөн Данияр Көбөнов, Арсен Эралиев, жеңил атлетикадан Юлия Андреева-Архипова,

6-августта жеңил атлетикадан Эржан Аскаров, ок атуудан Руслан Исмаилов,

8-августта аялдардын күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова,

10-августта таэквoндодон Расул Абдараим,

12-августта эркин күрөштөн Магомед Мусаевдер күч сынашат.

Оюндардын толук графиги жана медалдардын таблицасын Би-Би-Си Кыргыз кызматынынwww.bbckyrgyz.comсайтынан түз алып окуп туруңуз.