BBC navigation

Тынчтыкбек Чоротегин: Эгемендикти чыңдоо үчүн күрөш токтобошу керек

Соңку жаңыланышы: 31-август, 2012 - 15:45 GMT

Эгемендик үчүн күрөш кыргыздар падышалык Россиянын курамында, кийин СССРдин курамында болгон кезинде да токтогон эмес. Эгемендик үчүн болгон күрөшкө кыргыздын көптөгөн көрүнүктүү уул-кыздары өмүрүн арнашты, көп мээнет кылышты. Ошондой көрүнүктүү инсандар жөнүндө жана эгемендик күрөшүнүн таржымалы тууралуу Кыргыз тарых коомунун президенти, профессор Тынчтыкбек Чоротегин Би-Би-Сидеги маегинде эскерет.

Т. Чоротегин: Тээ падышалык Россиянын учурунда эле эгемендик үчүн күрөшкөн Пулат-хан (Молдо Асан Исак уулу) сыяктуу биздин мыкты бабаларыбыз болгон. 1998-жылы болгон Анжиян көтөрүлүшүнүн кыймылдаткыч күчү кыргыздар болгондугун ыраматылык казак окумуштуусу Анварбек Хасанов бир нече жолу айтканы эсибизде. 1916-жылкы Улуттук боштондук көтөрүлүш учурунда Кыргызстандын эки өрөөнүндө өзүнчө хан шайлашып, мамлекеттик көз каранды эместикти калыбына келтирүү аракети болгон.

Падышалык Россиянын курамында дагы биздин интеллектуалдар автономия үчүн күрөшкөнүн айтуу керек. Мисалы, “Алаш” партиясынын мүчөсү болгон Ишеналы Арабаевдин эмгегин айтыш керек. Көп партиялуулук үчүн күрөш болуп жатканда эсерлерге да мүчө болгон кыргыздын Абдыкерим Сыдык уулу сыяктуу чыгaан уулдарын эстешибиз керек. Алар cаясатка дагы жакшы киришип, Кыргызстанды автономия катары сактап калууга аракет кылышкан. Алардын ишин Жусуп Абдракманов улантып, натыйжада Кыргызстан 1936-жылы Орусия менен бирдей макамдагы союздук республика болуп калган. Булардын баардыгы тынымсыз күрөш менен жүргөн.

Алтымышынчы жылдардын этеги жетимишинчи жылдардын башында Кубаныч Нурбеков деген биздин юрист аксакал болгон. Ал илимий эмгектер аркылуу СССРдин курамынан Кыргызстан чыгып кете алат, буга СССРдин Конституциясы укук берет деген идеяларды таратып, ал үчүн көп запкы жеп куугунтукка алынган.

Ал эми Чыңгыз Айтматов маңкурт болбо, өзүңдүн тарыхыңды бил деп кыргызды ойготсо, “Көк Асаба” чыгармасын жазган Түгөлбай Сыдыкбеков сыяктуу мыкты чыгаандар кыргыздын эгемен мамлекет болгон тарыхый баскычтарын улам эскертип, публицистикалык жана көркөм чыгармаларды жазышкан.

Би-Би-Си: Эгемендик үчүн кыймылдар өзгөчө кайра куруу учурунда күч алып кетпедиби. Ошондой кыймылдардын башатында сиз өзүңүз да тургансыз. Көптөгөн студенттик активдүү кыймылдар болгон эле. Ошол учурга дагы көз чаптыра кетсеңиз.

Т. Чоротегин: Бул суроо кайра куруу доорунда ойгонгон бүтүндөй бир муундун эмгеги жөнүндө айтыш керектигин билдирет. Мына “Ашар” козголушун алалы, 1989-жылдардын жаз айларынан баштап жер басып алып, өзүнчө үй курабыз дегендер алгач социалдык көйгөйлөрдү козгосо, кийинчерээк алар бул маселелерди чечиш үчүн саясий структураны өзгөртүү керек экенин түшүнүп, чоң кубаттуу кыймылга өсүп чыккан да. Жыпар Жекше, Жумагазы Усуп Чоңаюу сыяктуу эр-азаматтардын эмгегин биз эч качан унутпашыбыз керек.

Ага удаа эле интеллектуалдардын, илимпоздордун, жумушчу жаштардын кыймылдары козу карындай жайнап чыккан. Алардын арасында “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты” деген биздин да уюм бар эле. Үй куруучулардын уюму, “Мемориал” деген уюмдун бөлүмү болгон. Бир нече кыймылдар, партиялар 90-жылдары “Кыргызстан демократиялык кыймылы” деген кубаттуу блок түзүшкөн. Ушул блок дагы Кыргызстандын эгемендиги идеясын алып чыгышкан.

Бул Кыргызстан эгемендикти капысынан алып алганын көрсөтпөстөн, тескерисинче СССР кыйрай элек кезинде эле Кыргызстанда да эгемендик үчүн күрөш болгонун көрсөтөт. Бул ырааттуу процесс миңдеген жаштардын, керек болсо реформатор коммунисттердин да колдоосу астында жүрүп атты да. Ушул кыймыл акыры Кыргызстанда демократиялык жараян үчүн пайдубал куруп берген.

1990-жылы октябрда ошол күчтөр саясий ачкачылык уюштуруп, коммунисттик лидер колдогон системага каршы чыгышкан. Демократиялык канаттын өкүлү Аскар Акаев президент болуп шайланган. Бирок Абсамат Масалиев жөн киши эмес экендигин, коррупциядан таза пакиза киши болгондугун кийин билдик. Эски коммунисттик системаны жактагандыгы анын күнөөсү болгон. Бирок мамлекеттик мыкты ишмер болгондугу анык. Ал ошол учурда КДКнын мүчөлөрүн каматтырган эмес. Бизге коңшу өлкөлөрдө каматтырмак түгүл, мисалы Казакстанда 1986-жылы Желтоксан окуяларында аттырышпады беле. Бизде буга жол беришкен эмес. Бул демек коммунисттердин ичинде дагы эгемендик үчүн күрөшкөн мыкты инсандар болгондугун айтып турат.

Акыры айланып келип, СССРде эч кандай кыймыл боло электе 1990-жылы декабрда Кыргызстан өзүнүн эгемендиги жөнүндө Декларациясын кабыл алган. Ал эми Москвадагы майнапсыз аяктаган коммунисттик төңкөрүш аракетинен кийин Кыргызстан Борбордук Азияда биринчи болуп, 31-августта өзүн көз каранды эмес мамлекет деп жарыялаган.

Би-Би-Си: Жаңы доорго жаңы лидерлерди алып келген кыймылдардын башатында өзүңүз да тургансыз. Бүгүнкү эгемендик ошол учурдагы сиз элестеткендей эгемендикпи же башкача болдубу?

Т. Чоротегин: Биринчиден, мамлекеттик эгемендик чынында эле келди. Биз бүгүн майрамдап жаткан майрам - куттуу майрам. Көз каранды эмес мамлекет катары БУУнун мүчөсү болдук, эл аралык келишимдердин өкүлү катары мамлекетибизди эл аралык коомчулук кадырлап турат.

Бирок жеке инсандын, ар бир атуулдун укуктары жана эркиндиктери деген экинчи бир маселе бар экен. Мына ушул жагынан кыргыз эли күрөш менен бүгүнкү абалга жетти. Биз демократиялык түзүлүштү куруп бүтө элекпиз, анын башатында эле турабыз. Бирок карап көрүңүз, Түркмөнстанда, Өзбекстанда сыртка чыгыш үчүн чыгуу визасын алыш керек экен. Демек бюрократтык жарым кулчулук дагы эле сакталып турат.

Биз аларга караганда экинчи ыңкылаптан кийин ээн-эркин дем алып калдык. Бирок ошондо дагы мамлекетибиз жакшы болсун үчүн, хандык эмес, бардык атуулдар өзүн эркин сезип, эркин жашаган, алардын эмгеги жемкорлор тарабынан желбеген коомду түзүү үчүн биз азыр деле күрөштү токтотпошубуз керек.

Тектеш темалар

BBC © 2014 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.