BBC navigation

Камсыздандыруу жагынан Кыргызстан коңшулардан артта калды

Соңку жаңыланышы: 18-январь, 2013 - 12:08 GMT

Кыргызстанда капыс кырсыктан жабыркагандар баары мамлекеттен гана жардам күтүшөт. Кырсыктан камсыздандырып алууну ойлогон киши бирин-серин гана.

Кыргызстанда камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышы начар. Калктын камсыздандыруунун мааниси түшүнүү деңгээли жана маданияты да төмөн бойдон калууда.

Кыргызстан камсыздандыруу боюнча коңшулардан кыйла эле артта калды. Бир эле мисал, автоунаа ээлеринин жүргүнчүлөр алдындагы жоопкерчилигин камсыздандыруу Казакстанда, Өзбекстанда, ал түгүл жарандык согушту баштан өткөргөн Тажикстанда да милдеттүү түрдө эчак эле киргизилген. А бул жөнүндө Кыргызстанда эми араң сөз кыла башташты.

Кыргызстанда азыркы күндө милдеттүү камсыздандыруу боюнча төрт мыйзам кабыл алынган. Атап айтканда, жүргүнчүлөрдү ташыган, өтө коркунучтуу жүктөрдү ташыгандардын жоопкерчилигин, иш берүүчүлөрдүн жарандык жоопкерчилигин, өтө коркунуч туудурган ишканалардын жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандырууну караган мыйзамдар кабыл алынган.

Жаңырган жылдан тарта бардык мамлекеттик эмес уюмдар өздөрүнүн кызматкерлерин өндүрүштөгү кырсыктардан милдеттүү түрдө камсыздандырууга тийиш. Бирок бюджеттик каражаттын тартыштыгынан улам мамлекеттик уюмдар үчүн бул милдеттүү болуп каралган эмес. Ошол эле учурда милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамдарын аткарбагандар үчүн административдик жаза да каралган эмес."

"Көп мыйзамдар аткарылбай жатат. Мына бусиктер учуп күйүп жүрүп атышат. Эч ким камсыздандырылган эмес. Жүргүнчүлөрдү эл аралык ташууну карап көрүңүзчү, канча кырсык болуп жатат. Камсыздандыруунун бул түрү бир эле учурда социалдык дагы маселени чечиши керек эле. Жол кырсыгынан жабыркаган көп адамдар айдоочудан компенсация ала албай жүрүшөт. Мына ушул учурда камсыздандыруу жардамга келмек",-дейт“Ак-Жол” камсыздандыруу компаниясынын жетекчиси Рустамбек Тагаев.

Кыргызстанда үй-жайын, мал-мүлкүн камсыздандырып коюу маданияты өнүгө элек.

Жеке адамдар зарылдыктан улам негизинен медициналык камсыздандырууга гана катышууда. Өлкөдөн сырткары саякатка чыккандар үчүн медициналык камсыздандыруу талап кылынат, ал жок болсо, көп өлкөлөрдүн элчиликтери виза бербей коюшат.

Камсыздандыруунун калган түрлөрүнө жарандардын катышуусу бирин-серин гана, кызыгуу дээрлик жок. Мисалы, Кыргызстан компаниясы Бишкектеги бай адамдар жашаган райондогу жашоочуларды үй-мүлкүн камсыздандырууга катышууга үндөп акция өткөргөндө, эки жүз адамдын эки адам гана кызыгуу арткан.

“Камсыздандыруу маданиятынын жоктугу ар кандай кырсыктан, тобокелдиктен сактануу чараларын көрүүгө түздөн түз таасир берүүдө. Коркунучтар, тобокелдиктер бар учурда камсыздандыруу зарыл маселе. Мындай маданият жок учурда аны жаратуу машакаттуу иш болууда,-дейт Кыргызсинстрах” кыргыз-россиялык акционердик коомунун жана камсыздандыруучулар ассоциациясынын жетекчиси Эльмира Сейдахметова.

Камсыздандырууга калктын активдүү катышпай жатканынын дагы бир себебин адистер жакыр турмуштан да көрүшөт. Үйүндө наны жок отурган үй-бүлөлөр үчүн камсыздандырууну ойлоп да коюшпайт эмеспи.

Милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандырууга катышкандар биринчи кезекте чет элдик компаниялар болууда. Анткени инвесторлор Кыргызстанда иш баштап жатып, ар кандай кырсыктан жана коркунучтан камсыздандыруну биринчи кезекте ойлонушууда.

Кыргызстанда камсыздандыруу тармагында бүгүнкү күндө 15 компания иштейт. Бирок алардын ичинен киреше таап өнүгүү жолунда баратканы беш-алтоо эле.

Айтмакчы, Кыргызстанда эки жолу революция болгондо талоонго учурап, бүлүнүп-чачылган көп дүкөндөр, ишканалардын зыянын эч ким төлөп берген эмес, анткени камсыздандыруу болгон эмес. Бирок, азыр деле революция, массалык тополоң, талап-тоноодон камсыздандырууга бир да компания милдет албайт экен. Анткени, Кыргызстан эл аралык уюмдардын баасы боюнча дагы эле тобокелдик көп тооруган, туруктуу эмес өлкөлөрдүн тизмесинде турат.

Тектеш темалар

BBC © 2014 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.