BBC navigation

Полковниктин өлүмүнө шектелип төрт киши кармалды

Соңку жаңыланышы: 18-январь, 2013 - 12:47 GMT

Киши колдуу каза тапкан Толкунбек Шоноев Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгында бөлүм башчы болуп иштеп келаткан.

Кыргызстандын Ош облустук прокуратурасы милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө катыштыгы бар деп шектелген төрт адам кармалганын билдирди.

Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаев:

-Бүгүнкү күндө кармалган төрт шектүүнүн арасында кылмышты аткарганы бар. Калгандары кылмышты уюштурууга аралашкан деп шектелип жатышат. Кылмыштын мотиви полковниктин кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон. Ал ыкчам иш-чараларды өткөрүп жүргөндө айрым оор кылмыштардын ачылышына чоң салым кошкон. Ал кылмыштар өз учурунда коомчулукта чоң резонанстарды жараткан эле.

“Окуя болгон жерден 9 мм калибрлүү октордун дүрмөттөрү алынган. Бул “Макаров” тапанчасына таандык эсептелет. Бирок, мен дал ушул тапанчадан атылды дегенден алысмын. Себеби бул калибирдеги окту башка тапанчаларга да жасаса болот-дейт А.Турганбаев- Биз куралды алгандан кийин дагы кошумча мааалымат беребиз”.

Буга чейин Бишкек шаарында ушул окуяга шектүү катары кармалган адам да буга катыштыгы болгон деген шек менен кармалып турат. Тергөө иштеринин жүрүшүндө дагы көп жагдайлар ачыкка чыгаары айтылууда. 35 жаштагы милиция полковниги Толкунбек Шоноевди 11-январь күнү кечинде Ошто өз үйүнүн жанынан, кызматтык автоунаасынын ичинен атып кетишкен эле.

“Окуя болгон жерден 9 мм калибрлүү октордун дүрмөттөрү алынган. Бул “Макаров” тапанчасына таандык эсептелет. Бирок, мен дал ушул тапанчадан атылды дегенден алысмын. Себеби бул калибирдеги окту башка тапанчаларга да жасаса болот-дейт А.Турганбаев- Биз куралды алгандан кийин дагы кошумча мааалымат беребиз”.

Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу деп тиешелүү кызматтар шектүү катары кармалгандар туралуу толук маалымат берүүдөн карманууда. Кармалагандардын бардыгы Кыргызстандын жарандары деп айтылды. Буга чейин бул окуяга шектүү катары Бишкекте бир адам кармалганы айтылган. Бирок кийин Ички иштер министрлиги окуяга катыштыгы бар адамдар туралуу маалымат берген кишиге 1 миллион сом берилерин убада кылып чыкты. Бул аралыкта полковниктин өлүмүнө байланыштуу ар кандай жоромолдор айтылып, уюшккан кылмыштуу топтордун тиешеси болушу мүмкүндүгү айтыла баштаган

Киши колдуу каза тапкан Толкунбек Шоноев Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгында бөлүм башчы болуп иштеп келаткан.

Тектеш темалар

BBC © 2014 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.