BBC navigation

Кыргызстан автоунаа ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандырат

Соңку жаңыланышы: 21-январь, 2013 - 13:09 GMT

Кыргызстанда “автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна коюлганы турат.

Айдоочулардын жана автоунаа ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу көп өлкөлөрдө милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. Анткени мамлекет автокырсыктан жапа чеккендердин зыянын төлөп берүүнү ушундай жол менен кепилдеп турат. Мындай мыйзам Кыргызстандын коңшулары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанда эчак эле кабыл алынган. Кыргызстан болсо эми кыймылдап жатат.

Автоунаа ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашканы жатат.

“Бул жолдо болуп жаткан кырсыктарга камсыздандыруу болуп саналат. Жолдо болгон кырсыктын чыгымын ошол камсыздандыруучу компания төлөп берет. Ошол компания кагаздарын баарын тууралап, бир айга жетпей төлөп берүүгө тийиш болот. Азыр жолдо болуп жаткан кырсыкты бир-эки айлап, кээде жылдап териштирип, төлөбөй да коюшу мүмкүн. Бул мыйзам боюнча жол кырсыгынан жабыркагандарга камсыздандыруучу компания тарабынан көп создуктурулбай төлөнүп берилет”,-деди Өкмөткө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Юруслан Тойчубеков.

Бир катар камсыздандыруучу компаниялар менен автоунаа ээлеринин жоопкерчилиги менен катар автоунааларды техникалык кароодон өткөргөн уюмдардын жоопкерчилигин кароону сунуш кылышууда. Эгерде жол кырсыгы автоунаанын кемчилигине байланыштуу болсо, анда аны техникалык кароодон өткөргөн уюм зыяндын элүү пайызын төлөп берүүгө милдеттүү болушу керек.

“Камсыздандыруучу компания төлөп берет, бирок ал өз кезегинде автоунааны техникалык кароодон өткөргөн уюмга зыяндын элүү пайызын төлөп беришин талап кылып доо коет”,-дейт “Ак-Жол” компаниясынын башкы директору Рустамбек Тагаев.

Камсыздандыруу мамлекеттин жүгүн жеңилдетет

Кыргызстанда мамлекет камсыздандыруунун көп мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана элек. Кандайдыр бир табигый же техногендик кырсыктар болгон учурда жапа чеккендерге жардам көрсөтүү мамлекеттин мойнуна түшүүдө. Адистердин айтымында, мамлекеттик органдар мындай учурларда бюджетке жүк келтирбей, камсыздандыруунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга умтулушу керек.

“Биздин өлкөбүз жакыр, бюджетибиз резина эмес да. Жер титирөө, сел, бороон сыяктуу табигый кырсыктар же техногендик кырсыктар болсо, анын чыгымынын баарын бюджет көтөрө албайт да. Ошондуктан биздин өлкөнүн жетекчилиги жарандарды камсыздандыруунун пайдасын түшүнүп билүүгө жана пайдаланууга үндөшү керек”,-дейт камсыздандыруучу компаниялардын ассоциациясынын жетекчиси Эльмира Сейдахметова.

Адистердин айтымында, камсыздандыруунун пайдасын түшүнүү деңгээли калк арасында абдан эле төмөн. Бул жагында мамлекеттик органдар тарабынан да, камсыздандыруучу компаниялар тарабынан да эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн чон зарылдыгы бар.

Ошентсе да Кыргызстанда колунда бар жарандардын арасында өзүнүн мал-мүлкүн эле эмес, өмүрүн камсыздандырган бирин-экин мисалдар бар экенин айта кетүү керек. Жакында эле “Кыргызинстрах” компаниясында бир адам өзүнүн машинасын 30 мин долларга, ал эми өзүнүн өмүрүн бир миллион сомго камсыздандырды.

Компаниянын чыгарган эсеби боюнча ал айына камсыздандырууга алты миң сом төлөп турушу керек экен. Эгерде кырсыктап, бир жери сынса, камсыздандыруудан элүү же жуз миң сом төлөтүп алса болот экен.

Бирок өзүн же балдарын камсыздандырып коюп, айына мындай акча төлөп туруу, тилекке каршы, көп жарандар үчүн кыял болуп калууда. Анткени, Кыргызстанда жумуш жок, иштеген завод-фабрика саналуу гана. Калктын төрттөн бир бөлүгү иш издеп чет өлкөгө кетип калган.

Тектеш темалар

BBC © 2014 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.