BBC navigation

Боюнан алдырган аялдар барган сайын көбөйүүдө

Соңку жаңыланышы: 22-январь, 2013 - 14:29 GMT

Түркиядагы абортко каршы акциялардын бири. Бул өңдүү бойдон алдырууга каршы акциялар жер-жерлерде өтүп келет

Кыргызстанда соңку жылдары боюнан алдырган аялдардын саны өсүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча өткөн жылы 15600 аял медициналык жана социалдык себептер менен боюнан алдырса, жети миңден ашууну балалуу болгусу келбегендиктен аборт жасаткан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жыл сайын бойдон алдыруу көрсөткүчү өсүп жатканын билдирүүдө. Мисалы, өткөн жылы негиздүү себептер менен бойдон алдырган аялдардын саны он беш миңден ашса, мындан үч жыл мурунку статистикада бул көрсөткүч он төрт миң болчу.

Бойдон алдырууга социалдык жана медициналык себептер негиз болууда.

“Соңку жылдары дарыгерлердин көрсөтмөсү менен бойдон алдырган учурлар көбөйүүдө”,- дейт врач-гинеколог Света Байтикова.

Ал эми жөн гана балалуу болуудан баш тартып, аборт жасаткандардын саны өткөн жылы жети миңден ашкан. Бул сан дагы мурдагы жылдарга салыштырмалуу жогору.

"Көбүн эсе кыздар күтүүсүз боюнда болуп калып, анан абортко барып жатат. Булардын көбү төрөй элек жаш кыздар жана алар аборттон киийн балалуу болбой калуу коркунучу бар экенин көңүлгө албай жатышат"

Света Байтикова

“Көбүн эсе кыздар күтүүсүз боюнда болуп калып, анан абортко барып жатат. Булардын көбү төрөй элек жаш кыздар жана алар аборттон киийн балалуу болбой калуу коркунучу бар экенин көңүлгө албай жатышат”,- дейт Байтикова.

Дарыгерлер төрөө курагындагы аялдардын көбү эле боюнан алдыраарын айтышат. Бирок акыркы кездери бул тенденция жашарганы байкалат.

Бойдон алдыргандардын көбү 20-29 жаш курактагылар. Жылына жетимишке чукул он алты жашка чейинки кыздар аборт жасатышат.

Бирок бул расмий гана сандар. Мындан тышкары, жеке клиникаларда боюнан алдырып, же медициналык мекемеден сырткары жайда аборт жасаткандар дагы бар.

Дарыгерлер кооптонгон дагы бир жагдай, бул криминалдык аборттор. Медициналык мекемеден сырт жайда, белгисиз шартта бойдон алдыруу дагы деле болуп жатат.

Дал ушундай шарты жок жайда боюнан алдыруунун кесепетинен жылына төрт-беш аял көз жумат.

Кезинде өлкөдөгү динаятчылар аялдардын бойдон алдыруусуна расмий бөгөт коюу демилгесин көтөрүп чыгышкан. Адистердин аймынында, бул көйгөйдү тереңдетип жибериши мүмкүн. Анткени, аргасыз жарык дүйнөгө келген наристелер көп учурда таштанды болуп калышат.

Андыктан, бул багытта аял-эркек бирдей жоопкерчиликти сезүүсү керек дешет жарандык коомдун өкүлдөрү.

Тектеш темалар

BBC © 2014 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.