BBC navigation

Жанар кыз болуп жаралып калганына өкүнөт

Соңку жаңыланышы: 22-январь, 2013 - 14:50 GMT

Айрым маалымат булактарына боюнча 2012-жылы Кыргызстанда үй-бүлө зомбулугуна байланыштуу эки жарым миңден ашуун факт катталган. Бирок булардын 183 боюнча гана кылмыш иши козголуп, иштери сотко өткөрүлгөн.

Жанар төрт кыз бир туугандын үчүнчүсү экен. Ал азыр жалгыз. Апасы эжесин алып Орусияда иштеп жүргөнүн айтат. Кичинекей сиңдиси азыр айылда. Сексенден ашкан таята-таенесин карап жүрөт. Өзү болсо былтыр мектепти бүтүрүп, Бишкекке келип окууга кирген. “Апам эжем экөө иштеп тапканын таятама айылга, анан мага анча-мынча салып турат”,- дейт.

Жанардын атасы да бар. Бирок ал атасы менен бирге жашаган күндөрүн ыйлабастан айта албайт:

“Үй-бүлөлүк жаңжал такай атамдын туугандары келгенде эркек балаңар жок дегенден чыкчу,- дейт ый аралаш сүйлөгөн Жанар. -Алар келгенде дайыма апамды эркек бала төрөбөйсүң, атаңа башка 18ге эми чыккан жаш аял алып беребиз дешчү. Анан атам апамды туугандарынын көзүнчө эле уруп сабап салчу. Апама жардам бере албай, кыз болуп туулуп калганыбызга өкүнөбүз. Атам апамды урбайм деп кечирим сурап, анан кайра эле ура берчү. Апамдын көздөрү көгөрүп, башы чайкалып ооруканага да жатып чыкчу”.

“Бир жолу атам апамды дагы сабады. Биз коркуп, эмне кылаарыбызды билбей үйдөн качып кеттик. Анан таятамдар келип калды. Биз баарын таятама айтып салдык. Таятам, таэнем экөө: “болду эми, кызымды алып кетем, ажырашасыңар деп, атамдын туугандарын чакырышты. Алар келип, жашаса анда бала төрөп берсин деп кетип калышты. Таятам бизди алып кетем десе, атам келип кечирим сурады. Ал “экинчи мындай кайталанбайт, кызыңызга эми кол көтөрбөйм”деди. Таятамдар кетээри менен эртеси күнү атам апамды кайта урду.

“Арызданар атаң кетти. Эми сага эч ким жардам бере албайт. Сен менин колумдасың, сенин тагдырың менин колумда, өзүм чечем”, – деп атты атам.

Жанардын айтуусу боюнча апасы өзүн коргоо үчүн эч бир жакка кайрылган эмес. Күйөөсүнүн азыр башка аялы, андан балдары болгонуна карабастан, ал аны менен расмий ажыраша да албайт, андан алимент да талап кыла албайт. Анткени бул кыздын атасы менен апасы азыр бирге жашабаганы менен расмий ажырашуу күбөлүгу жок.

“Атам ажырашууга макулдугун бербей жатпайбы. Бирок өзү азыр башка аял менен жашап жүрөт, эки кызы бар. Атам ошо кетип атканда загс күбөлүгүн да алып кетип калган. Нике кагазы жок алимент бербейт экен го. Ошол кагазды, үйдөгү акчаларды эч нерсе бизге калтырбай алып кетип калган”,-дейт Жанар.

Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгынын билдирүүсү боюнча көп аялдуулукка байланыштуу “Кылмыш кодексинин” 153-беренеси менен 2008-жылдан бери үч гана тергөө иши ачылып, анын экөө сотко өткөрүлгөн.

Кыргызстан БУУнун Бүткүл дүйнөлүк аялдар абалы боюнча Пекин Декларациясына кол койгон өлкөлөрдүн катарына кирет.

Деген менен мыйзамдарда каралган аялдар менен эркектер ортосундагы тең укуктуулук карапайым эл ичиндеги аялга карата салттуу түшүнүктөрдүн чеңгелинен чыкпай жатканы айтылууда.

Тектеш темалар

BBC © 2014 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.