BBC navigation

Депкомиссия: Батукаевке паспорт мыйзамсыз берилген

Соңку жаңыланышы: 24-апрель, 2013 - 09:25 GMT

Мамлекеттик каттоо кызматы, “мыйзамдагы ууру” атыккан Азиз Батукаевке мыйзамсыз түрдө атуулдук паспрот берген. Бул туурасында Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишин иликтеп жаткан депутаттык комиссия билдирди. Мындан улам депутаттык комиссия Мамлекеттик катоо кызматынын жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрүүдө.

Мамлекеттик каттоо кызматы менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, абак жайдагыларга атуулдук паспорт берүү боюнча инструкцияларды иштеп чыккан.

“Бирок бул жоболор өкмөттүн кароосунан өтүп, бул боюнча өкмөттүн токтому чыккан эмес. Андыктан анын негизинде Батукаевке паспорт берүү менен мыйзам бузууга барышкан дейт”, - Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишин иликтеп жаткан депутаттык комиссия мүчөсү Равшан Жээнбеков.

"Алар эми атайлап мыйзам бузууга барган эмесбиз, бул жөн гана “шалаакылык” болгон деп жатышат. Бул өтө чоң шалаакылык, андыктан Мамлекеттик катоо кызматынын жетекчилигинин жоопкерчилиги каралышы керек"

Равшан Жээнбеков

Мамлекеттик каттоо кызматы буга чейин Азиз Батукаевке жалпы эрежелердин чегинде атуулдук паспрот берилгенин айтып, эч кандай мыйзам бузуу болбогонун ырастаган эле. Бирок соңку иликтөөлөр мыйзам бузуу болгонун көрсөттү жана аны Мамлекеттик каттоо кызматы моюнуна алды дейт депутат:

“Алар эми атайлап мыйзам бузууга барган эмесбиз, бул жөн гана “шалаакылык” болгон деп жатышат. Бул өтө чоң шалаакылык, андыктан Мамлекеттик катоо кызматынын жетекчилигинин жоопкерчилиги каралышы керек”.

Азиз Батукаев көп жылдардан бери түрмөдө кармалып келген болчу. Акыркы жолу ал 2006-жылы түрмөдө тополоң уюштуруп, ЖК депутаты Тынычбек Акматбаевге кол салып өлтүргөнү үчүн он алты жылга кесилип, жазасын Нарын шаарындагы түрмөдө өтөп жаткан.

Кыргызстандын расмий органдары мыйзамдагы ууру атыккан Азиз Батукаевдин рак оорусуна чалдыгып, өлүм алдында жаткандыктан, эртелеп бошотулганын билдиришкен эле. Депутаттык комиссия ага коюлганы диагноздун чын-бышыгын дагы иликтөөдө.

Ошондой эле Батукаевдин турмөдөн эртелей бошоп, өлкөдөн чыгып кетишине Кыргызстандын жогорку жетекчилигинин катышы барбы деген дагы маселе каралууда.

Tема боюнча ссылка

Тектеш темалар

BBC © 2014 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.