BBC navigation

Лукашенко турганда Бакиевдерди кайтаруу мүмкүн эмеспи?

Соңку жаңыланышы: 25-апрель, 2013 - 11:44 GMT

Кыргыз соту Курманбек Бакиевди 24 жылга, Жаныш Бакиевди өмүр бою абакка сырттан кескен.

Кыргызстандын укук коргоо органдарынан турган жумушчу топ Белорусияда иш сапары менен жүрөт. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы 2010-жылы апрель окуясынан кийин өлкөдөн качып кеткен жарандарды Кыргызстанга кайтаруу. Алардын арасында мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын бир тууганы Жаныш Бакиев да бар.

Кыргызстан буга чейин Бакиевдерди өткөрүп берүүнү өтүнүп Белорусияга бир нече жолу кайрылган. Бирок расмий Минск Бакиевдерге саясий куугунтук болуп жатат деген жүйө менен баш тарткан эле. Эки өлкөнүн мамилеси сууй түшүп, Кыргызстан Минскидеги элчисин чакыртып да алган. Жергиликтүү активисттер Бишкектеги Белорусиянын элчилигин да кетирүү талабын койгону бар.

Жыл башында кыргыз соту Курманбек Бакиевди 24 жылга, Жаныш Бакиевди өмүр бою абакка сырттан кескен. Расмий соттун өкүмүнө таянып кыргыз тарап кезектеги ирет Минскиге кайрылып, бирок кезектеги ирет баш тартылган. Ушундан улам жабырлануучу тарап Белорусияда бийлик алмашкандан кийин бул маселе чечилет деген үмүттө турушат.

Ички иштер министрлиги билдиргендей Белорусиядагы элүү жарандын арасында Бакиевдер менен жакындан иштешкен Оксана Малеваная да болушу мүмкүн.

-“Лукашенко дайыма эле бийликте турмак беле? Андан кийин бийликке мыйзамды сыйлаган адамдар келишсе, биз эл аралык мыйзамдарды аткарбасак бизге да ушундай мамиле болот деп Бакиевдерди өткөрүп берет деген ишеним бар”, - дейт “Мекен шейиттери” уюмунун жетекчиси Осунбек Жамансариев.

Бакиевдерди Кыргызстанга кайтаруу бүгүн-эртең чечиле кала турган маселе эмес экенин өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев да моюндаганы бар. Атамбаевдин “элүү жылдан кийин болсо да Бакиевдер жооп берет” деп айтканы бар.

2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик толкундоо учурунда жүзгө жакын адам окко учуп, миңден ашууну жаракат алган. Бул боюнча сот иши дагы деле уланууда. Негизги айыпталуучулардын баары өлкө сыртында жүрүшөт.

Тектеш темалар

BBC © 2014 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.