BBC navigation

Гематологдор өлкө жетекчилигине кайрылды

Соңку жаңыланышы: 30-апрель, 2013 - 11:39 GMT

“Мыйзамдагы ууру” атыккан Азиз Батукаевке диагноз койгон гематологдор “ар-намысыбызды коргоп бергиле” деп өлко жетекчилигине кайрылды. Буга чейин Кыргызстандын Гематология боюнча илимий борборунун 12 кызматкери Батукаевке коюлган диагноз туура эмес экенин айтып чыккан эле.

Кыргызстандын Гематология боюнча илимий борборунун окумуштуулар кеңешинин өлкө жетекчилигине жолдогон кайрылуусунда, Азиз Батукаевдин айланасындагы окуялар алардын ар-намысына шек келтирип жатканы айтылып, коргоп берүү өтүнүчү келтирилген.

Алардын айтымында Азиз Батукаевке лейкоз же ак кан диагнозу туура коюлган. Буга чейин бул борбордун башка 12 кызматкери атайын билдирүү менен чыгып, Азиз Батукаевке коюлган диагноз туура эмес болгон, болбосо ал эмдигиче өлүп калышы мүмкүн эле деген болчу.

“Мыйзамдагы ууру” атыккан Азиз Батукаев Жогорку Кеңеш депутатын өлтүргөн деп жана башка бир катар оор кылмыштар боюнча айыптуу деп табылып, абакка кесилип, дагы сегиз жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.

Расмийлер ал өлүм алдында жаткандыктан абктан эртелей бошотулганын айткан эле. Бирок Азиз Батукаевдин эртелей абактан бошоп, өлкөдөн чукул чыгып кетишин иликтеп жаткан депутаттык комиссия, дарыгерлердин ага карат койгон диагнозунан күмөн санап келет.

Tема боюнча ссылка

Тектеш темалар

BBC © 2014 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.