Али Мансури: Ооганстанга кайтпайм, балдарым да...

Image caption Али Мансури: Афганистанга кайра барып жашаганымды элестете албайм.

2014-жылдын аягына чейин Америка күчтөрү Афганистандан толук чыгарылгандан кийин афган өкмөтү коопсуздукту өз алдынча камсыздай алабы? Кыргызстандагы афган качкындары буга ишенишпейт.

Али Мансури Кыргызстанга 23 жашында келген. Өзү Афганистандын Парван провинциясынан Хазара улутундагы шиит мусулман. Өлкөгө талибдер көзөмөл кыла баштаганда шиттерге жашоо жок калганын айтат. Мына ошол убакта апасы бойго жеткен уулун өлкөдөн качырып жиберген экен. Ал күндөрдү эстеген Али Мансури көзүндөгү жашын араң тыйып, оор дем алып анан сөзүн улады.

“Мен мына 17 жылдан бери мусаапырмын. Талибдер бизге кандай кордук көрсөткөнүн эстесем өзүмдү кармай албай кетем. Мен Ооганстандан көргөн жашоомду элестетсем, кайра ал жакка барып жашай албайм”, - дейт Али.

Image caption 18-июнда авган армиясы өлкө коопсуздугун сактоо милдетин НАТО күчтөрүнөн өткөрүп алды.

Алинин үй-бүлөсү согуштун айынан дүйнөнүн туш тарабына тарап кеткен. Энеси менен карындаштары Иранга качып чыгышкан, бир агасы Канадада болсо, дагы бирөө Австралияда, бир эжеси Кабулда калган. Өзү Кыргызстанды байырлап, Жумгалдык кызга үйлөнүп, 3 баласы бар.

Өзү дээрлик кыргыз болуп калганына карабай Афганистандагы окуяларга тыкат көз салып турат. НАТО күчтөрүнүн авган өкмөтүнөн коопсуздукту камсыз кылуу милдетин өткөрүп бергенине Али абдан кабатыр. Анткени авган өкмөтү бул милдетти аткарууга кудурети жетет деп ишенбейт. Андыктан жакын арада Афганистанга кайтуу ниети жок, балдарына да ал турмушту көргөзгүсү келбейт.

Учурда Кыргызстанда жети жүздөн ашуун авган качкыны бар. Алардын көбү башка өлкөгө кетүү үчүн убактылуу баш калкалап жүргөндөр. 2014-жылы НАТО күчтөрү Афганистандан толук чыгып кеткенден кийин өлкө тагдыры эмне болот деген суроо алардын да жүрөгүн өйүгөн маселе. Анткени согуш аяктап, туруктуулук орномоюн эч кимиси Ата Журтуна кайта албайт.

Афганистанда 2007-жылдан бери болгон аскердик курмандыктар