Си Цзиньпиндин расмий сапарында он чакты документке кол коюлду

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда бир нече документке кол коюлду. Маселен Кытай Эл Республикасы Бишкек ТЭЦин реконструкциялоого жардамдашмакчы. Мындан сырткары Борбор Азия мамлекеттерин бириктире турган газ куурун салуу жана аны пайдалануу боюнча келишимге жетишилди. Ошондой эле Бишкек-Ош жолуна альтернативалуу жол куруу макулдаштыгы да бар.

Си Цзиньпин Кыргызстанга болгон биринчи иш сапарынын алкагында президент Алмазбек Атамбаевди Кытайга иш сапар менен барууга чакырып, Атамбаев бул сунушту кабыл алды.

Кытай кыргыз экономикасында абдан олуттуу орунду ээлейт. Айрым адистер эгерде Кыргызстан Кытай менен кошуна болбогондо азыркыдан кыйла начар абалда болмок деп эсептешет. Кытай ишкерлери Кыргызстандагы дээрлик бардык тармактарда иштешет. Тоо-кен, соода-сатык, ресторан бизнеси, курулуш ж.б. Мындай ири долбоорлордон Бишкек-Баткен-Исфана, Ош-Сары-Таш-Иркештам жолунун реконструкциясы, "Датка-Кемин", "Датка" подстанциясынын курулушу.

Бирок Кытайдын ири экономикасы менен кошуна болуу кыргыз экономикасына болгон кесепеттери да бар экенин айтышат экономисттер. Кыргызстан мындай кубаттуу атаандаштыкка туруштук бере албасын айтышат алар.