“Чайка” тасмасы “Киношок” фестивалынын баш байгесине ээ болду

Image caption "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз

“Айтыш” коомдук фонду тарабынан тартылган “Чайка” кинотасмасы Анапа шаарында өткөн “Киношок” фестивалында кыска метраждуу тасмалардын баш байгесин утуп алды.

“Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз бул таржымалы туурасында маек куруп берди.

Садык Шер-Нияз: Бул Анападагы фестиваль мурдагы советтер союзунан калган, КМШ өлкөлөрүндөгү эң абройлуу иш чара болуп саналат. Бардык кыргыз режиссерлору үчүн бул фестивалда жеңишке ээ болуу чоң жетишкендик деп саналат. Ошондуктан “Чайка” тасмасынын кыска метраждуу тасмалардын баш байгесин утуп алганы биз үчүн кубанычтуу. Фильмдин режиссеру Елизавета Стишова орусиялык жаран, биз чогуу окуганбыз. Ал кадимки Оскардын жеңүүчүсү Олег Меньшовдун окуучусу. Тасмада бүт кыргыз актерлору ойноду, кыргыз тилинде тартылды.

Би-Би-Си: Бул тасманын өзгөчөлүгү эмнеде, кандай артыкчылыктары үчүн баш байгег ээ болду?

Садык Шер-Нияз: Болгон окуяларды терең ачып көрсөтүп, эң биринчиден режиссер өзүнүн оюн жаңыча көз карашта бере алганга умтулуш керек. Анткени кинодо ушунчалык көп нерсе тартылып бүткөн, жаңы деле эч нерсе калбагандай туюлат. Бирок ошого карабастан таланттуу режиссерлор ой-толгоодо болобу, же болбосо каармандын күтүлбөгөн терең жактарын ачып берүүгө умтулганы жана ошону жетиштүү түрдө ишке ашыра алса ал режиссер калыстардын жакшы баасына ээ болот.

Би-Би-Си: Режиссер бул тасма аркылуу эмне деген ойду бергиси келген?

Садык Шер-Нияз: Менин оюмча режиссер совет мезгилинде бирдикте, ынтымакта, шериктештикте түшүнүү менен иштеп келген адамдардын бүгүнкү күндөгү турмушуна көңүл бурдургусу келген. Орус тилине бөлүнгөн көңүл туурасында, анча маани берилбей калганы туурасында мектептин орус тил мугалиминин ой толгоосу айтылат. Мурда кыргыздын уул-кыздары Орусияга билим алганы барып, ошол билимдин аркасында көп жетишкендиктерге ээ болсо, бүгүнкү күндө алар мигрант катары барып жатышат. Мурда билим үчүн барса, азыр көчө шыпыруу үчүн барып жатышат. Ал эми жаңы карым-катнаш түзүп келе жаткан өлкөлөр Америка, Англия, Европа өлкөлөрүнө билим алганы, жакшы жашоо көргөнү бийик нерсеге умтулган жаштар кетип жаткан тема да камтылган.

Би-Би-Си: Бул тасманын баш байгеге ээ болушуна фестивалдын Орусияда өтүп жатышы, режиссерунун орус жараны болушу жана тасмада орус тили, Орусияга байланыштуу көйгөйлөр көтөрүлгөнү канчалык таасир бере алды деп ойлойсуз?

Садык Шер-Нияз: Анапа фестивалына мен урмат-сый менен карайм. Негизи эле мен сүйүнүп карай турган нерсе кино жаатына келгенде саясий көз караш камтылбайт. Анткени чыныгы чыгармачыл кишилер калыс болушат, алар эркиндикти жакшы көрүшөт, чектен чыгып кеткенди жакшы көрүшөт, ошондуктан саясий маани таптакыр камтылбайт.