Каракол митинги күч менен таркатылып, Каптагаев бошотулду

Ысык-Көлдө май айында дагы Кумтөрдүн айланасындагы талаш-талкуулар нааразылык акциялары менен коштолуп, зордук-зомбулук менен аяктаган
Image caption Ысык-Көлдө май айында дагы Кумтөрдүн айланасындагы талаш-талкуулар нааразылык акциялары менен коштолуп, зордук-зомбулук менен аяктаган

Каракол шаарындагы митингди таркатуу үчүн күч органдары кулак тундурчу гранаталарды колдонуп, шаардын башкы аянтын митингчилерден беш мүнөттө тазалашты. Бүгүн түштөн бери унаада барымтада кармалып отурган өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаев бошотулду. Баш прокуратура бул факт боюнча кылмыш иши козголгонун билдирүүдө.

Митингдин катышуучуларынын бири Абай Би-Би-Сиге буларды айтып берди:

«Тынч турган элге карата күч колдонушту. Аткылай башташты. Жарадарлар да бар. Аларды алып чыкканга жетишпей калдык. Ар кимибиз ар кай жерде чачырап табышпай калдык. Азыр артыбыздан кууп келе жатышат, шаардын сыртына келип калдык. Биз ушул бойдон тынчыбайбыз, беке элдин кыжырына тийип алышты, биз аягына чыгабыз».

Ысык-Көл, 7-октябрь:

Эртен мененки саат ондор чамасында Сару айылында адамдар чогула баштады.

Түшкө карай атчандар Каракол шаарына тартыла башташты.

Каракол шаарынын аянтында насыя алып төлөй албай калгандар менен Кумтөргө байланыштуу чыккандардын митинги өттү.

Эмил Каптагаев насыячылар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кумтөр боюнча митингке чыккандар Каптагаевди күч менен унаага отургузуп, өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө башташты.

Бир нече жолу облустук админстрациянын имаратын басып алуу аракети милициянын кучу менен артка сүрүлдү.

Каптагаев отурган унаага бензин чачылып, митингчилерге күч колдонулса унаа өрттөлөт деп коркутушту.

Бир нече саат унаада отурган Каптагаев журналисттерге телефон аркылуу интервью берип, бензиндин жытынан башы ооруй баштаганын билдирди.

Карангы түшкөндө кулак тундурчу гранаталарды колдонуп күч органдары митингчилерди борбордук аянттан сүрүп чыгарышты.

Митингчилер көчө-көчө менен качып, артынан милиция аларды шаардан чыгара кууду.

Митингчилер тан атканча кармашып, эртен кайра чогулууга ниеттенишүүдө.

Ысык-Көл тургундары канадалык Centerra компаниясы менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосунда жаңы түзүлгөн келишимге ылайык кендин теңме-тең бөлүнүшүн каалабайт. Алар Кыргызстандын бул кендеги үлүшү 70%дан төмөн болбошу керек деп айтышууда.

Кумтөр кенин иштетүү боюнча Кыргыз өкмөтү менен чет элдик инвестор биргелешкен ишкана түзүүгө макулдашкан эле. Бул документ ушул апта парламенттин кароосуна алып чыгышы күтүлүп жаткан.

Ысык-Көлдө май айында дагы Кумтөрдүн айланасындагы талаш-талкуулар нааразылык акциялары менен коштолуп, зордук-зомбулук менен аяктаган.