Бразилия: демонстранттар менен полиция кагылышты

Кагылышуулар Бразилиянын ири шаарлары - Сан-Паулу жана Рио-де-Жанейродо иш таштаган мугалимдерди колдогон жүрүштөрдөн кийин болуп өттү.

Рио-де-Жанейродогу беш миңден ашуун киши катышкан тынчтык жүрүшү аяктаган соң, бет капчан, күйүүчү кошулма куюлган бөтөлкөлөр менен куралданган анча чоң эмес топ полицияга кол салган.

Полиция болсо демонстранттарга карата көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Кагылышуулар ошондой эле Сан-Паулу шаарында орун алып, анда каршылык акциясына чыккандар дүкөндөрдү тоногон.

Айлык акыны жогорулатууну жана эмгек шартын жакшыртууну талап кылган мугалимдерди колдогон демонстрациялар алардын кесипттик майрамында болуп өттү.