“Демөөрчүлүк жардам” – коррупциябы же аргасыздыкбы?

Image caption Өкмөт үйүндөгү эскирген килемдерди алмаштырууга 2 миллион сом керек. Бирок буга демөөрчүлөр табыла элек

Кыргыз өкмөтү Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчисине расмий кат жолдоп, өкмөт үйүндөгү килемдерди алмаштырууга бюджетте акча жок экенин айтып, 2 миллион сом демөөрчүлүк жардам сураган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, “демөөрчүлүк жардам” – коррупциябы, андай болсо мындай жардам сураган өкмөттүк өкүлдөр жоопко тартылыш керекби деген маселе коюлууда.

Өкмөт үйүндөгү килемдерди алмаштыруу үчүн демөөрчүлүк жардам суроо демилгеси президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынан чыккан.

“Анткени килемдердин эскилиги жеткен, аны алмаштырууга бюджетте акча жок. Ошондуктан биз кайрылганбыз, бирок жардам көрсөтүлгөн эмес”,-дейт иш башкармалыктын жетекчи орун басары Нурбек Мамбетакунов.

"Демөөрчүлүк жардам" - деген эмне?

Анын айтымында мындай демөөрчүлүк жардам бир гана жолу суралган.

“Бирок биз чарбалык түзүм катары демөөрчүлүк жардам сурайбыз. Буга мыйзамда тыюу жок, андыктан мыйзамдуу”.

Бишкек Ишкер Клубунун аткаруучу директору, юрист Айнура Чекирова өкмөт үйү мамлекеттик мекеме экенине көңүл бурууда. Демек мамлекеттик чыгымдардын баары мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлүшү керек, ал эми кыргыз мыйзамдарында “демөөрчүлүк жардам” деген түшүнүк жок дейт юрист Чекирова:

“Демөөрчүлүк жардам” деген түшүнүк мамлекеттик органдар тарабынан колдонулбашы керек. Анткени баардык чыгымдар республикалык бюджеттин негизинде жүргүзүлөт. Ал эми бюджеттин киреше бөлүгүндө “демөөрчүлүк жардам” деген статья жок”

Бирок кыргыз бизнес коомчулугу “демөөрчүлүк жардам” деген түшүнүккө дээрлик көнүп бүткөн өңдүү. Жаш ишкерлер ассоцациясынын жетекчиси Руслан Акматбек демөөрчүлүк жардам сураган мындай расмий каттарды дээрлик баардык эле бизнес субъектилер алаарын айтат. Айрыкча мындай көрүнүш аймактарда кеңири жайылган дейт. Ишкер чөйрө мындай жардам суроолордун мыйзамсыздыгын билет, бирок андан баш тартпайт.

“Ири шаарларда аздыр-көптүр тартип бар. Аймактарда болсо дээрлик баардык эле ишкерлер “демөөрчүлүк жардам” көрсөтүп келет. Анткени терс жооп берсем эмне болот деген коркунуч бар. Көбүн эсе мындай өтүнүч каттар мамлекеттин үлүшү бар ишканаларга жолдонот жана албетте алар баш тарта албайт”.

Image caption Өкмөтүк өкүлдөр бизнестен демөөрчүлүк жардам сурап, расмий кат менен кайрылганынын өзү коррупциялык элементби же бул экономикасы чабал өлкөдөгү аргасыз чарабы?

Анын үстүнө, расмийлерге “демөөрчүлүк” кылууга айрым бизнес өкүлдөрү өздөрү дагы кызыктар экенин жашырууга болбойт дейт ал.

"Демөөрчүлүк жардам" - кирешеби же "крышабы"?

“Бул деген байланыш. Сен расмийлерге жардам көрсөткөндөн кийин сөзсүз, байланыш түзүп жакындашасың. Байланыштарын болгондон кийин кандайдыр-бир маселелерди чечүү дагы оңой”.

Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Абдрахманов “демөөрчүлүк жардам” деген кадимки эле пара деген ишенимде. Бизнес өзүнүн кепилдиги үчүн бийлик өкүлдөрүнө расмий дагы расмий эмес дагы демөөрчүлүк кылып, көңүлүн алганын жашыруу эмес дейт:

“Бул-“крыша”. Өкмөттүн өкүлдөрү бизнес чөйрөдөн “демөөрлүк жардам” алып, кайра аларга мыйзамдан сырт колдоосун, жардамын көрсөтөт. Экинчи жагынан сураганын бербесе, өкмөттүк өкүлдөр текшерүүчүлөрдү жөнөтүп, бизнести муунтат”.

Бул бир эле ички инвесторлорго эмес, чет элдик инвесторлорго дагы таандык маселе дейт депутат:

“Мына жакында эле Жогорку Кеңештин 12 депутаты кытайлык жеке компаниянын чакыруусу жана каржылоосу менен Гонконго барып келишти. Белгилүү болгондой бул компания Бишкек ТЭСин кайра оңдоп чыгууга тендерсиз укук алган. Эми бул маселе парламентте каралганда кытай компаниясынын сыйын көргөн депутаттар, сөзсүз кол ийрисинен тартат кылат”, - дейт Абдрахманов.

Кыргыз бийликтери коррупцияга каршы айгышкан күрөш жарыялаганын айтып, паракорлуктун түбүнө жетүүгө жөнөкөй атуулдардан дагы жардам сурап келет. Бирок ошол эле маалда мамлекеттик башкаруу системасы өзү коррупциялашкан өлкөдө, паракорчулукту жоюу менен маселе чечилеби деген суроо бар.

Өкмөтүк өкүлдөр бизнестен демөөрчүлүк жардам сурап, расмий кат менен кайрылганынын өзү коррупциялык элементби же бул экономикасы чабал өлкөдөгү аргасыз чарабы?

Сиз да оюңузду билдирсеңиз болот. Бул макалага калтырган ой-пикириңизди модератор карап чыгып, сайтка чыгарат. Бирөөнүн ар-намысына, беделине шек келтирген пикирлер жарыяланбай турганын эскертебиз.