Манастын жети муунун кагазга түшүргөн Жусуп Мамай

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Би-Би-Синин тарых түрмөгүндө­ тарыхчы окумуштуул­ар Тынчтыкбек­ Чоротегин менен Кыяз Молдокасым­ов белгилүү кытайлык кыргыз манасчысы Жусуп Мамай тууралуу талкуусун сунуштады.

Кыяз Молдокасымов:

-Жусуп Мамай 20-кылымдын эң зор манасчысы катары эсептелет. Анын өзгөчөлүгү Манастын жети муунуна чейин кагаз бетине түшүргөндүгү, көпчүлүк манасчыларда бул кездеше бербейт. Бул Манас, Семетей, Сейтек, Кененим, Сейит, Асылбачы, Бекбача, Сомбилек, Белек, Чегетей деп ушул ар бир Манастын урпактарына, муунуна карата өзүнүн китептерин кагаз бетине түшүрүп, бүгүнкү күндө жалпы кыргызга мурас катары тапшырып жаткандыгы өзгөчө белгилүү.

Тынчтыкбек Чоротегин:

-Жусуп Мамайдын өнөрканасы тууралуу, анын “Манас” дастанын айтуудагы өзгөчө орду жөнүндө атайын илимий жыйын Кыргыз улуттук университетинде 20-декабрда саат 9 да башталмакчы, бул жыйындын уюштуруучуларынын бири “Мурас” коомдук фонду. Ошондой эле Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз улуттук униветситети жана бир катар жогорку окуу жайлардын Манас таануучу адистери келип, өздөрүнүн соңку табылгалары менен бөлүшмөкчү. Ошол жыйынды утурлай Кыргызстанда дагы, деги Жусуп Мамай канчалык белгилүү? деген сыяктуу маселелер боюнча расмий, бей расмий жолугушуулар болду. Көрсө, Кыргызстанда дагы Жусуп Мамайдын чыгармачылыгы жөнүндө диссертациялык эмгектер жарыяланып жаткан экен. Бирок дагы дароо баса белгилеп айтыш керек, кээ бир жаштарыбыз Жусуп Мамай жөнүндө алигиче жакшы кабардар эмес.

Кыяз Молдокасымов:

-Тынчтык, эсиңде болсо керек биз Кыргызстан жаш тарыхчылар бирикмесин уюштуруп жаткан кезде ушул Жусуп Мамай өзү келип, тарыхчыларга батасын берди эле Түгөлбай Сыдыкбеков менен биргеликте. Мына ошондо Жусуп Мамайдын өтө бир жөнөкөй өзүнүн сүйлөгөн сөзүндөгү, адамга жасаган мамилесиндеги өтө бир жөнөкөйлүк, өзгөчө бир кыргыздын нукура даанышмандарына окшогон сапаттары өзгөчө байкалганы эсимде.

Тынчтыкбек Чоротегин:

-Ооба, 1995-жылы “Манас”дастанынын шарттуу миң жылдыгы белгиленип жатканда, Жусуп Мамай даңазалуу манасчы катары чакырылып келди. Ошондо да анын жупунулугун, жөнөкөйлүгүн, айкөлдүгүн көрүп абдан ыраазы болдук эле. Кыргызстандан баргандардын баардыгын Кытайда Жусуп Мамай өзү жакшылап тосуп алып, айкөл баба катары осуят сөздөрүн айтып, азыркыга чейин узатып келет меймандостугун дагы далай кыргыздар Ала-Тоодон барып көрүп келишкен экен. Алардын бири өзүнүн фильмин даярдап жаткан журналист Чолпон Субакожоева о.э “Манас” жаңырыгын сыналгынын башчысы Темибек Токтогазиев мырза, абдан көп кишилер бул кишинин ушунчалык алптыгына жараша, жөнөкөйлүгүнө да тем берип келишет.

Кыяз Молдокасымов:

-Жусуп Мамайды көпчүлүк ушул учурда манас айтпайт, ал жөн гана Манасты урпактары менен бүтүндөй кагаз бетине түшүргөн деп айтып келет. Бирок, чындыгында Жусуп Мамай өзүнүн манасчылык өнөрү жагынан дагы, манас айтуучулук жагынан дагы өзгөчөлөнүп турганы, ал мына 72 жашына чейин манасты такай айтып келгендиги тууралуу мына бүгүн анын өз мезгилинде жаздырган тасмасы дагы далилдеп турат.

Тынчтыкбек Чоротегин:

-Баарынан кызыгы анын өмүр баяны жөнүндө мурда так айтылбай келген чоо-жайларын дагы биз биле жүрүшүбүз керек. Маселен, Кытай Республикасында маданий ыңкылап делген доордо Жусуп Мамай кодуланып кысмакка алынып, анын айрым бир кол жазмалары жоголуп, өзү айылда сүргүндө жашап калган учурлар болгон. Ал эми анын агасы атактуу Балбай Мамай уулу деген манасчы дагы Гоминдандын учурунда кытайлык бийликтерге каршы күрөшүп, кытайдын абагында каза болгон жөнүндө маалыматтар бар. Алардын бардыгы азыр гана Кытайдын өзүндө дагы, дүйнө жүзүндө дагы ачык айтыла баштады.

Кыяз Молдокасымов:

-Жусуп Мамай өзү агасы Балбайдан дагы манастын жазып калтырган мурастарын, өзү ошондон улам манасты андан ары өркүндөтүп жүргөнүн эч танбайт. Ал өзүнүн эскерүүсүндө ачык эле айтат. “Балбай агам 1934-жылы өзүнүн куржунундагы жети булгаары китепти алдыма койуп, буга чейин ар бир томун өзүнчө берип жүрдүм эле, эми мына жети томун дагы берип жатам, мына ушуну жакшылап окуп, үйрөнүп ал деп мага берген. Бирок, ал китеп кийинки мезгилде кандайдыр бир себеп менен жок болуп кетти дагы, Балбай агам 46 жашында түрмөдөн каза болгондон кийин, ошол Балбай агам берген жети китептеги Манасты окугандагы эсимде калгандарын баардыгын кагаздын бетине түшүрдүм” деп ар дайым ушу өзүнүн агасы Балбайды өзгөчө биринчи орунга коюп айтат.

Тынчтыкбек Чоротегин:

-Жусуп Мамайды дүйнөгө тааныткандардын арасында кытайлык, теги дуңган Мухаммед Ху Чжен Хуа деген аксакалды сөзсүз баса белгилеш керек. Ху Чжен Жусуп Мамайдын чыгармаларын кытай тилине дагы которгон. Ошондой эле бул кишинин эмгегин иликтеген далай чет өлкөлүк окумуштууларга дагы жардам берип, багыт берип келген. Ал эми Бон университетиндеги профессор Карл Райхл болсо, азыркыга чейин Жусуп Мамайдын “Манас” вариантын немис жана англис тилидерине которуу менен алектенип келет.

Кыяз Молдокасымов:

-Биз бүгүнкү күндө бул Жусуп Мамайдын “Манасын” жети муунуна чейин кагазга түшүргөн он төрт томдук китебин барактап отурганда же ал тууралуу сөз кылганда мына ошолордун баардыгы ушул Кыргызстандык манасчылардан алынып жазылганын, өз мезгилинде ошол агасы Балбай Кыргызстандагы эң белгилүү манасчылардын эмгектерин пайдалангандыгын , ал эми Сагымбай Орозбак уулунун, Табылдынын, Чоюкенин жана башкалардын эмгектерин пайдаланганын, 46 жашына чейин ошолордун баардыгын топтогондугун, жыйнаганын, өзгөчө 1916-жылдагы Үркүндөн кийин көптөгөн кол жазмалар, китептер, ошол кытай жергесине чейин келгенде аларды сатып алып, жыйнаганын айтып келет. Ошондуктан Жусуп Мамайдын бүгүнкү күндө жазып калтырган “Манасы” ушул Кыргызстандагы эле манасчылардын айтканынан, айтып келген ошолордун бир толуктоосу кагазга түшүргөн варианты деп да карасак болот.

Тынчтыкбек Чоротегин:

-Мунун өзүнүн өтө маанилүү жагы демек, Теңир-Тоонун Чыгышында болобу, Батышында болобу кыргыздардын манасчылык салты бир экендигин, орто экендигин айгинелеп турат. Жусуп Мамайдын мурасын иликтөө аркылуу демек биздин урпактарыбыз Ала-Тоодо, Кызыл-Суу Кыргыз Автоном аймагында жашаган кыргыздардын маданиятындагы далай орток нерселерди таба алат деп ишенсек болот.