Бектемир Жумабаевди эскерүү

Сүрөттүн автордук укугу b
Image caption Бектемир Жумабаев

Белгилүү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Улуттук Университетинин тарых факультетинин деканы Бектемир Жумабаев дүйнөдөн кайтты. Тынчтыкбек Чоротегин менен Кыяз Молдокасымовдун тарых талкуусунун кезектеги чыгарылышы маркум окумуштуунун өмүр жолуна жана ишмердигине арналат.

Тынчтыкбек Чоротегин:

-Кыргыз тарых илими оор жоготууга учурады. Бектемир Миталип уулу Жумабаев кыргыздын чыгаан тарыхчыларынын бири. 19-кылымдын ичи 20-кылымдын башындагы кыргыз-тарых наамасына жаш болсо дагы чоң салым кошкон инсан дүйнө салып арабыздан узап кетти. Анын өмүр баяны көз алдыбызда өткөн мыкты тарыхчы эле. Ал 1960-жылы 14-июнда Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Чоң-Алай өрөөнүндө Карагорт айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин тарых факультетинде таалим алган. Кыяс мырза Бектемир жөнүндө бир-эки ооз сөз айта кетсеңиз.

Кыяз Молдокасымов:

- Бектемирдин чабыты өтө кеңири тарыхчылардын бири болчу. Соңку мезгилдерде Түркияда болобу, Астанда болобу, Москвада болобу, Түрмөнстангабы, кайсы жерде илимий конференция болсо барбасын, ошол жердеги ошол өлкөдөгү чоң-чоң бир тарыхчы аалымдары менен өзгөчө бир жакшы мамиледе болуп, карым-катнашты түзүп, тарыхты биргеликте изилдесек, биргеликте андан ары өркүндөтсөк деп, өзүнүн илимий көз караштарын тереңдигин ал жерден далилдеп көргөзүп келген, илимге болгон мамилеси да башкача эле. Ошондой эле Бектемир Жумабаевдин уюштуруучулук жагы дагы өзгөчө болчу. Мына тарых факультетинин соңку мезгилдердеги алдыга өнүгүп, тарых факультетиндеги жыл сайын ондон ашык конференциялардын дээрлик көпчүлүгүн Бектемир Жумабаев өзү демилге көтөрүп, анын жетекчилиги артында өтүп жаткандыгы баардык тарыхчыларга маалым.

Тынчтыкбек Чоротегин:

-1982-жылы ал тарых факультетинде 5-курста окуп жатканда эле анын мыкты студент экендигин, эмгекчилдигин баалап, андан тышкары орто кылымдардагы кыргыздардын Эне-Сай кыргыздарынын археологиясы менен иликтенем, ошону изилдейм деген тилегин дагы эске алып, окууну бүтө электе эле байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхы кафедрасына кызматка алышкан эле. Ошол учурда менин эсимде, Исман Кожомбердиев деген атактуу кыргыздын археологу бар, анын да шакирти болуп жүрдү. Ошол учурда бизде дисиденттик өзүнчө бир агым болгон экен биздин интеллектуалдарда. Эсиңиздерде болсо керек, ушул 1980-жылдардын башында Эне-Сай кыргыз каганатынын тарыхын өгөйлөй баштаган учурда, кыргыз бийлигине ошол кездеги Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын жетекчилигине, тарых институтунун жетекчилигине каршы айбат кылып, Түгөлбай Сыдыкбек уулу бир сын кат жазган. Ушул сын катты тымызын түрдө көчүрүп таркатып жүрүшкөн эле. Бектемир Жумабаев экөөбүз ошол Исман Кожомбердиевдин үйүнөн ощол катты окуганыбыз, аны көчүрүп алганыбыз эсибизде. Кийин ал өзү каалаган археология боюнча кетүүгө мүмкүнчүлүк бербей коюшту дагы, андан кийин ал темасын өзгөртүп, ошондо дагы башкалар көп иликтебей качып турган 19-кылымдагы кыргыз тарыхы менен алектенип калды. Дал ошол доорду иликтеген адистердин бири катары Бектемир кандай салым кошо алды, Кыяс, ушул жөнүндө айта кетсең.

Кыяз Молдокасымов:

- Ушул 19-кылым боюнча изилдеп жүргөн мезгилде экөөбүз чогу Санкт-Петербургдагы архивтерде чогу иштеп калдык. Мына ошондо, ошол мезгилдеги эскерме тарыхый жазма булактар болобу же болбосо империялык-географиялык коомунан табылган ошол саякатчылардын кол жазмалары болобу, тарыхый архивдик кеңселерден табылган буюмдар болобу, Бектемир ушунчалык көп материалдарды таап, өтө бай экенин көрүп, ушунчалык сүйүнүп, ушуну эми биз ачыкка чыгарып, жаңы бир илимий деңгээлге чыгарышыбыз керек деп жаңы бир изилдөөсүн жүргүздү. Кийин ушул архивдик маалыматтардын негизинде үч китепти жарык көргөздүрдү. Мисалы үчүн 2009-жылы “Улуу державалардын ортосунда гео-саясий күрөш” деген эмгегинде, кыргызстандын аймагы өзгөчө Памир-Алайдын аймагы, Орусия, Англиянын ортосундагы чоң бир талаш-тартышка түшкөнүн, коркпостон ачык айтып, ошонун натыйжасында Алай-Памир кандай чечилгенин жаңы бир архивдик булактардын натыйжасында ачып берди. Бектемирдин дагы бир тарыхый инсандарга карата ,өзгөчө Курманжан Даткага, анын баласы Абылдабекке байланышкан макалалары коомчулукка өтө бир чагылгандай тез тарап турган, жылуу кабыл алынган учурлар көп болду.

Тынчтыкбек Чоротегин:

- Ооба, Бектемирдин дагы бир кызыктуу эмгектеринин бири “Улуу оюн” деп койот эмеспи, бир жагынан Улуу Британия, бир жагынан падышалык Орусия, башка дагы өлкөлөр ошол Чыгыш Түркстанга, Борбордук Азияга өздөрүнүн оторчул көзү менен карап, ич ара күрөшүп турушкан мезгилди сырттан көп иликтешти да. Ал эми бизден аны атайын тема кылып иликтеген окумуштуулардын бири дал ушул Бектемир болду. “Улуу державалардын ортосундагы гео-саясий күрөш” деген эмгеги 2009-жылы чыкты. Андан тышкары Памир кыргыздары, Ооган кыргыздары, Тажикстанда калган кыргыздар, алардын тарыхы жөнүндө иликтеген өтө гана аз эмгек бар. Ошолордун бири “Памир кыргыздары тарыхый-этнографиялык очерк” деп ал өзүнүн үзөңгүлөш агайы Эгемберди Маанаев менен чогу 2009-жылы бир китеп жазды. Анын аз болсо дагы саз болгон эмгектери кыргыз тарых илимине өзгөчө салым катары сакталып калат десек болот.

Кыяз Молдокасымов:

- Мына жаңы жазылып жаткан “Кыргыз тарыхынын” жети томдугунда дагы, ошонун бешинчи томунда редакторлордун бири катары өзүнүн жаңы ачылыштарын, устаты Кушбек Үсөнбаевдин үйрөтүп кеткен, анын жазган эмгектеринин тегерегинде жаңыча көз караштагы тарыхтын бөлүктөрүн жазып, жети томдукка дагы чыгармачыл менен киришип биздин ажатыбызды ачып жаткан учуру эле. Бектемирдин дагы бир өзгөчөлүгү, кечээ эле ооруканада жатканда ошол жерден Гуля Мамбетова деген эже айтып отурду “Сен келгичекти мен университет боюнча номер биринчи ырчы элем, а сен келгенден кийин мен экинчиге жылып калдым”- деп тамашалап отурган экен. Бектемирдин ушунчалык Алайдын бийик тоосунан ырдагандай бир үнү, ыры жалпы тарыхчылардын, жалпы интеллигенциянын кулагында бүгүн дагы жаңырып турат.

Тынчтыкбек Чоротегин:

-Кыргызстан жаш тарыхчыларынын жамаатын уюштурганда, анан 2012-жылы кайрадан ал “Кыргыз тарых коому” болуп түзүлбөдүбү ошого дагы Бектемир Миталип уулу абдан чоң салым кошту. Андан тышкары Кыргызстанда дагы Чыгыш таануу илимин өнүктүрүүдө анын салымы бар. Маселен, Ишенаалы Арабай атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде Чыгыш тилдери жана маданият институтунун директору болуп да бир жыл иштеп келди. Булардын баардыгы анын педогогдук багыт берген салымдарынын бири болуп саналат. Анын батасын Казакстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан келген далай жаш окумуштуулар дагы алышканын сөзсүз белгилеп кетишибиз керек.

Бул макалага калтырган ой-пикириңизди модератор карап чыгып, сайтка чыгарат. Бирөөнүн ар-намысына, беделине шек келтирген пикирлер жарыяланбай турганын эскертебиз.