Сыдыков: Коомдо маданиятка болгон мамиле өзгөрүшү керек

Назгүл Коңурбаева, Бишкектик журналист

Сүрөттүн автордук укугу azamat sydykov

Кыргызстандык пианист Азамат Сыдыков ушул жаз айларында Нью-Йорктогу айтылуу Карнеги-холлдо жеке концертин берет. Бир кылымдан ашык тарыхы бар бул концерттик залда Чайковский баштаган атактуу композиторлор ойноп, Рихард Штраус, Сергей Рахманинов, Чарлз Айвздын симфониялары жаңырып, канчалаган дүйнөлүк премьералар өткөн. Кыргызстандык музыканттардын ичинен болсо Карнеги-холлдо биринчи болуп Азамат Сыдыков ойнойт. Музыкант ушу тапта Нью-Йоркто музыкалык билимин улантып, бул маанилүү иш-чарага даярданып жаткан кези.

Азамат Сыдыков, музыкант-пианист:

-Албетте Карнеги-холлдо ойноо өтө жоопкерчиликтүү. Мен толкундануумду жашырбайм. Менден бир жолу бир журналист сурап калды, эмне жөнүндө кыялданасың деп, анда он бир жашта болсом керек эле, мен ошондо космоско учкум келет же башка дебестен, түз эле Карнеги-холлдо концерт койгум келет деп айтканым азыркыга чейин эсимде. Бул эми бир эле күндүн жыйынтыгы эмес. Мен музыка менен жети жашыман берип машыгып келем. Музыка дүйнөсүнө дагы жөн жерден келип калган эмесмин. Менин апам музыкант, көп жылдар бою искусство институтунда иштеген. Бала кезимен тынымсыз музыка менен машыгып, азыркы жыйынтыкка жетүү үчүн көп эмгек кылдым. Ушул жылдардын аралыгында мен эмнени үйрөнсөм, менин мыкты педагогдорум мага мага бергем билимдеринин баарын чогултуп, топтоп эң жогорку деңгээлде концерт өткөрүүгө даярданып жатам. Албетте Карнеги-холлдогу жеке концертим менин музыкалык жашоомдун башталышы гана.

Назгүл Коңурбаева:

-Сиз педагогдоруңуз туралуу айтып кеттиңиз. Алгач өз мекениңизде, андан кийин орусиялык классиктердин мектебинен билим алдыңыз. Азыр болсо Нью-Йоркто окуп жатасыз. Кыргызстандагы музыкалык билим берүүнүн деңгээли жөнүндө эмне дейт элеңиз?

Азамат Сыдыков:

-Биринчиден мен биздин музыканттарга күч-кубат тилейт элем. Ушундай оңой эмес күндөрдө дагы музыканы сүйүп, жаш таланттарды таптап жаткан биздин ага-эжейлер чыныгы баатырлар. Менин түшүнүгүмдө патриоттулук – бул жаратмандык, өз ишин сүйүү. Ал эми бизде азыр өз ишин музыканттарчалык эч ким сүйбөйт. Бизде канчалаган атактуу композиторлор чыкты, кыргыз музыкасынын керемети 100 жылда эле калыптанып, гүлдөдү. Бир дагы өлкөдө маданият мындай кыска убакыт ичинде жогорку деңгээлге чыга албайт. Асанкан Жумакматов атындагы оркестр – бул дүйнөлүк деңгээлдеги коллектив. Алар жарыбаган айлык алышат, ал аз келгенсип өткөн кылымдын алтымышынчы, жетимишинчи жылдарындагы инструменттерде ойношот. Бул өтө өкүнүчтүү. Алардын көбү эртелей эле жашоодон өтүп кетип жатат. Азыр дагы уучубуз куру эмес. Мен өткөн жылы Бишкекте концерт коюп, канчалаган жаш таланттарды көрүп ушунчалык таң калдым. Музыкалык билим берүүнүнүн салттары дагы деле сакталып, кыйынчылыктарга карабай музыкалык мектептердин иштеп жатканы суктанаарлык көрүнүш.

Сүрөттүн автордук укугу azamat sydykov
Image caption “Менден бир жолу бир журналист сурап калды, эмне жөнүндө кыялданасың деп, анда он бир жашта болсом керек эле, мен ошондо космоско учкум келет же башка дебестен, түз эле Карнеги-холлдо концерт койгум келет деп айтканым азыркыга чейин эсимде”.

Назгүл Коңурбаева:

-Чынында эле Кыргызстан таланттарга бай экени айтылат. Бирок мына ошол таланттар өз өлкөсүндө колдоо таппай чет жакка чыгып кетип жатканы өкүнүү менен бегиленет. Балким таланттарды кармап калуу жөнүндө эмес,тескеринче аларды борборлорго чыгарып, дүйнөлүк аудиторияга сүрөө жагын ойлонуу керектир...

Азамат Сыдыков:

-Бул эң актуалдуу маселе. Чыгармачыл адамдар ар дайым эле көчүп-конуп келишкен. Бирок бул чыгармачыл адамдар үчүн оң таасир берет. Анткени алар өз талантын өстүрүү үчүн өз казанында кайнабашы керек, дүйнөнү таанышы керек. Советтер союзунда башка кырдаал болчу, чек аралар жабык эле. Биз эгемендүүлүккө жеткенден кийин гана өзүбүзгө дүйнөнү ачтык. Мен бир мисалды көп айтып калам, европалыктар Жапонияны ачтык деп ойлошкон, бирок чынында алар Жапонияга дүйнөнү ачышкан. Андыктан биздин таланттар дүйнөнү кыдырып жүргөнү эң сонун.

Назгүл Коңурбаева:

-Сиз интервьюларыңыздын биринде, музыка адамды тозокто алып чыга турган ээбегейсиз күчкө ээ деп айттыңыз эле.Эгер сиздин бул ойду азыркы тынчыбаган дүйнө, анын ичинде Кыргызстан аркылуу карай турган болсок, музыканын бул күчүнө дагы деле ишенесизби.

Азамат Сыдыков:

Мен буга жөн гана ишенбейм, мен муну менен жашайм, ошондон күч-кубат алам. Биздин элибиздин сонун касиеттери бар, мына ушунун баарын искусство аркылуу көрсөтүп, жаштарды музыка, бий, театр өңдүү кереметтер менен тарбиялаш керек. Албетте азыр баалуулуктар өзгөргүп жатат. Тарыхта бүтүндөй улуттар, бүтүндөй мамлекеттер жоголуп кеткен. Анткени алар ичинен ирип жок болууда. Ал эми биримдике, өнгүүгө маданият, бийик искусство гана негиз боло алат. Мен биздин жаш муун күтүүсүз эле жерден байып, адамдык баалуулуктардан кеткен кишилерди карап өсүшүн каалабайт элем. Алар керемет нерселерди көрүп өсүшү керек. Муну коом өзү талап кылышы керек. Мисалга эмне үчүн коңшу Казакстанда эл аралык фестивалдар өтүп, Маринский театр келет, Кыргызстанда болсо мындай иш-чаралар өтпөйт? Эмне үчүн бизде хан сарайлар курулат дагы, театр, концерттик залдар курулбайт? Бирок мен оптимистмин, андыктан токсонунчу жылдардын “бандиттик” баалуулуктары сүрүлүп чыгат деп ишенем.

Назгүл Коңурбаева:

-Бирок ал үчүн мына ошол “бандиттик” баалуулуктардын ордуна башка бир нерсе сунушталышы керек да. Сиз айтып жаткан кереметтер болсо оңой эмес акча турат. Бирок бул эми сөзсүз эле бюджеттик акча болбошу мүмкүн да. Балким ошол эле филантропия институтун калыптандыруу керектир? Мисалга, Каренги-холлду деле музыкага тиешеси жок адам салдырган да.

Сүрөттүн автордук укугу azamat sydykov

Азамат Сыдыков:

-Ооба туура. Америкада бул мыкты салт болуп калыптанып калган. Эң жөнөкөй адамдардын маданиятка болгон мамилеси өзүнчө бир керемет. Бирок АКШ бул маданиятка жеткенге чейин көп жолду басып өтүп, адамдардын маданиятка болгон мамилеси кылымдар бою калыптанган. Алды менен чоң-чоң завод-фабрика, плантациялар ээлеген бизнес элитанын ичинде өзгөрүү жүргөн . Мына ошондон анан Эндрью Карнеги сыяктуу филантроптор чыгып, керемет залдарды, музейлерди курган да. Бизде дагы өзгөрүүлөр дал ушул чөйрөдө башталышы керек. Албетте азыр дагы жок эмес. Мисалга менин концертимди деле Бишкек ишкерлер клубунун, Ротари клубунун лидери биздин мекендешибиз Назира Бейшеналиева колдоого алды. Бул көптөргө мисал боло алат. Бирок ошол эле маалда көптөр ачык колдоо көрсөтүүдөн коркот. Анткени мамлекеттик органдар мынча акчаны кайдан таптың деп суроо салышы мүмкүн. Андыктан мамлекет дагы бул багытта кандайдыр-бир мыйзамдык жол-жоболорду иштеп чыгышы керек деп ойлойм.

Назгүл Коңурбаева:

-Сиз буга чейин деле батыш музыка сүйүүчүлөрүнүн алдында ойногонсуз. Кыргызстандык, постсоветтик, анан батыш публикаларын салыштырсаңыз, кайсыл публиканын алдында көбүрөөк толкундандыңыз эле?

Азамат Сыдыков:

-Москвадагы консерваториялык чоң зал, Карнеги-холл, Альберт-холл жана башка көрүнүктүү жайларда ойноо ар бир музыканттын жашоосундагы маанилүү этап. Ар бир музыкант бул залдарда ойноо жөнүндө кыялданат. Балким мени ультапатриот дээрсиңер, бирок мени үчүн өз өлкөмдө, өз мекендештеримдин алдында ойноо чоң жоопкерчилик. Анткени бизде өтө билимдүү публика. Мен эң чоң толкунданууну биздин улуттук филармонияда сезгем. Андыктан мен Карнеги- холлдо ойноодон анчалык коркпойм, анткени эң жоопкерчиликтүү публиканын, өзүмдүн мекендештеримдин алдынан өтүп, эң чоң толкундануудан өткөм.