Кыргызстанда эмнеге кышкы спорт өнүкпөйт?

Долон көлүнүн бетиндеги жылгаяк айылдык хоккейчи Замирбек байке үчүн беп-бекер мүмкүнчүлүк.
Image caption Долон көлүнүн бетиндеги жылгаяк айылдык хоккейчи Замирбек байке үчүн беп-бекер мүмкүнчүлүк.

Кыргызстандагы спорт күйөрмандары Сочиде өтүлүүчү кышкы олимпиадага бир гана спортчу жолдомо алганына нааразы. Социалдык тармактарда өлкөдө көп жылдардан бери спортко, айрыкча спорттун кышкы түрлөрүнө көңүл бурулбай келе жатканы кызуу талаш-талкууга түштү.

Айрым сынчылар Фейсбук, Твиттер сыяктуу тармактардагы талкууларда Кыргызстандын спорт бийликтерин “олимпиадаларга даярдануунун ордуна бир спортчуну жыйырма чиновник ээрчип чет өлкөгө барууну өнөкөт кылып алган” деп жемеге алган.

Сочидеги оюндарга тоо-лыжа боюнча атлет Дмитрий Трелевский жалгыз катышат. Ак кар, көз муздуу тоолору, көлдөрү жана ыңгайлуу климаты болгонуна карабастан, Кыргызстан мындан мурда деле кышкы мелдештерге оюнчу камдай алган эмес.

Эмне үчүн?

Кыш мезгилинде Кыргызстандын дээрлик ар бир айылына муз аянтчасын суук жана аяз өзү эле жасап берет. Ысык-Көлдүн Түп районундагы Долон кыштагынын тургундары айылдын четинде тоңуп турган көлдүн үстүндө хоккей ойношот.

Орто жаштан өтүп калган Замир деген жергиликтүү кишини бул айылдын бардыгы эң мыкты хоккейчи катары таанышат. Ал аймактагы хоккей командасына кошулуп алып, далай мелдештерге катышып жүргөнүн айтып берди.

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Сочи мелдештерине бир гана оюнчу бара жатканы Кыргызстандагы спорт күйөрмандары арасында кызуу талаш-талкууларга жем таштады.

“Чопон-Ата, Нарын, Чаектеги мелдештерге катышып келдим. Биздин команда бир жолу элүү миң сом байке утуп алды. Дагы бир жолу үчүнчү орунга илиндик”, - дейт ал.

Бирок, эски клюшка көтөргөн, бутуна коньки такпастан көлөч кийген, башына болсо, каска же масканын ордуна тебетейин кондуруп алган бул айылдык кишини профессионалдык спорттун өкүлү деп айтууга болбойт. Чыныгы хоккей оюнчусу болууга, анын өзүнүн айтымында, жабдуулар жетишпейт, абдан кымбат.

“Хоккейчинин экипировкасы бери дегенде 700 доллар болот. Аны дагы биз экинчи колдон, Орусиядан саттырып келебиз. Хоккей ойноо барынын эле колунан келе бербейт”, - дейт Замирбек.

Сочиге спорт бийликтери бир спортчуну алып барышат

Ал ортодо, кышкы оюндарга даярданууга климаттык жактан шарттары дурус, ак карлуу тоолору, көк жылгаяк көлдөрү бар бул өлкөдө алдыдагы Сочи мелдештерине бир гана оюнчу бара жатканы Кыргызстандагы спорт күйөрмандары арасында кызуу талаш-талкууларга жем таштады.

Спорт-баяндамачысы Кабыл Макешов көптөгөн олимпиадаларга, аларды ичинде кышкы оюндарга дагы күбө болгон.

Ал сын-пикирлердин көбү жүйөөлүү деп эсептейт: “Бизде лыжа менен чуркоо, коньки тебүү, шайба менен ойнолуучу хоккей, топ менен ойнолуучу хоккей, биатлон, тоо лыжасын өнүктүрүүгө толук мүмкүнчүлүк бар”.

Фейсбук, Твиттер сыяктуу социалдык тармактарда “Кыргызстан, кур дегенде, советтер союзунан мурастап калган тоо-лыжа базаларын туура колдонгондо кышы келбеген Араб жана Африка өлкөлөрүнөн да артта калмак эмес”, - деп ардангандар бар.

Агенттик кышкы спортту өнүктүрүүгө белсенүүдө

Image caption Айылдык тестиерлер колго жасалган чаналарды жарыштырууда. Көлдүн бетиндеги музда орун бардыгына жетет.

Дене-тарбия жана спорт агенттигинин башчысы Мурат Саралинов кышкы спорттун түрлөрүнө көп жылдардан бери көңүл бурулбай келе жатканынын негизги себебин мамлекеттик казынадан спортко бөлүнүп жаткан каржылоонун жетишсиздигинен көрөт.

“Советтик мезгилде слалом, лыжа менен чуркоо сыяктуу кышкы оюндар жакшы эле өнүгүп келе жаткан. Анан ал ураганда машыктыруучулар кетип калган, мектептер жабылган. Спорттун кышкы түрүнө такыр көңүл бурулган эмес”, - дейт расмий.

Муздагы орун бардыгына жетет

Министр мырза спорт тармагына айтылган сындардын көбү коомчулуктун кышкы спортко кызыкканын көргөздү деп жылмайды.

Өкмөт учурда элди спортко кызыктыруунун акчалай салымдарды көп талап кылбаган багыттарын иликтеп жатат деп кошумчалады Саралинов: “Тоту куштай болуп, бер, бер дей бергенден эч нерсе чыкпайт. Каалайбызбы, каалабайбызбы эл кышкы спортко кызыгып жатат. Андыктан, колубузда бар мүмкүнчүлүктү пайдаланып, 2014-жылдан баштап кышкы спортко көңүл бурабыз. Анын жолдору бар”.

Долон көлүнүн бетиндеги жылгаяк айылдык хоккейчи Замирбек байке үчүн беп-бекер мүмкүнчүлүк. Ал өспүрүм курактагы уулу Амангелдини өзү билгендей машыктырып жаткан чагы.

Ары жакта болсо, айылдык тестиерлер колго жасалган чаналарды жарыштырууда. Көлдүн бетиндеги музда орун бардыгына жетет.