Чек ара жабылып, азык-түлүк кымбаттады

Сүрөттүн автордук укугу askar baymuratov
Image caption Мындан эки апта мурун Баткендеги Ак-Сай айылына жакын жерде тажик-кыргыз чек арачылары ортосунда атышуу болгон. Анда 5 кыргыз, 3 тажик чек арачысы жарадар болгону кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек ара бир тараптуу жабылгандан бери, азык түлүккө болгон баа эки тарапта теӊ өскөнү байкалган. Чек арадагы жаңжалдуу окуядан кийин кыргыз тарап Тажикстан менен байланыштырган чек ара өтмөктөрүн жапкан эле.

Баткендин кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жашагандар кандай кыйынчылык болсо да чыдаарын айтып, чек ара, жол маселелери чечилсе деп олтурушат. Ал эми жергиликтүү бийлик, облуста азык түлүккө болгон баа өскөнү менен эч качан тартыштык болбосун айтууда.

«Менин дүкөнүм бар, мисалы рулетти бул жерден 90 сомдон алып 120 сомдон сатчумун, азыр эми Баткенде дүң баасы 130 сомго өстү,-дейт чек ара тилкесиндеги Достук айлынын тургуну Нурбек Базаров.-Тажикстандан негизиненен азык түлүк чыгат, карошка, пияз, суу май. Жолубуз бир болгон үчун алар өздөрү алып өтүп сатышчу. Кээде өзүбүз барып калабыз алардын базарларына.”

Чек арадагы конуштардын биринин тургуну Мансур Нарматов, тажик тарапта деле баалар асмандап, оорчулуктар бар экенинен кабардар экенин айтууда:

“Курулуш материалдары, цемент кымбаттаганы байкалды дейт тажик таанышым. Анан күйүүчү май кымбаттаптыр. Мунун менен азык түлүкө болгон баалар өсүп кетет да. Тажик тарапка Кытайдан келген жүк дагы Кыргызстан аркылуу өтүп турган экен, эми өтпөй жатыптыр”.

Сүрөттүн автордук укугу b
Image caption Азыркы учурда жергиликтүүлөр күйүүчү майды тажик тарапка өткөрбөө үчүн түнү менен чек арачыларга кошулуп, айылды кайтарууга чыгуу демилгесин көтөрүүдө.

"Азык-түлүк тартыштыгы болбойт"

Чек арада учурда абал туруктуу сакталып турат. “Азык-түлүк коопсуздугу жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө,- деди өкмөтүн Баткен облусундагы өкүлү Жеӊиш Разаков.-Лейлек районунун төмөнкү бир аз ундан кыйынчылыгы бар эле ал маселенида чечтик. Буудай жеткирип бердик, ал жакта биздин ун чыгарчу ишканабыз бар. Азыркы тапта тийиштүү баада жеткирип жатабыз”.

Буга чейин күйүүчү май Достук айылы аркылуу мыйзамсыз, аткезчилик жол менен Тажикстанга өтүп турган деп айтылып келген. Азыркы учурда жергиликтүүлөр күйүүчү майды тажик тарапка өткөрбөө үчүн түнү менен чек арачыларга кошулуп, айылды кайтарууга чыгуу демилгесин көтөрүүдө.

Соңку күндөрү кыргыз чекарачылары аткезчилик кылып чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган бир нече факты туралуу маалымат берди.

Мындан эки апта мурун Баткендеги Ак-Сай айылына жакын жерде тажик-кыргыз чек арачылары ортосунда атышуу болгон. Анда 5 кыргыз, 3 тажик чек арачысы жарадар болгону кабарланган. Бул окуядан кийин кырдаал чыңалып, эки тараптын расмийлеринин бир нече ирет жолугушуулары өткөн.