Дүйшөнбиев: Жок кылынган куралчандар жикчилдер болушу мүмкүн

Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption Окуя катталган жердин Google картасындагы көрүнүшү

Ысык-Көлдө кыргыз-кытай чегинде жок кылынган куралчан топ уйгур улутундагылар экенин Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Раимберди Дүйшөнбиев Би-Би-Сиге маегинде билдирди. Расмий өкүл бул топ Кытайдан келген уйгур жикчилдери болушу мүмкүн деген жоромолду айтты. Айрым булактарда булар белгисиз кылмышкерлер тобу деп аталып жатат.

Би-Би-Си: Кытай-кыргыз чек арасындагы куралчан топ кандай шартта жок кылынды?

Раимберди Дүйшөнбиев: Бүгүн “Пикертык” аймагындагы чек ара көзөмөлдөөчү адам аскердик заставага чалып, бул жакта 10-12дей белгисиз адамдар жүрөт деген маалыматты берген. Анан аскердик тосоттон биздин топ барганда белгисиз адамдардын саны 11 экени аныкталган. Белгисиз топ ошол жердеги аңчылык чарбасынын жетекчисин бычактап өлтүрүшкөн.

Ал жерде атышуулар болуп, белгисиз топтун эки өкүлү өлтүрүлгөн. Топ ал жактагы имараттарга жашынып алышат. Аймакка барган жети чек арачы аларды эч жакка чыгарбай кармап турушкан.

Коңшу Кара-Сай деген заставадан кошумча он чек арачы барышкан. Чек арачылар биригип, калган тогуз белгисиз адамды “чыккыла, куралдарыңарды тапшыргыла” деп айтканы менен куралчандар кайра ок чыгаргандыктандын бардыгы өлтүрүлгөн."

Би-Би-Си: Эмне үчүн бул топ азыркыга чейин “белгисиз” деп аталып жатат. Алар кайдан келгени, кимдер экени, каяктын жараны болгону тууралуу маалымат барбы? Сырткы түспөлү боюнча кимдерге окшош?

Раимберди Дүйшөнбиев: Ал жерге Караколдон оперативдүү-иликтөө тобу барып, иштеп жатышат. Алардын айтымында, булар уйгур улутундагы адамдар. Болжолдоп айтканда, булар Кытайдан келген уйгур сеператистери болот.

Би-Би-Си: Кытай чек арасын катуу кайтарганы менен белгилүү. Булар чек арадан кантип өтүшкөн?

Раимберди Дүйшөнбиев: Булар кирип келген чек ара 4,5-5 миң метр бийиктиктен өтөт. Алар альпинисттик куралдарын колдонуп, ошол жактан өткөн. Булар жолдо өздөрүнүн рюкзактарын таштап келген деген маалыматтар бар. Кытай тарапты бул топ тууралуу кабардар кылып, “силер жактан өттү беле?”,-деп маалымат сурадык. Алар мындай маалыматтар жок экенин, бирок ошол окуя болгон чек арадан 80 чакырым алыстыктагы Кытайдын аймагында Ушу деген айыл бар экен. Кытай чек арачылары ошол айылда уйгур сепаратисттери жашайт деген маалыматты беришти.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Бир кыргыз жараны бычакталган

Би-Би-Си: Кытай азырынча толук тастыктай элек экен. Бул адамдардын максаты кандай болушу мүмкүн? Аларда табылган буюм-тайымдар карап, сиздерде кандай жоромол бар?

Раимберди Дүйшөнбиев: Бирөө-жарымы өлбөсө, ошол маалыматты тактасак болот эле. Бирок бардык он бир уйгур сепаратисттери өлтүрүлгөн. Алардын колунан компастар, ошол жердин схемалары чыккан. Эми булардын максаты эмне болушу мүмкүн? Алар Кытайда куугунтукка алынып, издөөгө алынса, алар, бечаралар качып өтүшү мүмкүн. Анан биздин чек ара заставасына кол салып, алардын курал-жарактарын алып, андан кийин да башка ойлору болушу ыктымал. Ар нерсени күтсө болот.

Би-Би-Си: Он бир адамдын бирөөсүн да тирүү колго түшүргөнгө мүмкүнчүлүк болгон жокпу? Кандай буйрук берилди эле?

Раимберди Дүйшөнбиев: Алар Барыкин деген аңчылык чарбасынын жетекчисин, Кыргызстандын бир жаранын мыкаачылык менен мууздап жатат. Кийин ошол жердеги эски имараттардын бардыгын өрттөп жатат. Жардырып жатат. Мен Чек ара кызматынын убактылуу жетекчиси болуп турам. Мага ошол жердеги чек арачынын аман калышы маанилүү. Эч кандай жабыр тартпашы керек. Бул жактан “эгер алар багынбай каршылык көрсөтсө, алардын баарын жок кылгыла” деген команда түшкөн.

Би-Би-Си: Операция бүткөндөн кийин бул топто кандай куралдар бар экенин аныктай алдыңыздарбы?

Раимберди Дүйшөнбиев: Ошону аныктап жатышат. Алардын колунда биздин Барыгин деген жаранга тиешелүү курал болгон. Мындан башка да курал-жарактары бар. Алар такталып жатат. Ал жерде жардыруулар да болгон. Ал жак бийик тоолуу болгондуктан спутник байланышы менен чыгып жатышат. Байланышуу да татаал болуп, кыска убакытта кабар беришүүдө. Азыр иликтөө тобу иштеп жатат.

Бир чек ара курч, экинчиси тынч деп айтууга болбойт

Би-Би-Си: Кыргызстан менен Кытайдын чеги эң чыры жок делген аймак катары сыпатталчу. Эми ушундай окуя катталып жатат. Алгач бул топ аңчылар же браконьерлер болушу мүмкүн деген жоромолдор да айтылган. Эми Кыргызстан бул окуядан кандай сабак алды? Аймакта кандай чаралар көрүлүп жатат?

Раимберди Дүйшөнбиев: Булар эч кандай браконьер болушу мүмкүн эмес. Алар мындай мууздап, бычактап, анан ошол жердеги эски имараттарды өрттөөгө барбайт, кыйкырыктарды кылбайт. Ошону үчүн бул чек ара тынч, мунусу курч деп атоого болбойт.

Кытай тарапта уйгурлар менен чыр-чатак болуп келет. Кытай ушундай сепаратисттер чыкканда бирин да кармаганга аракет кылбайт. Бардыгын ошол жерде жок кылат.

Булардын ичинде жардыруучу заттар да болушу мүмкүн. Аларды тирүүлөй кармайм деп биздин чек арачыбыз жарылып кетиши мүмкүн.

Азыр ал жерге кошумча күчтөр барды, көзөмөл күчөтүлдү. Бул маалымат эртең менен угулаары менен эле Кытай чегиндеги бардык заставаларга тапшырма берилген.

Бул макалага калтырган ой-пикириңизди модератор карап чыгып, сайтка чыгарат. Бирөөнүн ар-намысына, беделине шек келтирген пикирлер жарыяланбай турганын эскертебиз.

Тема боюнча башка макалалар